Пресс-релиз

Кыргызстандын жаштары БУУнун эксперттери жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты менен Туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулашты

20 июнь 2024

Бишкек, Кыргызстан – Бүгүн борбор калаанын жогорку окуу жайларынын 30дан ашык студенттери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) кеңселеринде болушту. Алар бул уюмдардын мандаттары менен таанышып, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча билимдерин тереңдетишти.

Июнь айында студенттер БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, ал эми бүгүн ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско жана ДАТПнын Кыргызстандагы кызматкерлери менен жолугушту. Диалогго КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чыңгыз Айдарбеков да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын мааниси жана аларды практикалык ишке ашыруу жолдору талкууланып, бул теманы жаштар арасында тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Чыңгыз Айдарбеков төмөндөгүдөй белгиледи: «Мындай жолугушуулар жаштарга глобалдык маселелерди жакшыраак түшүнүүгө гана жардам бербестен, ошондой эле критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын келечегин аныктаган маанилүү процесстерге активдүү катышууга өбөлгө түзөт.»

Доктор Ливиу Ведраско, «Жаштар теңдеменин бир гана бөлүгү гана эмес, алардын өздөрү теңдеме» - деп белгиледи.

Жолугушуу достук жана шыктандыруу маанайда өттү.

***

Кошумча маалымат: Бул жолугушуу Кыргызстандын жаштарынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ТӨМ боюнча Жумушчу тобунун демилгесинин алкагында уюштурулду. Бул демилгенин негизги өзгөчөлүгү жаштарга өлкөнүн туруктуу өнүгүү саясатын калыптандырууга салым кошууга мүмкүндүк берүүчү бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда добуш берүү болуп саналат.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар