Пресс-релиз

БУУнун Кыргызстандагы жаңы Туруктуу координатору Кыргызстандын Тышкы иштер министрине аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

09 август 2022

4N2A0602

 

Бүгүн, 9-августта, БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге аккредитациялоочу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бириккен Улуттар Уюму менен Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде 2022-жылдын июнь айында БУУ менен Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуу алкактык программасынын негизинде мындан ары да тереңдетүү жолдорун талкуулашты. Алар ошондой эле аймактык экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, калктын аялуу топтордун муктаждыктарын өзгөчө эске алуу менен инклюзивдүү экономикалык жана социалдык өнүгүүнү алга жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык аракеттер чөйрөсүндө келечектеги кызматташууну талкуулашты. Граве айым улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары, аялдар жана укук коргоочулар жана башка жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле жеке сектор, академиялык чөйрө жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз жана үзгүлтүксүз катышып, Кыргызстандын ар түрдүүлүгү менен таанышууга жана анын эли менен жолугушууга дилгир экенин билдирди.

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору БУУнун Өлкө командасынын Кыргыз Республикасынын элинин өнүгүүсү үчүн Кыргызстандын улуттук өнүгүү приоритеттерин алдыга жылдырууну колдоого бекем ниетин дагы бир жолу белгиледи.

 

Граве айым БУУда жана башка эл аралык жана эки тараптуу уюмдарда чогулган эл аралык кызматташуу, туруктуу өнүгүү,тынчтык жана коопсуздук боюнча 20 жылдан ашык тажрыйбасын алып келет.

БУУнун Туруктуу координатору болуп дайындалганга чейин Граве айым Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Украинадагы Атайын байкоочу миссиясында үч жарым жыл кызмат өтөгөн. Башында миссиянын ишин жетектеген башкы байкоочунун орун басары катары, адам укуктары, гендер, айлана-чөйрө жана диалогго көмөктөшүү боюнча иш алып барып, ал эми 2022-жылдын апрелинен тарта Миссиянын башчысынын милдетин аткаруучу катары иштеген.

Ага чейин ал Афганистанда, Гаитиде БУУнун Саясий жана тынчтык операцияларында жана Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде (OSESGY) ар кандай жетекчилик жана улук кеңешчи кызматтарда иштеген. Афганистанда БУУнун жардам берүү миссиясынын (UNAMA) Гераттагы Аймактык кеңсесин жетектеген жана Миссиянын Талдоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде ал Башкы катчынын атайын өкүлүнө жана БУУнун Гаитидеги стабилдештирүү миссиясынын башчысына (MINUSTAH) улук атайын жардамчы катары кеңеш бергенден кийин төрт жылга жакын убакыт бою Тынчтыкты куруу боюнча улук офицер болуп иштеген.

Граве айым Германиянын Пакистандагы элчилигинде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча кеңешчи катары жана Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлигинин (BMZ) Бонндогу Афганистан боюнча кызматкери катары да иштеген. Андан тышкары, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) штаб-квартирасында жана анын Афганистандагы өкүлчүлүгүндө кызматтарды аркалаган.

Антье Граве айым Германиянын Триер шаарындагы университетте саясат таануу жана тарых боюнча магистр даражасына ээ. Ошондой эле, ал Франциянын Бордо шаарындагы Саясий институттун саясат таануу боюнча сертификатына ээ жана Польшанын Краков жана Варшава университеттеринде окуган.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар