Пресс-релиз

Биргелешкен стратегиялык координациялык комитет 2023-2024-жылдарга иш пландарын жактырды

24 март 2023

Биргелешкен стратегиялык координациялык комитет 2023-2024-жылдарга иш пландарын жактырды

2022-жылдын 24-мартында 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын жаңы алкактык программасы (Кызматташтык программасы) боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Биргелешкен стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны өттү. Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана БУУнун Туруктуу координатору Антье Гравенин тең төрагалыгында өттү.

641d7882e8acd

Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-2024-жылдарга биргелешкен иш пландары бекитилди.

641d7882f019d

Ачылыш сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун тутумуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ар тараптуу кызматташууну мындан да бекемдөөгө ниетин билдирди. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын шартында адамдардын турмушун жакшыртуу жана өнүгүү үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иш пландарынын актуалдуулугун баса белгиледи.

641d78837ee50

«Биз жаңы беш жылдык Кызматташтык программабыздын алкагында Кыргызстан менен дагы да инклюзивдүү жана ар тараптуу өнөктөштүктүн жаңы дооруна кадам таштоодобуз. Кызматташтык программасы – улуттук өнүгүү приоритеттерине жана 2030-жылга карата Күн тартибине шайкеш келген туруктуу жана адилеттүү өнүгүүгө багытталган биздин негизги куралыбыз. Биргелешкен иш пландар аркылуу биз эң аялуу катмарга биринчи колдоо көрсөтүп, эч кимди артта калтырбай, адамдардын жана планетанын кызыкчылыгында өнүгүүнүн татаал маселелерин чечүүнү көздөйбүз. Өкмөт, парламент, жарандык коом, жеке сектор, жаштар, академиялык чөйрө жана башкалар менен бирге Кыргызстанды өнүктүрүүнүн амбициялуу максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөтүү менен бирге, биз 2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүнүн актуалдуулугун баса белгилейбиз», - деди БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве. 

Антье Граве кызматташтык программасы БУУнун Кыргызстан менен төрт приоритеттүү багыт боюнча кызматташуусунун негизин түзөрүн баса белгиледи:

  1. Сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү;
  2. Жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү;
  3. Климаттык аракеттер жана кырсык тобокелдиктерин алдын алуу; жана
  4. Башкаруу, адам укуктары жана гендердик теңдик, коомдук биримдик жана тынчтык.

2023-жылдын январь жана февраль айларында биргелешкен иш пландары тиешелүү мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун, эмгек уюмдарынын, жеке сектордун жана башка өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен улуттук консультацияларда талкууланган.

Кыргызстандын Өкмөтү менен БУУнун Биргелешкен стратегиялык башкаруу комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү боюнча Кызматташтык алкактык программасынын жогорку башкаруучу органы болуп саналат.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар