Пресс-релиз

БУУ Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү БУУнун Туруктуу Өнүгүү боюнча Кызматташтык боюнча алкактык приоритеттери менен тааныштырды

17 апрель 2023

Бүгүн БУУнун Туруктуу координатору жана Кыргызстандагы БУУнун өлкөлүк командасы дипломатиялык корпуска жана өнүгүү багытында өнөктөштөргө 2023-2027-жылдарды камтыган БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун жаңы алкактык программасынын (UNSDCF) негизги артыкчылыктары менен тааныштырышты.

4N2A1493

Ачылыш сөзүндө БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве БУУнун тутуму Кыргызстан менен кызматташуунун жана өнөктөштүктүн жаңы дооруна киргендигин баса белгилеп, Кыргыз Республикасында ТӨМгө жетишүү жолунда прогрессти тездетүү үчүн, БУУнун Өнүктүрүү Реформасынын духунда, БУУнун түзүмдөрүнүн жана мандаттарынын ортосундагы активдештирилген кызматташууга басым жасады. Жаңы Кызматташуу боюнча алакактык программаны* ишке ашырууда БУУнун системасы бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде Өкмөт, жарандык коом, жеке сектор, аялдар жана жаштар, ошондой эле Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташат.

4N2A1539

4N2A1572

* Кызматташуу боюнча алкактык программа инклюзивдик, кеңири жана үзгүлтүксүз кеңеш алмашуу аркылуу биздин жамааттык ишибизге багыт берген төрт артыкчылыктуу тармакты аныктады:

  1. Сапаттуу социалдык кызматтар (билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана татыктуу жумуш)
  2. Инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү
  3. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, кырсык тобокелдиктерин башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо
  4. Тынчтыкка жана социалдык биримдикке көмөктөшүүчү жоопкерчиликтүү жана инклюзивдик институттар жана жарандык коом.

Untitled



Бардык сүрөттөр https://flic.kr/s/aHBqjAA7dy 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
ЭАЭУ
Эл аралык эмгек уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
ЭАСБ
Эл аралык соода борбору
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар