Пресс-релиз

БУУнун Туруктуу координатору Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырды

05 октябрь 2022

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Туруктуу координатору Антье Граве айым Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды.

DST_0415

Кыргызстандын Президенти БУУнун Туруктуу координаторун жылуу кабыл алып, дайындалышы менен куттуктады жана анын жетекчилиги астында Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамилелер мындан ары да тереңдейт деген ишенимин билдирди. Президент БУУнун тутумуна өнүктүрүү жаатында өлкөнүн приоритеттүү багыттарын ишке ашырууда жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө,жакында кыргыз-тажик чек арасында орун алган эскалацияда жапа чеккен элге гуманитардык жардам көрсөтүүдө үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

DST_0547

Антье Граве айым чыр-чатактын тутанышы учурунда каза болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтып, БУУнун үй-бүлөсү жабыр тарткан коомчулуктарга тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди, ошону менен бирге коомдун биримдүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. БУУнун Туруктуу Координатору Өкмөттүн жана элдин туруктуу өнүгүүгө, тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө болгон умтулуусун, анын ичинде 2022-жылдын июнь айында өкмөт менен кол коюлган 2023-2027-жылдарга БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун жаңы беш жылдык алкактык документи аркылуу колдоо көрсөтүү боюнча БУУнун милдеттенмесин кайрадан билдирди. Ал ошондой эле БУУнун адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону мындан ары да бекемдөөгө колдоосун ырастады жана өлкөнүн гендердик теңдик боюнча жаңы стратегиясын ишке ашырууну колдоону чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

DST_0443

Антье Граве айым ошондой эле БУУнун тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган өлкөнүн климаттык аракеттеринин амбициялуу максаттарын жана демилгелерин колдоорун билдирди.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар