БУУнун Туруктуу координатору тынчсыздануусун билдирди: Сунушталып жаткан мыйзамдар Кыргызстандын адам укуктары жаатында жетишкендиктерге коркунуч туудуруп, Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда тоскоолдук жаратышы мүмкүн
БУУнун Туруктуу координатору Антье Гравенин сөзү
“Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам чыгаруу демилгелеринин коркунучтары” тегерек стол
Урматтуу иш-чаранын уюштуруучулары,
Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаты,
Урматтуу жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрү,
Урматтуу элчиликтерден жана эл аралык коомчулуктан, эл аралык уюмдардан келген коноктор, элчи Рогов мырза жана улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдар.
Бүгүн Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) системасынын, анын ичинде Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын (АУЖКБ) колдоосунда бул маанилүү жана өз убагында өткөрүлүп жаткан тегерек столго учурда каралып жаткан айрым мыйзам чыгаруу демилгелерин талкуулоо үчүн ушул санда келгениңиздер мени абдан кубандырат.
Кыргызстандагы БУУ системасынын атынан бул мыйзам долбоору боюнча 2022-жылдын ноябрынан тарта бул менин бешинчи кайрылуум. Ошондо ноябрда мен жамааттык техникалык пикирлерибизди жана рекоммендацияларыбызды сунуштаганмын. Ошондуктан, бүгүнкү сөзүмдү так турумубузду билдирүү менен баштап коюууга уруксат бериңиздер: Кыргыз Республикасындагы БУУ массалык маалымат каражаттары жөнүндө жана "Чет элдик өкүлдөр" жөнүндө мыйзам долбоорлорунда камтылган көптөгөн жоболор менен олуттуу тынчсызданып турат.
Биздин олуттуу тынчсыздануубуз эки мыйзам долбоору тең өлкө кол койгон жана мен буга чейинки тегерек столдордо кеңири айтып берген адам укуктары чөйрөсүндөгү ар кандай эл аралык конвенциялар боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине шайкеш келбей тургандыгы менен гана байланышкан эмес. Өкүнүчтүүсү, бул жагдай Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары региондун башка өлкөлөрүнө жана бүткүл дүйнөгө үлгү боло ала турган мезгилинде орун алып жатат. Биз ошондой эле бул мыйзам долбоорлору, эгер алар кабыл алынып, күчүнө кирсе, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө же башкача айтканда, Конституцияда, ошондой эле улуттук өнүгүү боюнча саясий жана стратегиялык документтерде бекитилген Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук артыкчылыктарына доо кетирүү тобокелдигине байланыштуу олуттуу тынчсыздануудабыз. Ошону менен бирге, бул мыйзамдар кабыл алынса, 7 миллион кыргызстандыктын жакшы жашоого жана жакшы келечекке болгон умтулуусун жана үмүтүн алдап, жаман таасирин тийгизет.
Бул маселе боюнча кененирээк токтолуп кетейин:
БУУнун Башкы катчысы 2020-жылдын февраль айында "Адам укуктары боюнча иш-аракеттерге чакырыгында "аялдар менен эркектер саясий, экономикалык жана социалдык жашоодо маанилүү ролду ойногондо, алардын жашоосуна таасир этүүчү саясатты, иштеп чыгууга көмөктөшкөндө, жана анын ичинде маалыматка ээ болуу, диалогго катышуу, пикир келишпестиктерди билдирүү жана өз көз караштарын билдирүү үчүн биригүү аркылуу коом күчтүү жана туруктуу болот" деп ачык билдирүүсүн айткан.
БУУнун Башкы катчысы сөз эркиндигине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, биригүү эркиндигине, тынч чогулуу эркиндигине жана коомдук иштерге катышуу укугуна эки себеп менен басым жасады: биринчиден, бул укуктар жана эркиндиктер демократиялык коомдун негизин түзөт. Бул эркиндиктерди жүзөгө ашыруу менен көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер жана блогерлер, ошондой эле жалпы эле жарандык коом фактыларды текшерүүгө жана жайылтууга, идеяларды талкуулоо үчүн жана үнү угулбагандар үчүн, ошондой эле коомдун кыйла аялуу мүчөлөрүнүн укуктары камсыз кылынышы үчүн мейкиндик түзүүгө мүмкүндүк алышат.
Экинчиден, биринчи пункт менен бекем байланышта, ошондой эле алар Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүнүн негизин түзөт. Ал эми ТӨМгө жетүү бардык тиешелүү кызыкдар тараптардын өз милдеттерин жана иштерин аткаруу жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан.
Бардык өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстанда да ТӨМ өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарынын негизин түзөт, жана коомдун муктаждыктарына жооп берүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз кеңешүүлөрдү гана талап кылбастан, көп жагынан калкка негизги кызматтарды көрсөтүүдө Өкмөттүн өнөктөш-аткаруучулары жана анын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү катары жарандык коомдун ролунан ТӨМдүн аткарылышы көз каранды.
Бул үчүн жарандык мейкиндик, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана адам укуктарын коргоо үчүн коомдук турмушка эркин катышууга мүмкүндүк берген мейкиндик керек.
Жарандык коомдун натыйжалуу иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнө коюлган чектөөлөр өлкөнүн ичинде өнүктүрүү боюнча маанилүү программаларды ишке ашырууга жана Өкмөттүн өнүктүрүү үчүн улуттук фонддорду жана эл аралык каржылоону натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Мүмкүнчүлүктөрдү чектөөгө, жарандык коом уюмдарын же бейөкмөт уюмдарды стигматизациялоого жана маргиналдаштырууга багытталган мыйзамдык демилгелер, жарандык уюмдардын аялуу катмарга көпүрө салуучу катары ролун бузат.
