Биргелешкен стратегиялык координациялык комитеттин отурумунда БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын сүйлөгөн сөзү
Bishkek, 28 March 2024
Урматтуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Акылбек Жапаров мырза, Кыргыз Республикасынын министрлери жана башка мамлекеттин кызматкерлери,
Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунунун агенттиктериндеги кесиптештер, өкүлдөр жана жетекчилер,
БУУ тутуму менен Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосундагы бекем өнөктөштүктүн жана Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) алга жылдырууга болгон жалпы милдеттенмебиздин күбөсү болгон Биргелешкен стратегиялык координациялык комитеттин бул экинчи отурумунда сиздердин алдыңыздарда Кыргызстандагы БУУ тутумунун атынан чыгып сүйлөө мен үчүн сыймык.
Бүгүн биз 2024-жылга карата жалпы стратегиялык артыкчылыктарыбызды бекитүү жана 2023-жылдагы жетишилген прогресске таянуу менен Биргелешкен иш пландарыбызды макулдашуу үчүн чогулдук. Иш пландар принципиалдуу түрдө өткөн жылы бекитилгени менен, алар Өкмөттүн артыкчылыктарын чагылдыруу жана 2023-жылга карата БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Алкактык программасын (Алкактык программа) ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган тажрыйбаны колдонуу үчүн акыркы эки айдын ичинде Өкмөттүн алдыңкы министрликтери жана башка тиешелүү кызыкдар тараптар менен өткөрүлгөн кеңешмелердин жүрүшүндө толукталып иштелип чыккан.
БУУнун өлкөлүк командасындагы менин кесиптештерим жакын арада 2023-жылы жетишилген ийгиликтер жана кызматташуу боюнча Алкактык программанын төрт артыкчылыктуу багыттарынын ар бири боюнча пландаштырылган артыкчылыктар жөнүндө кеңири маалымат беришсе да, биздин кызматташуубузду аныктоочу негизги принциптерди эстетип, 2030-жылга чейин ТӨМгө жетишүүнү тездетүүгө аракет кылып жаткан кызматташуубуздун багыттары жөнүндө ой бөлүшүүгө уруксат этиңиздер.
Белгилүү болгондой, кызматташуу боюнча Алкактык программа Кыргыз Республикасында БУУ Өнүктүрүү системасынын программасын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн негизги стратегиялык документ болуп саналат. Ал өнөктөштүктүн духуна негизделип, Министрлер Кабинетинин төрагасы белгилеген Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук артыкчылыктарына таянат. Ал өлкөнүн улуттук саясаттары жана өнүгүү пландары менен толук шайкеш келет жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин жана "эч кимди артта калтырбоо"принцибин жетекчиликке алуу менен ТӨМгө жана алардын локалдаштырылган милдеттерине жетишүүнү колдойт. Ошол эле учурда ал БУУнун өнүктүрүү системасын реформалоонун борбордук элементи болуп саналат, ал Кыргызстандын өнүгүүсүн колдоодо системанын эбегейсиз тажрыйбасын жана билимин жакшыраак пайдалануу үчүн БУУ системасынын мекемелеринин ортосундагы координацияны жана кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган.
Өткөн жылы биз 160 долбоордун ишке ашырылышынын, каражаттарды мобилизациялоонун (55 миллион АКШ доллары) жана кызматташуу боюнча Алкактык программанын төрт артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу акыркы натыйжалардын аркасында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бул аракеттер ТӨМгө жетишүүдө прогрессти илгерилетүүгө жана Кыргызстандын элинин, анын ичинде калктын аярлуу катмары кабылган негизги көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөттү.
БУУнун Өнүктүрүү системасынын жогоруда аталган реформаларынын духунда БУУнун өлкөлүк командасы биргелешкен программалардын санын (18ге чейин) көбөйтүү менен жана БУУнун ресурстарын же башка глобалдык фонддорду, анын ичинде ТӨМ фондун, Тынчтыкты куруу фондун, Жашыл климаттык фондду же Глобалдык экологиялык фондду пайдалануу үчүн биригип, ошондой эле жардам инновациялык куралдарын, анын ичинде Бириккен каржылоону же ТӨМ облигацияларын аныктоо менен өзүнүн иш ыкмаларын оңдоду.
ТӨМгө жетишүүнүн ийгилиги жалпы мамлекеттик жана коомдук мамиледен көз каранды болгондуктан, жогоруда айтылгандардын эч бири бардык деңгээлдерде, секторлордо жана институттарда бекем өнөктөштүктөрсүз жана бул өнөктөштөрдүн Алкактык программаны ишке ашырууга олуттуу катышуусуз мүмкүн болмок эмес: Өкмөт жана башка мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштүк; жеке секторду, жарандык коомду, аялдарды, укук коргоо жана жаштар топторун, академиялык чөйрөнү жана ЖМКны кошо алганда, көптөгөн башка тиешелүү жергиликтүү кызыкдар тараптар менен өнөктөштүк; жана өнүктүрүү коомчулугу, ЭФИ жана донорлор менен өнөктөштүк.
Айымдар жана мырзалар,
Келечекке көз чаптырсак, 2030 - жылга жети жылга жетпеген убакыт калыптыр, ТӨМдүн максаттарына жетүү боюнча аракеттерибизди тездетүү, ал эми Кыргызстан 30-орунга жетүү боюнча амбицияларын ишке ашыруу зарылчылыгы келип чыгат. Ушул жылдын аягында боло турган "Келечектин саммити" БУУга мүчө мамлекеттерди чогултууга, ТӨМгө жетүүнү тездетүү үчүн чечимдерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Башкы катчы саммит үчүн бардык ТӨМгө мультипликативдик жана тездетүүчү таасир тийгизе турган салымдын алты негизги багытын аныктады, анын ичинде тамак-аш системалары, энергетика, санариптештирүү, билим берүү, жумуш орундары жана социалдык коргоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоолушу жана булганышы, жана ошондой эле адам укуктары жана гендердик теңчилик дагы негизги тема болуп саналат. Бул багыттар биздин кызматташуу боюнча Алкактык программабыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Башкы катчы ошондой эле максаттарга жетүү үчүн бир нече ыкмаларды сунуш кылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: тармактык мамилелерден тышкары саясатты жана ченемдик укуктук базаны чыңдоого басым жасоо; мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын масштабында дараметин жогорулатууга инвестициялар; ТӨМдү каржылоодон колдоо көрсөтүүгө өтүү үчүн каржылоого өнөктөштүктү өнүктүрүү, жеке сектор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, капитал рыногу, кайрымдуулук фонддору жана акча которуулары сыяктуу бардык булактардан инновациялык каржылоо куралдарын тартуу. Бул элементтер ошондой эле чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүүгө, инновацияга жана өнөктөштүккө өбөлгө түзгөн туруктуулук үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн маанилүү болуп эсептелинет.
Алга карай бара жатып, бул сунуштарды Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарына ылайык локалдаштыруу үчүн сиздер жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташабыз. Алдыда боло турган 2025-жылга карата Улуттук ыктыярдуу сереп инклюзивдик жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү үчүн кошумча көз карашты жана мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Сөзүмдүн жыйынтыктап жатып, мен бардык өнөктөштөргө, анын ичинде Өкмөткө, мамлекеттик мекемелерге, жарандык коомго, жеке секторго жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, алардын туруктуу колдоосу жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. БУУ Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө негизги салым кошуп жаткандыктан, биз кызматташуу боюнча Алкактык программанын жана Биргелешкен иш пландардын күтүлгөн натыйжаларына жетишүүгө умтулабыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Чон Рахмат!