Пресс-релиз

БУУ Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоо үчүн секторлор аралык ыкманы колдонууга чакырат

24 январь 2023

Бүгүн Эл аралык билим берүү күнү белгиленип жатат. Бул күндү БУУнун Башкы Ассамблеясы тынчтык жана өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн ролун белгилөө максатында жарыялаган. Бул күнү Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн инклюзивдүү жана адилеттүү, сапаттуу билим берүү абдан маанилүүлү экенин баса белгилейт.

ЮНИСЕФтин “Балдар чындап эле билим алып жатышабы?” деп аталган глобалдык отчетуна ылайык, Кыргызстанда 3-класска барган 10 жаштагы балдардын жарымынан көбү китеп окуунун жана эсеп чыгаруунун баштапкы көндүмдөрүнө ээ эмес. Бул сандар 40 бала билим алган класста 28 окуучу өз жаш курагына туура келген китепти окуй албайт дегенди билдирет. Окуудагы мындай кризис өзгөчө аялуу балдарга өзгөчө таасирин тийгизип жатат жана муундардын ортосундагы жакырчылыктын жана теңсиздиктин негизги себептеринин бири болуп саналат. Мындан тышкары, учурда өлкөнүн калкынын 38 пайызын 18 жашка чыга элек балдар түзгөндүктөн, кийинки он жылдын ичинде эмгек рыногуна жыл сайын болжол менен 350 миңден ашуун жаштар чыгып турушмакчы. Ошондуктан алардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жумушка талаптагыдай даярданууга мүмкүндүк бере турган конкреттүү кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө азыртан эле инвестиция салуу өтө маанилүү.

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитте (TES) Кыргызстандын Өкмөтү жарыялаган Улуттук милдеттенмелерин ишке ашырууга жана келечектеги чакырыктарга жооп берген инклюзивдүү жана адаптацияланган билим берүү системасын кайра түзүүгө багытталган реформаларды тездетүүгө туруктуу колдоо көрсөтүү ниетин дагы бир жолу тастыктайт. БУУнун Башкы катчысы чакырган Саммит 2022-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өткөн. Билим берүү адам капиталын өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт жана улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө прогрессти тездетүүгө жардам берет. Бул болсо секторлор аралык мамилени талап кылат, жана быйылкы Эл аралык билим берүү күнүнүн темасына ылайык – “Билим берүүгө артыкчылыктуу көңүл буруу менен, адамдарга инвестиция салуу”,  БУУнун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк командасы мындай ыкманы биргелешип колдоого умтулат.

International Day of Education
Photo: © UN

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар