Пресс-релиз

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Кыргызстанга келди

13 июнь 2022

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында Кыргызстанга 10-11-июнда келип кетти.

DST_1257

Баш катчынын орун басары Президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтыктын жаңы программасына (2023-27-ж.) кол коюу аземинде сөз сүйлөдү.

Беш жылдык Кызматташтык боюнча алкактык документ өкмөт, жарандык коом, жеке сектор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта жана өнөктөштүктө иштелип чыккан. Документы инклюзивдик жашыл социалдык-экономикалык өсүүнүн, коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугунун, тынчтыктын жана адам укуктары приоритеттерине негизделген трансформациялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга багытталган.

Өз сөзүндө Башкы катчынын орун басары Кыргызстандын өкмөтүн көп тараптуулук боюнча күчтүү үнү, абаны булгоочу каздарды жокко чыгаруу жана инклюзивдик жашыл экономиканы куруу боюнча аракетин жогору баалады, ошону менен бирге калктын туруктуу өнүгүшү үчүн жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, гендердик теңдиктин жана адам укуктарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, азык-түлүк коопсуздугу боюнча уланып жаткан көйгөйлөр азык-түлүк системасын реформалоого мүмкүнчүлүк түзөт.

FVAPOCgWAAcBwC8

11-июнда Мохаммед айым Кыргызстандын тоолуу Нарын облусуна барып, Борбор Азиянын, өзгөчө калк жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү климаттын чек ара дарыяларына суу камсыз кылган бирок климаттын өзгөрүшүнөн улам ээрип жаткан мөңгүлөрдү көрдү. Түштөн кийин ал гендердик зомбулукту жоюу максатында өлкө боюнча 14 миңге жакын аялдар, эркектер, кыздар жана балдар менен түздөн-түз иш алып барган ЕБ-БУУ Биргелешкен «Теңдик нуру» демилгеси программасынын айрым бенефициарлары менен жолугушту. Башкы катчынын орун басары ошондой эле жергиликтүү жаш активисттер менен 2030-жылга карата өлкөдө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жалпы аракеттерди талкуулады.

UN Kyrgyz Republic (363 of 429)

UN Kyrgyz Republic (295 of 429)

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар