БУУнун Туруктуу координатору Антье Гравенин Кыргызстандын Парламентинде сөзү: Кыргызстандын жаштарын Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча маалымдоо
31 май 2024
Бишкек шаары
Урматтуу Айдарбеков Чыңгыз мырза,
Урматтуу парламент мүчөлөрү,
Урматтуу жаштардын өкүлдөрү жана катышуучулар,
Бүгүн сиздердин алдыңыздарда Кыргызстандагы БУУ системасынын жана БУУнун 27 агенттигинин, фонддорунун жана программаларынын атынан Кыргызстандын жаштарынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган ТӨМ боюнча парламенттин жумушчу тобунун демилгесин баштоо аземинде чыгып сүйлөө мен үчүн сыймык.
Бул демилгенин негизги өзгөчөлүгү жаштарга бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессинде добуш берүү укугун берүү болуп саналат, бул аларга өлкөнүн туруктуу өнүгүү саясатын түзүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет. ТӨМ боюнча диалог жана окутуу платформасын түзүү мактоого татырлык кадам болуп саналат жана мен Кыргызстандын Парламентине бул аракеттери үчүн ыраазычылык билдиргим келет.
Кыргызстандын өнүгүү жолуна салып жаткан ушундай демилгени баштоо үчүн Жогорку Кеңештен башка кайсы жакшы жер болушу мүмкүн? Мен үчүн бул залда болуу ар дайым сыймык. Бүгүнкү күндө бул жерде көптөгөн жаштардын өкүлдөрүн көрүү өзгөчө сыймык.
Көбүнчө жаштар туруктуу өнүгүү максаттарынын "жандыруучулары" деп аталат. Анткени, жаштар бүткүл дүйнөдө жана Кыргызстанда максаттарды алдыга жылдырууда негизги күч болуп саналат.
Муну ТӨМ көрсөткүчтөрүнүн болжол менен үчтөн бири жаштарга байланыштуу экендиги далилдеп турат. Жаштар максаттарды ишке ашырууга кызыкдар, анткени алар олуттуу пайда ала алышат жана ошол эле учурда аларды ишке ашырууда негизги өнөктөш болушат.
Бирок, жаштарга жана келечек муундарга тиешелүү чечим кабыл алуу процессинде сиздер көп учурда аз катышасыздар. Бул платформа катышуунун бул тартыштыгын жоюуга багытталган жана Кыргыз Республикасы жаштарды чечим кабыл алуу процессине кантип тартуу керектиги жөнүндө глобалдык деңгээлдеги дискуссияда шыктандыруучу ачык мисал боло алат.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтө турган келечектин саммитинин алдындагы глобалдык деңгээлде талкууларды стимулдаштыруу максатында жарыяланган "жаштардын саясатты калыптандыруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине олуттуу катышуусу" аттуу БУУнун Башкы катчысы тарабынан жакында өткөрүлгөн концептуалдык билдирүүсүндө жаштардын туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук, адам укуктары жана гендердик теңчилик максаттарына жетүүдөгү маанилүү ролу баса белгиленген.
Докладда жаштар катышпаса, башкача айтканда, дүйнө жүзү боюнча 1,8 миллиард жаштар катышпаса, ТӨМгө жетүү мүмкүн эмес деп айтылат.
Жаштар 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон жаңы чечимдерди табууда негизги ролду ойношот. Планетанын келечектеги сактоочулары катары, эгер коом коопсузураак, теңсизирээк болуп калса жана үчтүк планетардык кризис басылбаса, сиздер эң көп жоготууга учурайсыздар.
Акыркы жылдары жаштар социалдык мобилизациянын аркасында коомдук өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп, климатты коргоо чараларын, бардыгы үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү жана кадыр-баркты жакташты. Жаштар бизнестеги, технологиядагы жана илимдеги, анын ичинде Кыргызстандагы инновациялык өзгөрүүлөрдүн демилгечиси болуп жаткандыгынын сан жеткис мисалдары бар. Жаштар адам укуктарын илгерилетүү, коргоо, гендердик теңчилик жана чечимдерди кабыл алуу үчүн инклюзивдик мейкиндикти камсыз кылуу боюнча аракеттердин алдыңкы сабында болушту. Жаштарды саясий турмушка активдүү киргизүүнү жактап, алар маанилүү чечимдерди өркүндөтүүчү жана негиздеген ар кандай көз караштарды камсыздашат.
Урматтуу катышуучулар, ушундан улам, БУУга мүчө мамлекеттер 2024-жылдагы саммиттин саясий декларациясы болгон "келечек жөнүндө Пактка" жаштар жана келечек муундар жөнүндө бөлүмдү киргизүүнү чечишкени таң калыштуу эмес. Бул бөлүмдү кантип түзүү керектиги боюнча глобалдык талкуулар жүрүп жатат.
Калктын 35% дан ашыгын 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы адамдар түзөт, Кыргызстан келечек муундар жергиликтүү жана глобалдык деңгээлде чечим кабыл алуу процессинде адекваттуу түрдө катышуусу үчүн бул дискуссияларга өз салымын кошууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейм.
Кыргызстандын Өкмөтүнүн 2030-жылга чейинки жаштар концепциясында жаштардын жарандык, саясий жана экономикалык чөйрөлөргө кеңири катышуусунун алкактык программасы каралган. Сиздер сыяктуу жаштар өз жамааттарында алдыңкы ролду ойноп, жаштар конгресси, жаштар Парламенти жана ыктыярчы уюмдар сыяктуу платформаларды жетектеп жатышат. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү жаштардын ролун түшүнүүгө багытталган Парламенттин демилгеси жаштарды Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууга дагы шыктандырышы мүмкүн.
Кыргызстандын ТӨМгө болгон бекем берилгендигини менен Кыргызстандагы жаштардын зор потенциалынын айкалышы өлкөнү өзгөрүүлөрдүн чемпиону болуу үчүн аймактык жана глобалдык деңгээлде идеалдуу лидер кылат.
Кыргызстандагы БУУ системасы 2023–2024-жылдарга карата БУУнун өнүктүрүү максатындагы кызматташуу боюнча Алкактык программасын ишке ашыруу менен бул жолдо сиздерди колдоого даяр. Мен БУУнун жаштардын консультативдик кеңешин түзүү боюнча жеке демилгесин белгилеп кетким келет, ал бизге Алкактык программаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңеш берет. Албетте, биз сиздерди бүгүн жана ушул жылдын ичинде ТӨМ менен байланышкан көптөгөн иш-чараларга катышып жатканда кунт коюп угабыз.
Жыйынтыктап айтканда, биз Кыргызстанда ТӨМдү илгерилетүү үчүн Парламент, Өкмөт жана башка мамлекеттик мекемелер жана жаштар менен кызматташууга үмүт артабыз.
Чон рахмат!
Кайрылууну жасаган
Антье Граве
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору