Пресс-релиз

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын жаштарын Туруктуу өнүктүрүү максаттары жөнүндө маалымдоо боюнча талкуу өттү

20 декабрь 2024

ТЕЗ АРАДА ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун “Туруктуу келечек: Кыргызстан жаштарын ТӨМ боюнча маалымдоо” багытындагы жыйыны өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана улуттук өнөктөштөр, эксперттер, уюштуруучулар жана жаштардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Чингиз Айдарбеков демилгенин максаты жаштар арасында туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аны улуттук контекстте колдонуу болуп саналарын белгиледи. 

“Жогорку Кеңештеги бүгүнкү аянтча атайын жаштар үчүн уюштурулду. Азыр «Агартуу: Кыргызстан жаштарын Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча маалымдоо» аталышындагы жаңы долбоорго 54 адам катышып, алардын катары улам барган сайын көбөйүп баратат. Бул жаштардын биринчи гана тобу экенин, долбоор узак мөөнөттүү ишке ашырыла турганын айткым келет”-, деди Чингиз Айдарбеков. 

Депутат Нилуфар Алимжанова ТӨМ жана анын күнүмдүк жашоодо колдонулушу, мааниси боюнча айтып берди. “Бул азыркы жана келечегибизге тиешелүү болгон маселе. Кыргызстан жаштардын өлкөсү, бул биздин баалуу ресурсубуз. Бүгүн дүйнө мурункудан да тез өнүгүп жаткандыктан, дал ушундай жаштар өз аракеттерин бириктирип, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келүүдө. Жаштар ТӨМдү ишке ашырууда, демилге көтөрүп, ишкерлик, экология сыяктуу түрдүү багыттар боюнча долбоорлор аркылуу көмөк көрсөтө алышат”,- деди ал. 

Ал эми депутат Аида Исатбек кызы ТӨМдө белгиленген глобалдык маселелерди ишке ашырууда жаштардын ролу жана салымы өзгөчө экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал жаңы муун демилгелерди сунуштап, өзгөрүүлөрдү колдоп, инновацияларды киргизүү менен коомду өнүгүү багытына буруп, лидерлик жөндөмдүүлүктү көрсөтө аларын кошумчалады.  

БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору Антье Граве, жаштардын катышуусундагы бул-иш чараны жогору баалап, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууда жаштар маанилүү роль ойнорун билдирди.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өкүлү, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары жана жаштардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. 

Эске салсак, аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча жумушчу тобу «Инновация» коомдук бирикмеси жана DiplomacyPRO уюму менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар