Пресс-релиз

БУУнун Туруктуу координатору Жогорку Кеңеш Төрагасына БУУ-Парламент стратегиялык диалогун кайра жандандырууну сунуштады

03 февраль 2022

2022-жылдын 3-февралында БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов менен жолугушуп, ишке ашырылып жаткан өнөктөштүк жана жаңы чакырылыш менен кызматташуунун потенциалдуу багыттарын талкуулады. Жолугушууга БУУнун Кыргыз Республикасындагы БУУ Аялдар тутумунун өкүлү Улзийсурен Жамсран жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү жана Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча парламенттик топтун төрагасы депутат Чыңгыз Айдарбеков да катышты.

DSC_2259

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Талант Мамытов ТӨМгө ылайык улуттук өнүгүү максаттарына жетишүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн БУУга ыраазычылык билдирип, глобалдык 2030 Күн тартибин даярдоого жана кабыл алууга жигердүү катышкан Кыргызстан эл аралык деңгээлде макулдашылган Туруктуу өнүгүү максаттарын жана БУУнун Уставында бекитилген принциптерди аткарууну уланта берет деп ишендирди. ЖК Төрагасы Кыргыз Ресубликасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында бардык ТӨМ камтылганын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип жатканын айтып, аны ишке ашырууда БУУ менен кызматташууну күтөөрүн билдирди.

Төрага партиялык тизмедеги гендердик 30%дык квота мыйзам чегинде сакталып, 18 аял депутат болуп келгендигин билдирди. Төрага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги аялдардын жалпы санын 156 деп белгиледи, анын ичинен 89 эксперт жана 11 Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүм башчылары.

Төрага улуттук гендердик саясатты жана ТӨМдү ишке ашыруунун алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары боюнча кеңешти Балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешке айландыруу жана анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маанилүү экенин айтып, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери жана депутаттары үчүн окуу программаларды жана семинарларды өткөрүү зарылчылыгын белгиледи.

Төрага Жогорку Кеңештин гендердик теңчиликти бекемдөө милдеттенмесин карманаарын айтып, Кыргызстанда гендердик багыттагы улуттук механизмдердин комплекстүү системасы түзүлгөнүн, жана ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына тийиштүү Аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш, жана Депутат айымдардын форуму, ошондой эле Министрлер Кабинетинин алдындагы Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш кирет деп белгиледи.

DSC_2296

БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело Төрага Талант Мамытовду спикерликке кайрадан шайланышы жана депутат Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңешке жана ТӨМ боюнча парламенттик топтун төрагалыгына шайланышы менен куттуктады. Озонниа мырза ошондой эле Төраганы келе жаткан Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап (1992-жылдын 2-марты), Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери терең жана кеңири өнүгүп келе жаткан ийгиликтүү кызматташуунун узак тарыхын белгиледи. БУУнун Туруктуу координатору Төрага менен реформа жараянын, анын ичинде Өнүктүрүү каржысын баалоонун (DFA) жана Интегралдык улуттук каржылоо алкагынын (INFF), ошондой эле өлкөдөгү жарандык коом менен кызматташуу маанилүүлүгүн талкуулады.

БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело 2018-жылы башталган, бирок COVID-19 кризисинин шартында токтотулган стратегиялык БУУ-Парламент диалогун кайра жүргүзүүнү сунуштады. Озонниа мырза БУУнун Өнүктүрүү программасынын координациясы алдында парламенттин потенциалын жогорулатуу жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө БУУ агенттиктеринин даярдыгы жөнүндө маалымат берди. Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин, келишимдерин жана алардын эл аралык укуктук стандарттарга шайкештигин талкуулап жатып, тараптар БУУнун өлкөдөгү мыйзамдарды инвентаризациялоо процессине көрсөткөн колдоосун талкуулашты. БУУнун тутумунун мандатына тиешелүү бардык негизги адам укуктарына жана саясий маселелерге тиешелүү мыйзамдар камтылган 89 мыйзамдын тизмеси БУУ тарабынан аныкталган. БУУ системасы үчүн бул мыйзамдар Кыргыз Республикасындагы демократиянын деңгээлине тийгизген потенциалдуу таасири менен маанилүү. БУУ тарабынан 36 эксперт менен Юстиция министрлиги алдында иштөө боюнча келишим түзүлгөн.

Озонниа мырза БУУнун эң маанилүү милдеттеринин бири балдардын укуктарын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды колдоо экендигин айтып, өзгөчө муктаждыктары бар аялдар, анын ичинде ВИЧ менен жашаган, майыптуулугу бар жана азчылыктардын мүчөсү болгон аялдар менен диалог уюштуруу сунушун айтты. БУУнун Туруктуу координатору Төраганын азыркы Аялдардын укуктары боюнча кеңешин Балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешке айландыруу чечимин кубаттады. Озонниа мырза парламенттин гендердик квота боюнча талаптарды көзөмөлдөөдөгү ролу мамлекеттик кызматта аялдардын саны үчтөн бирине жетүү жана жогорулашы үчүн чечүүчү мааниге ээ деп белгиледи.

Озонниа мырза ошондой эле Кыргызстан 2019-жылы жарансыздыкты расмий түрдө токтоткон биринчи өлкө болгонун баса белгиледи (2024-жылга карата дүйнө жүзү боюнча жарансыздыкты жоюу  #IBelong өнөктүгүнүн алкагында). Тараптар 2019-жылдын күзүндө Женевада Кыргызстандын адам укуктары боюнча алган милдеттенмелерин, анын ичинде жарансыздык статусун аныктоо процедураларын киргизүү жана БУУнун жарансыздык боюнча конвенциясынын протоколуна кошуулууну талкуулашты.

БУУнун Туруктуу координатору жана ЖК Төрагасы ошондой эле «Жакшы азыктандыруу үчүн кыймылдын» көп тараптуу платформасын (SUN MSP) институтташтыруу мүмкүндүгүн талкуулашты. Ал 5 тараптан - өкмөт, академиялык чөйрө, бизнес, жарандык коом, БУУ/донорлордон, турган платформа. Озонниа мырза «Жакшы азыктандыруу үчүн кыймылдын» парламенттик тармагын кайра жандандыруу сунушун айтты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет элдик диаспоралар боюнча кеңеш менен жүргүзүлүп жаткан өнөктөштүк тууралуу сөз болду. БУУ Миграция боюнча глобалдык келишимге (GCM) тиешелүү мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууда аталган кеңешке техникалык колдоо көрсөттү. БУУ аталган кеңеш жана башка кызыкдар тараптар менен 2022-жылдын май айында Миграцияны кароонун эл аралык форумунда (IMRF) Миграция боюнча глобалдык келишимди ишке ашыруу боюнча улуттук ыктыярдуу отчетту иштеп чыгуу үчүн биргелешкен диалогдорду жана консультацияларды өткөрүүнү пландаштырууда.

040222075316_0010.

040222075230_0013.

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар