2022-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутуму 2023-2027-жылдар аралыгында Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Кыргызстан менен кызматташуусунун негиздерин иштеп чыгуу боюнча жарандык коом менен консультация өткөрдү.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун кызматташуу программасы Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун негизги стратегиялык документи болуп саналат. Даярдалып жаткан программа 2017-жылы БУУ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган 2018-2022-жылдар үчүн программаны (ЮНДАФ) улантат.
Өз сөзүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатордун кеңсе жетекчисинин орун басары Нурия Чойбаева белгилегендей, жарандык коом менен талкуу 2023-жылдын башында күчүнө кирчүү БУУнун алкактык программасын иштеп чыгуу процессиндеги маанилүү этап болуп саналат. «Бул программа БУУнун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өлкөнүн деңгээлинде пландаштыруунун жана ишке ашыруунун жана 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибин колдоонун эң маанилүү инструменти болуп саналат. Программаны иштеп чыгуусу 2026-жылга чейинки Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын иштелип чыгуусуна туш келүүдө. Анда өкмөт Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктады». Нурия Чойбаева ошондой эле алкактык программаны түзүү жараяны өзгөргөнүн айтып, жыл сайын карап чыгуу жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү менен программанын ийкемдүүлүгүн белгиледи.
Консультациянын жүрүшүндө жарандык коомдун өкүлдөрү 2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен БУУнун биргелешкен жумушчу тобу тарабынан аныкталган беш жылдык программанын төрт артыкчылыктуу стратегиялык багыттарынын алкагында өз сунуштарын беришти.
Стратегиялык натыйжалар үчүн төрт артыкчылыктуу багыт:
- Бардык тараптардын катышуусу менен натыйжалуу саясат жана тийиштүү каржылоо механизмдери аркылуу сапаттуу социалдык тейлөө кызматтарына, анын ичинде билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, социалдык коргоого жана татыктуу жумушка бирдей жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калктын керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча улуттук аракеттерди колдоо;
- Инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү аркылуу бардык жарандардын өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна көмөк көрсөтүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.
- Жаратылыш ресурстарын сактоо жана адамдын туруктуу өнүгүүсү үчүн экосистемалардын артыкчылыктарын пайдалануу максатында климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкарууга жана айлана-чөйрөнү коргоого инклюзивдик мамилени илгерилетүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.
- Тынчтыкты, биримдикти жана ар бир адамдын укуктарын колдоочу адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдик институттарды жана жарандык коомду илгерилетүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.
Консультациянын катышуучулары БУУ тутуму менен жарандык коомдун келечектеги кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, сунуштарын жана форматтарын талкуулашты.
Консультацияга 75 адам катышты, анын ичинде БУУнун 11 мекемесинин өкүлдөрү жана билим берүү, тынчтык орнотуу, экология жана климаттын өзгөрүшү, айыл чарбаны өнүктүрүү, аялдардын укуктары, мигранттар жана качкындар, майыптар, жаштарды өнүктүрүү, ыктыярчылык, маданият, саламаттыкты сактоо, улуттар аралык мамилелер жана активизм багытында иш жүргүзгөн 50гө чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Калган сүрөттөрдү бул шилтемеден көрө аласыз: https://flic.kr/s/aHBqjzHwWo