Урматтуу Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору!
Урматтуу Роза Айтматова жана Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү!
Кесиптештер жана достор
Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү бүтүндөй муундарды шыктандырган жана ушул убакытка чейин шыктандырып жаткан Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын даңазалоо үчүн бүгүн сиздер менен бирге болуу мен үчүн чоң сыймык.
Сүйүү менен достукту, согуш менен тынчтыкты, жакырчылыкты жана социалдык адилетсиздикти, адамдардын жаратылыш менен болгон мамилесин көп изилдеген анын чыгармаларынын темалары эскирбес. Бирок, алар дүйнө жүзүндө теңсиздик күчөп, адам укуктары кысымга алынып, идеологиялык бөлүнүүчүлүк тереңдеп, планетабыз жана жаратылышыбыз адамдын эксплуатациясынан же кайдыгерликтен олуттуу жапа чегип жаткан бүгүнкү күндө дагы да маанилүү деп айтууга болот.
Өлкөлөр Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүнү тездетүүгө белсенип жатканда жана өз сунуштарын ушул жылдын аягында БУУнун Башкы катчысы “ТӨМдү сактап калуу” үчүн чакырган ТӨМ Саммитине даярдап жаткан кезде, биз кайрадан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан илхом табууга убакыт келди. Мисалы:
- «Жамийладагы» тандоо эркиндигин жана дискриминацияга жол бербөө идеясын туу тутуу;
- «Ак кемеде» баяндалган жаратылышты коргоо жана бардык тирүү жандыктарга урмат жана сүйүү менен мамиле кылуу чакырыгын аткаруу;
- билимге жана (гендердик теңдикке) "Биринчи мугалимге" болгон ышкысын бөлүшүү; жана, эң негизгиси,
- «Тавро Кассандранын» лейтмотиви болгон иш-аракеттерибиз жана алардын келечек муундарга тийгизген таасири үчүн баарыбыз, ар бирибиз жооптуу экенибизди билүү жана күн сайын таануу.
Келгиле, чындап эле анын бай эмгегинен шыктаналы. Алар ТӨМ менен шайкеш. ТӨМдүн өзөгүндө адамзат турат жана алар "азыр жана келечекте адамдар жана планета үчүн" дүйнөнү өзгөртүүнү максат кылат.