ЖМКга жана биригүү эркиндигине байланыштуу мыйзам долбоорлору, эгерде алар азыркы түрүндө кабыл алынса, жарандык мейкиндикти сөзсүз түрдө ченемден тышкары жана басмырлоо менен чектейт, ошону менен жарандык коом уюмдарынын иш-аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүп терс таасирин тийгизет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы бул эки мыйзам долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун кээ бир себептерине токтоло кетейин:
Биринчиден, "чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө" сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда биригүү эркиндигине болгон укукту чектейт, бул коммерциялык эмес уюмдардын Кыргыз Республикасында өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруусу үчүн практикалык тоскоолдуктарга алып келиши мүмкүн.
Мыйзам долбоорунда сунушталган жаңы отчеттуулук талаптары бардык бейөкмөт уюмдар үчүн, айрыкча чакан жана айыл жергесинде иштеген бейөкмөт уюмдар үчүн оор болот. Калктын эң корголбогон катмары жана өлкөнүн эң алыскы аймактары менен иштөө түйшүгү негизинен аларга жүктөлгөн.
Мындан тышкары, сунушталган өзгөртүүлөр "саясий ишмердүүлүккө катышкан коммерциялык эмес уюмдарды" так аныктай албайт, ошол эле учурда "жарандык милдет" деген терминдин так юридикалык аныктамасын бере албайт. Бүдөмүк туюнтмалар жарандык мейкиндик үчүн ачык коркунуч туудурат жана кызмат көрсөтүүчү уюмдарды же адвокаттык уюмдарды өзүм билемдик жана потенциалдуу адилетсиз мамилеге дуушар кылат.
Экинчиден, учурда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ), ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү (RFoM) жана Венеция комиссиясы тарабынан каралып жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча айтсам, баарыңыздардын эсиңиздерге сала кетейин, сөз эркиндигине болгон укук жана ага тийиштүү маалыматка жетүү укугу маалыматты, идеяларды, концепцияларды жана ишенимдерди издөө, алуу жана таратуу укугун камтыйт жана бул укук чек ара жана маданият менен чектелбейт. Бул укук жагымдуу маалымат менен бөлүшүүнү гана эмес, сындап, шок кылып же таарынта турган маалыматты да камтый тургандыгын баса белгилегим келет.
БУУнун Адам укуктары боюнча механизмдери "эркин, плюралисттик, цензурасыз жана тоскоолдуксуз иштеген басма сөз же башка маалымат каражаттары бардык адам укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн" ар бир коомдо зарыл деп бир нече жолу баса белгилеген.
Айымдар жана мырзалар,
Негизги эркиндиктерди жөнгө салуучу ички мыйзамдар адам укуктары жаатында колдонулуучу эл аралык принциптерди жана стандарттарды, анын ичинде мыйзам чыгаруунун жүрүшүндө жарандык коом жана башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу жана инклюзивдүү консультацияларды өткөрүү талабын сактоого багытталууга жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасы көп жылдардан бери тынч чогулуштар, биригүү эркиндиги, атаандаштык шайлоолор, сөз эркиндиги гүлдөгөн демократиялуу өлкө катары эл аралык таанылганы менен сыймыктанып келет. Жарандык коом уюмдарынын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине таасир этүүчү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракеттери бул абройго жана акыркы 30 жылдан ашык убакытта жетишилген жетишкендиктерге доо кетирип, 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясында жана мамлекеттик саясаттын башка маанилүү инструменттеринде, анын ичинде "Кыргыз Жараны" концепциясында камтылган улуттук өнүгүүнүн ар тараптуу максаттарынан алагды кылуу мүмкүндүгү менен БУУ кооптонууда.
Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөргө жана Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларга жарандык коомдун жана эркин ЖМКнын кошкон маанилүү салымын эске алуу менен, талкууланып жаткан мыйзамдын кабыл алынышы өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык жана укуктук процесстерге олуттуу терс таасирин тийгизет жана Кыргыз Республикасы менен донордук кызматташуу программаларын, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык кызмат көрсөтүү жана экономикалык өнүктүрүү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле бейөкмөт уюмдар өнөктөш-аткаруучулар катары, анын ичинде БУУ системасы үчүн да катышкан башка чөйрөлөрдө ишке ашырууну олуттуу татаалдаштырышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу бүгүн мен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын жана парламентин бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин угууга жана эске алууга, ошондой эле бул мыйзам долбоорлорун депутаттар өздөрү талкуулаганга чейин ачык парламенттик коомдук угууларды өткөрүүгө чакырам.
Бул контекстте, Кыргызстандын Өкмөтүнө регионалдык жана эл аралык укук коргоо механизмдери менен, анын ичинде ЕККУ ДИАУБ дан жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынан укуктук корутундуларды алуу максатында жасаган кызматташтыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Мен депутаттарды бул пикирлерди эске алууга - "чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча-алардын сапатын максималдуу жогорулатуу жана алардын адам укуктарынын эл аралык укуктарына шайкештигин жогорулатуу максатында ушул эки конкреттүү мыйзам долбоорун карап чыгууга киришүүдөн мурун ушундай укуктук корутундуну күтүүгө чакырам.
БУУнун Кыргызстандагы тутуму ушул жана башка аспектилерди бардык кызыкдар тараптар менен талкуулоого даяр.
Рахмат!