Пресс-релиз

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр кабыл алынгандыгына байланыштуу БУУнун Туруктуу координаторунун билдирүүcү

15 март 2024

БУУнун мурунку комментарийлерине таянып, БУУнун Туруктуу координатору 2024-жылдын 14-мартында коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө Мыйзамга жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө негизсиз чектөөлөргө алып келиши мүмкүн болгон, анын ичинде туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) карай прогресске тоскоол болушу мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Жарандык коом уюмдары мамлекет жана башка өнөктөштөр менен катар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө, калктын аярлуу жана маргиналдуу катмарларына негизги кызматтарды көрсөтүүдө, кризис мезгилинде муктаж болгондорго жардам көрсөтүүдө, адам укуктарын коргоодо жана тынчтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт.

Мыйзамдын кабыл алынышы жарандык коомдун жакырчылык менен күрөшүүгө, теңсиздикти кыскартууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган өнүктүрүү демилгелерине натыйжалуу катышуусу үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ал ошондой эле ЖКУ жана жарандык активисттерди стигматизациялоого, адам укуктарын чектөөгө, коомчулуктун катышуусуна жана инклюзивдүү диалогго тоскоол болушу мүмкүн.

Туруктуу өнүгүүнү, адам укуктарын жана демократиялык башкарууну камсыз кылууда активдүү жарандык коомдун маанилүү ролун баса белгилөө менен БУУнун Туруктуу координатору БУУнун атайын баяндамачыларынын жана башка улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде жарандык коомдун сунуштарын эске алуу менен мыйзамды кылдат жана инклюзивдүү карап чыгууну сунуштайт. БУУ бул сунуштарды бийлик жана башка тиешелүү өнөктөштөр менен мындан ары талкуулоого даяр.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар