Пресс-релиз

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү БУУнун Уставынын күчүнө киргендигинин 79 жылдыгын белгиледи

28 октябрь 2024

Айтыш, олимпиадалык спортчулар, жаңдоо тилинде ырлар жана балдар үчүн мастер-класстар: Бишкекте БУУнун күнү белгиленди

2024-жылдын 26-октябрында БУУнун системасы Бишкектеги Улуттук тарых музейинде БУУнун күнүн жана уюмдун Уставынын 79 жылдыгын белгиледи. БУУнун баалуулуктарын жана артыкчылыктарын көрсөткөн жарманке, ошондой эле көркөм спектаклдердин расмий программасы БУУ менен Кыргызстандын тынчтык, теңчилик жана туруктуу өнүгүү баалуулуктарына болгон умтулуусун дагы бир ирет ырастоо үчүн жандуу аянтча катары кызмат кылды. 

Photo: © UN RCO

БУУнун күнүн майрамдоонун расмий бөлүгүн БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве жана Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Х.Э. Асеин Исаев ачышты. Салтанатта Алтынбек Максүтов да сөз сүйлөдү. Иш-чарага БУУнун тутумунун улуттук жана эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Президенттин жана Өкмөттүн Иш башкармалыгынын, Жогорку Кеңештин, жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун, волонтерлордун, илимий чөйрөнүн жана ЖМКнын өкүлдөрү, ошондой эле элчиликтер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, БУУнун кызматкерлери жана кеңири коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Антье Граве БУУнун Уставынын тынчтыкты, кадыр-баркты жана бардыгы үчүн теңдикти колдоо боюнча көз карашын эске салып, БУУ «глобалдык көйгөйлөргө глобалдык чечимдерди табуу үчүн өлкөлөр жана адамдар чогула турган жер» катары түзүлгөнүн баса белгиледи. "БУУ ар бир адам үчүн жеткиликтүү болушу үчүн түзүлгөн, ошондуктан ал бардыгы үчүн маанилүү," - деди ал.

Photo: © UN RCO

Жалпы коомчулук үчүн ачык болгон БУУнун жарманкесинде БУУнун негизги баалуулуктарын жана артыкчылыктуу багыттарын чагылдырган сегиз тематикалык аймак – “Эч кимди артта калтырбоо” жана жаштардын катышуусу, климаттык жана айлана-чөйрө коргоо аракеттери, ден соолук жана азык-түлүк коопсуздугу, гендердик теңчилик, адамдардын укуктары жана тынчтыкты куруу – көрсөтүлдү. Ар бир зонада балдар үчүн интерактивдүү оюндар жана мастер-класстар өткөрүлдүю Мындан тышкары, коноктор кан тапшырып, ВИЧ жана кургак учукка анализ тапшыра алышты.

Өкмөттүн ардактуу мейманы, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Х.Э. Асеин Исаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 2024-жылдын июль айында Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн өнүгүү темпин жана тереңдигин жогору баалап, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө БУУнун туруктуу колдоосун ырастаганын баса белгиледи.

Photo: © UN RCO

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндөн берки ролун «актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн маанилүү аянтча» катары тастыктады.

БУУнун күнүн майрамдоо шайыр музыкалык номерлер менен коштолду: артисттер жаңдоо тилинде өнөрлөрүн, ошондой эле салттуу төкмө акындардын айтышын тартуулашты. Кыргызстандын Олимпиада чемпиондору Айсулуу Тыныбекова жана Эрлан Шеров менен болгон маек жаш кыргызстандыктарды сергек жана тартиптүү жашоого, коомдук турмушка активдүү катышууга шыктандырды. Бардык аткаруулар сурдокотормо менен коштолду.

Photo: © UN RCO

Саат 11:00дөн 17:00гө чейин созулган иш-чара 600дөн ашык адамдын башын бириктирип, кыргызстандыктардын эл аралык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү маселелерине кызыгуусу жогору экенин тастыктады.

Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы негизделген эларалык уюм. Учурда ага 193 мүчө мамлекет кирет. БУУ жана анын иши анын уюштуруу Уставында камтылган максаттарды жана принциптерди жетекчиликке алат. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна 32 жыл мурун кирип, ошондон бери БУУ менен кызматташуу анын эл аралык саясатынын негизи болуп калды.

Photo: © UN RCO

24-октябрда белгиленүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун күнү 1945-жылы БУУнун Уставынын күчүнө кирген жылдыгын белгилейт. Уюм ушул уюштуруу документин ага кол койгон өлкөлөрдүн, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн көпчүлүгү ратификациялагандан кийин түзүлгөн. Жыл сайын белгиленүүчү БУУнун күнү мүчөлөрдүн жалпы күн тартибин кеңейтүүгө жана БУУнун Уставынын максаттарын жана принциптерин ырастоого мүмкүнчүлүк берет.

***

Кошумча суроолор боюнча:

Жибек Абылбекова, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун офисинин коммуникациялар боюнча адиси: zhibek.abylbekova@un.org, +996770979703

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ
Бириккен Улуттар Уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар