Пресс-релиз

БУУнун атайын баяндамачысы Кыргызстандагы талаштуу маалымат каражаттары боюнча мыйзам долбоорунун чакыртып алынышын жана кайра каралышын кубаттайт

06 июнь 2024

6-июнь, 2024-жыл – Бириккен Улуттар Уюмунун ой-пикирин жана сөз эркиндигин илгерилетүү жана коргоо боюнча атайын баяндамачысы Кыргызстандын президентинин “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттен кайра кароо үчүн чакыртып алуу чечимин кубаттады жана  бул долбоор боюнча жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен кызматташуусун.

Президент 2024-жылдын 13-мартында БУУнун атайын баяндамачысы, ЕККУ институттары жана Венеция комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн баалоодон кийин мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу чечимин кабыл алган. Буга чейинки кароолор уруксат берилген медиа контентке бүдөмүк жана кеңири чектөөлөр, онлайн медианы милдеттүү каттоо, аккредитациялоонун катуу эрежелери жана ЖМКнын эркиндигине, сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна терс таасирин тийгизе турган мамлекеттик ашыкча көзөмөлдүн башка формаларына байланыштуу тынчсызданууларды жараткан.

БУУнун атайын баяндамачысы мыйзам долбоорунун аягына чыгуусу анын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келишин камсыздайт деген ишенимин билдирди. ММК эркиндиги боюнча эксперттер жана укук коргоо уюмдары ошондой эле коомдук консультацияларга өкмөт ЕККУ институттары менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясына жаңыланган мыйзам долбоорун карап чыгууну өтүнөт деп үмүттөнүшөт. Бул парламенттин мыйзамдын адам укуктарынын эл аралык стандарттарына жана нормаларына тыкыр шайкеш келген акыркы вариантын кабыл алууну камсыздайт.

***

Чечим тууралуу кененирээк маалымат менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсесисинин  сайтынан таанышууга болот Kyrgyzstan withdraws contentious mass media bill following review by the Special Rapporteur on freedom of opinion and expression, OSCE institutions and the Venice Commission | United Nations in Kyrgyz Republic

Пикир жана сөз эркиндигин илгерилетүү жана коргоо боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын кайрылуусунун оригиналдуу текстине шилтеме OL KGZ (3.2023) (ohchr.org)

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

NHRC
National Human Rights Commission

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар