Пресс-релиз

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Кыргызстан менен 2023-27-жылдарга карата кызматташтык негиздерин даярдоо: Жарандык коом менен кеңешүү

28 март 2022

2022-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутуму 2023-2027-жылдар аралыгында Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Кыргызстан менен кызматташуусунун негиздерин иштеп чыгуу боюнча жарандык коом менен консультация өткөрдү.

Consultations with Civil Society 28 March 2022

Туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун кызматташуу программасы Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун негизги стратегиялык документи болуп саналат. Даярдалып жаткан программа 2017-жылы БУУ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган 2018-2022-жылдар үчүн программаны (ЮНДАФ) улантат.  

Consultations with Civil Society 28 March 2022

Өз сөзүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатордун кеңсе жетекчисинин орун басары Нурия Чойбаева белгилегендей, жарандык коом менен талкуу 2023-жылдын башында күчүнө кирчүү БУУнун алкактык программасын иштеп чыгуу процессиндеги маанилүү этап болуп саналат. «Бул программа БУУнун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өлкөнүн деңгээлинде пландаштыруунун жана ишке ашыруунун жана 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибин колдоонун эң маанилүү инструменти болуп саналат. Программаны иштеп чыгуусу 2026-жылга чейинки Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын иштелип чыгуусуна туш келүүдө. Анда өкмөт Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктады». Нурия Чойбаева ошондой эле алкактык программаны түзүү жараяны өзгөргөнүн айтып, жыл сайын карап чыгуу жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү менен программанын ийкемдүүлүгүн белгиледи.

Консультациянын жүрүшүндө жарандык коомдун өкүлдөрү 2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен БУУнун биргелешкен жумушчу тобу тарабынан аныкталган беш жылдык программанын төрт артыкчылыктуу стратегиялык багыттарынын алкагында өз сунуштарын беришти.

Стратегиялык натыйжалар үчүн төрт артыкчылыктуу багыт:

  1. Бардык тараптардын катышуусу менен натыйжалуу саясат жана тийиштүү каржылоо механизмдери аркылуу сапаттуу социалдык тейлөө кызматтарына, анын ичинде билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, социалдык коргоого жана татыктуу жумушка бирдей жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калктын керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча улуттук аракеттерди колдоо;
  2. Инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү аркылуу бардык жарандардын өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна көмөк көрсөтүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.
  3. Жаратылыш ресурстарын сактоо жана адамдын туруктуу өнүгүүсү үчүн экосистемалардын артыкчылыктарын пайдалануу максатында климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктардын тобокелдигин башкарууга жана айлана-чөйрөнү коргоого инклюзивдик мамилени илгерилетүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.
  4. Тынчтыкты, биримдикти жана ар бир адамдын укуктарын колдоочу адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдик институттарды жана жарандык коомду илгерилетүү боюнча улуттук аракеттерди колдоо.

Консультациянын катышуучулары БУУ тутуму менен жарандык коомдун келечектеги кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, сунуштарын жана форматтарын талкуулашты.

Консультацияга 75 адам катышты, анын ичинде БУУнун 11 мекемесинин өкүлдөрү жана билим берүү, тынчтык орнотуу, экология жана климаттын өзгөрүшү, айыл чарбаны өнүктүрүү, аялдардын укуктары, мигранттар жана качкындар, майыптар, жаштарды өнүктүрүү, ыктыярчылык, маданият, саламаттыкты сактоо, улуттар аралык мамилелер жана активизм багытында иш жүргүзгөн 50гө чакты коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Consultations with Civil Society 28 March 2022

Калган сүрөттөрдү бул шилтемеден көрө аласыз: https://flic.kr/s/aHBqjzHwWo 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ Айлана-чөйрө
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар