Пресс-релиз

Кыргызтандын академиялык коомчулугу 2021-жылдын азык-түлүк системалары боюнча саммитине даярдануунун алкагында конференция өткөрдү

18 июнь 2021

Бишкек, Кыргызстан - 2021-жылдын 18-июнунда "Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук: тышкы таасирлерге жана стресстерге туруктуулукту жогорулатуунун чакырыктары жана келечеги" деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга академиктер, илимпоздор, мамлекеттик органдар жана БУУнун агенттиктери катышты. Иш-чара Кыргыз Улуттук Агрардык Университети тарабынан Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун колдоосу менен уюштурулган.

Toktonaliev фото (81 of 119)

Илимий конференция көз карандысыз улуттук диалогдордун алкагында өткөрүлүп жатат, алар таламдаш тараптардын жардамы менен Кыргыз Республикасына кыйла натыйжалуу, эффективдүү жана адамдарга багытталган азык-түлүк системаларды түзүү сунушу киргизилген - эң алдыңкы технологияларды колдонгон инновациялык азык-түлүк системалары. Жалпы көзкараш 2021 жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.

Toktonaliev фото (95 of 119)

Дүйнөнүн башка жерлериндей эле, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк системары табигый кырсыктар, климаттын өзгөрүшү, биологиялык коркунучтар, жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын оорулары жана зыянкечтери, экономикалык кризис сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат.

Toktonaliev фото (74 of 119)

Илимий-практикалык конференция аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин COVID-19 келип чыккан кризистерди жана кесепеттерин эске алып, Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздуктун глобалдык көйгөйлөрү жөнүндө илимий маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. COVID-19 пандемиясы ден-соолук кризиси менен гана чектелбей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизди.

Бул көзкарандысыз диалог өндүрүш тутумдун дээрлик бардык бөлүктөрү үчүн квалификациялуу илимий кадрларды даярдаган өлкөнүн алдыңкы университеттерин жана илимий-изилдөө институттарын бириктирди. Кызыкдар тараптар ачык талкууну өткөрүп, азык-түлүк тутумун куруу жана иштетүү боюнча илимий жана кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүштү, Кыргыз Республикасында туруктуу азык-түлүк системарын куруу жолдорун, ошондой эле аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маалымат үчүн:

Азык-түлүк системалар боюнча саммити БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн, негизги - ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн азык-түлүк тутумун өзгөртүү жана туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүү үчүн түзүлгөн.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Айчүрөк Жунусова, БУУ ДАТПнын коом менен байланыш адиси 0550 940 416, Aichurek.zhunusova@wfp.org.

Нуршат Абабакиров, Кыргыз Республикасындагы БУУ Агенттиктеринин байланыш боюнча координатор, 0770939399, nurshat.ababakirov1@un.org

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар