Пресс-релиз

БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жолугушту

27 октябрь 2022

БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин Төрагасы БУУнун Туруктуу координаторун кызматка дайындалышы менен куттуктап, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстан менен БУУнун өнөктөштүгү мындан ары да тереңдейт деген ишенимин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын өнүгүү багытындагы приоритеттерин, ошондой эле 2023-жылдын январында күчүнө кире турган БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун жаңы беш жылдык алкактык документти ишке ашыруу үчүн биргелешкен даярдыктарды талкуулашты. Бул контекстте алар ошондой эле Кыргызстандын климат багытындагы амбициялуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты жана тоо экосистемаларын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча тыгыз диалогду улантууну макулдашышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана БУУнун Туруктуу координатору ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун жакында ишке кирген планынын алкагында Баткен облусунда жабыркаган 77 миң 700дөн ашуун калктын аялуу катмарынын чукул муктаждыктарын чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди талкуулашты.

Антье Граве айым Министрлер Кабинетинин Төрагасын Кыргызстандын жакында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктап, БУУнун тутуму адам укуктарын  өлкөдө илгерилетүү боюнча өкмөт, жарандык коом жана бардык өнөктөштөр менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар