Пресс-релиз

Биргелешкен стратегиялык координациялык комитет 2025-жылга карата иш пландарын бекитти

11 июнь 2025

2025-жылдын 11-июнунда 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун тутуму 2023–2027-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Алкактык программасынын алкагында Биргелешкен стратегиялык координациялык комитеттин жыйынын өткөрүштү. Жыйын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мырза менен БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын теңтөрагалыгы астында өттү.

Жыйындын негизги максаты 2024-жылы жетишилген прогресске сереп салуу жана 2025-жылга биргелешкен артыкчылыктарды бекитүү болду, алар 2025-жылга жакында кабыл алынган биргелешкен иш пландарында чагылдырылган.

Өзүнүн сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Урматтуу Адылбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун Кыргыз Республикасы менен көп жылдык жана жемиштүү кызматташтыгына ыраазычылык билдирди. Ал “2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын бардык максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эл аралык өнүгүү өнөктөштөрүнүн колдоосу абдан маанилүү” деп белгиледи.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым: «Бүгүн 2025-жылга карата Биргелешкен иш пландарын бекитүү менен биз Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүүгө жана эч кимди артта калтырбоого багытталган жалпы милдеттенмебизди улуттук артыкчылыктарга толук шайкеш түрдө ырастап жатабыз», – деп белгиледи.

БУУнун Туруктуу координаторунун жетекчилиги астында БУУнун 27 агенттигинен, фонддорунан жана программаларынан турган БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк командасы 2023–2027-жылдарга кызматташуу боюнча Алкактык программа аркылуу өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын илгерилетүүдө жана туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда прогрессти тездетүүдө Өкмөттү колдойт. Кыргызстандын улуттук өнүгүү стратегияларына шайкеш келтирилген Кызматташуу боюнча алкактык программа төрт стратегиялык артыкчылыктуу багытка басым жасаган Биргелешкен иш пландарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат: (1) сапаттуу социалдык кызматтар жана татыктуу жумуш; (2) инклюзивдүү жана «жашыл» социалдык-экономикалык өнүгүү; (3) климаттык аракеттер, өзгөчө кырдаалдар тобокелдиктерин башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо; жана (4) тынчтык, биримдик жана адам укуктары үчүн адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдүү институттар менен жарандык коом.

2025-жылга иш пландарынын долбоорлору ушул жылдын февраль айында негизги мамлекеттик мекемелердин, жарандык коомдун, эмгек уюмдарынын, жеке сектордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңири улуттук кеңешмелердин жүрүшүндө талкууланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Биргелешкен стратегиялык жетекчилик комитети Кызматташуу боюнча алкактык программанын жогорку жетекчилик органы болуп саналат жана Өкмөт менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкка стратегиялык жетекчилик жана көзөмөл жүргүзүүнү камсыздайт.

ЖМК үчүн байланыш маалыматтары:

Василина Бражко +996775987817 

Василина Бражко

БУУ БКБ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар