Адам укуктары күнү - БУУнун Координатор-резидентинин жана ПРООН Туруктуу өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучу, айым Луиз Чемберлендин сөзү
Адам укуктары күнү- 2019 арналган салтанаттуу иш-чара
10-декабрь, 2019-жыл, 14:45
«Орион» отели, Бишкек шаары
Улуу даражалуу,
Айымдар жана мырзалар,
Ушул күнү, 71 жыл мурда, Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган жана бул окуя адамзаттын тарыхында маанилүү учур, адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин негиз салуучу биринчи глобалдуу чагылдырылышы болуп калды. Расасынан, этностук тийиштүүлүгүнөн, дининен, социалдык келип чыгуусунан, жынысынан, жыныстык багытынан, саясий же башка көз карашынан, ишке жөндөмдүүлүгүнөн, кирешесинин деңгээлинен же башка кандай болбосун түрүнөн көз карандысыз, ага бардык адамдар ээ болушат.
Качан Генералдык Ассамблея Декларацияны кабыл алганда, ал «бардык элдер жана бардык улуттар үчүн жетишкендиктердин жалпы стандарты» катары жарыяланган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун атынан мен сиздерди Адамдын укуктарынын эл аралык күнүн майрамдоо боюнча куттуктагым келет.
Айымдар жана мырзалар,
Бул жылы биз жаштардын ролун өзгөчө жогору баалайбыз.
Ушуга байланыштуу белгилеп кетүүчү нерсе, Адам укуктарынын күнүн майрамдоонун алкагында БУУ Генералдык катчысы Антониу Гутерриш баса белгилегендей, 2019-жылы биз Балдардын укуктары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз, биз адамдын укуктарын жүзөгө ашыруу ишинде жаштардын салымынын маанилүү экендигин баалашыбыз керек. Мындан тышкары, биз бардык адамдар үчүн тынчтык, адилеттүүлүк жана бирдей мүмкүндүктөр камсыз боло турган келечекте жашоого укук үчүн дүйнөлүк жүрүшкө жаштардын катышуусун жогору баалайбыз. Бүгүнкү күндө биз адам укуктарын сактоо үчүн чыгып жаткан жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана аларды коргоого бардыгыңыздарды чакырабыз.
Биринчиден, адам укуктары туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Максаттардын негизинде жаткандыктан, БУУ 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартибине киргизилген борбордук, кайра түзүүчү болуп саналган Кыргыз Республикасынын эч кимди артта калтырбай тургандыгы боюнча милдеттенмелерин БУУ жогору баалайт. 2018-2040-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу саламаттык сактоого бирдей жеткиликтүүлүккө укукту, билим берүүгө, таза жана толук баалуу тамак-ашка, татыктуу ишке укукту, маданий жана илимий ишке катышууга жана жарандык интеграцияга укукту кошо алганда, өнүктүрүү жаатындагы улуттук максаттарга жетишүү ишинде прогрести камсыз кылуу үчүн чечүүчү мааниге ээ болот.
Экинчиден, Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жана төмөнкү үч чечүүчү документтердин өлкө тарабынан ратификацияланышын биз жогору баалайбыз:
-
2019-2021-жылдарга адам укуктары жаатында иш-аракеттердин улуттук планы;
-
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитеттин сунуштарын ишке ашыруу боюнча аракеттердин улуттук планы;
-
Расалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Эл аралык конвенцияда камтылган 24 сунушту аткаруу боюнча аракеттердин улуттук планы.
Бул документтердин кабыл алынышы менен аракеттердин практикалык көп жылдык планын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууга мамлекеттик каражаттардын туруктуу бөлүнүшүн камсыз кылуу керек.
Үчүнчүдөн, биз балдардын жана жаштардын укуктары жаатында прогрессти белгилеп жатабыз. Кыргызстан өлкөнүн аймагында төрөлгөндөрдү каттоого алууну жана балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүүнү кошо алганда, жарандык абалдын актыларын каттоо системасын кыйла жакшыртты.
Ошондой эле, балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдык жана институционалдык механизмдер өркүндөтүлгөн. Мындан тышкары, 2019-жылы Кыргызстандын парламенти өлкөнүн бардык балдарына, башталгыч класстардын окуучуларына мектепте таза жана толук баалуу тамак-ашка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн Жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларга тамак-аш уюштуруу тууралуу Мыйзамды бекитти.
Төртүнчүдөн, бүгүнкү күн гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттеринин жыл сайын өтүүчү 16 күнүнүн алкагында акыркы күн болуп саналат, биз гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу жана профилактиканы жакшыртуу, акыркы жылдарда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктан коргоо жана аны жөнгө салуу боюнча улуттук күч-аракеттерге жогорку баа беребиз.
Ошого карабастан, үй-бүлөдөгү зомбулук жана эрте никеге туруу сыяктуу зыяндуу практикаларды кошо алганда, гендердик негиздеги зомбулуктар мурдагыдай эле кеңири тараган; мындай кылмыштарды жасагандагы үчүн жаза тартпастык сактылып калууда; жыныстык жана гендердик зомбулуктун курмандыктары болгон жана алардан кутулган аялдардын жана кыздардын укуктары далее болсо көптөгөн учурларда сот процесстеринин жүрүшүндө бузулууда.
Бешинчиден, биз сот адилеттүүлүгүнүө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу боюнча улуттук күч-аракеттерди белгилеп кетебиз. Өкмөт укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө жана кылмыш сот адилеттигинин өтө гумандуу, жеткиликтүү, ийкемдүү жана отчетту системасын түзүүгө багытталган реформалардын программаларын ишке ашырууга киришти.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн кошумча инвестициялар талап кылынат, алар укуктун үстөмдүгү жана адилеттүү соттук териштирүү, сот адилеттик секторунун улуттук контексти менен байланышкан эл аралык стандарттардын андан аркы адаптациясы боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Укуктун мыйзам жаатындагы басмырлоого эмес жана кылмыш сот адилеттик системасы тарабынан кайсы болбосун этностук топко же азчылыктын башка тобуна адилетсиз мамиле кылууга жол бербөөнү камсыз кылуучу практикага багыттоонун маанилүү экендигин баса көрсөтүү зарыл.
Алтынчыдан, биз жергиликтүү кеңештерде 30 пайыздык квотаны киргизүүдөн улам жергиликтүү деңгээлдеги саясатка аялдардын катышуусун кеңейтүү чөйрөсүндө жетишилген прогрессти колдойбуз. Аялдардын арасында саясий лидерлик идеясын алдыга жылдыруу боюнча мурда кабыл алынган чараларга карабастан, аялдардын жалпы төмөн көрсөтүлүшү мурдагыдай эле тынчсызданууну жаратат, ал эми акыркы жылдары бул көрсөткүч мындан дагы төмөндөгөн. Ошондой эле биз, этностук азчылыктар мурдагыдай эле саясатта жана мамлекеттик кызматта жетишсиз санда көрсөтүлгөн.
Жетинчиден, биз адам укуктары жаатындагы маселелер боюнча өкмөт менен өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүүнү жогору баалайбыз. Бул тууралуу дене тарбия жана психикалык ден соолуктун жетишилүүчү деңгээлине ар бир адамдын укуктары маселеси боюнча Атайын баяндамачыны; кыйноолордун алдын алуу боюнча подкомитеттердин өкүлдөрүн; зомбулуктуу жана ыктыярдуу эмес жоголуулар боюнча Жумушчу топту жана азыркы учурда өлкөдө жүргөн, азчылыктардын укуктары боюнча Атайын баяндамачыны кошо алганда, өлкөгө БУУнун атайын жол-жоболорунун мандатарийлеринин ийгиликтүү расмий иш сапарлары күбөлөндүрүп турат.
Жетишилген прогресс жогору баалуулукка ээ болгону менен башка чечүүчү жааттарда дагы мындан да жогору прогресске жетишүү зарыл:
-
Негизги укук коргоо механизмдеринин сунуштарына ылайык антидискриминациялык жалпыга бирдей мыйзамдарды кабыл алуу.
-
Башкага карата чыдамсыздыкты ачык билдирүү, жек көрүүчүлүк айтуулар жана зомбулукка болгон чакырыктар көп учурда бийлик тараптан көңүл буруусуз калууда. Кыргызстандын бардык жарандары, аялдарды жана аялуу топторду кошо алганда, өзүнүн кооптонууларын коркуусуз билдире алган, коомдук чөйрөдө эркин катыша ала турган жана билдирүүнүн эркиндигине өзүнүн укуктарын колдоно ала турган, Кыргыз Республикасында ушундай чөйрө түзүлүүсү маанилүү.
-
Кыргызстанда белгилүү бир диний азчылыктардын жана ЛГТБ коомчулуктарынын өкүлдөрүн кошо алганда, айрым аялуу топтордун жана азчылыктар тобунун алардын куугунтукка жана кодулоого туш болуп жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү уланып жатат. Басмырлоону болтурбоо жөнүндө жалпыга бирдей мыйзамдар жана анын активдүү аткарылышы бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн алдыга карай олуттуу кадам болуп саналат.
-
Париждик принциптерге ылайык, Акыйкатчы (Омбудсмендин) институтун андан ары бекемдөө.
-
Улуттук превентивдик механизмдин, ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишинин көбүрөөк көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн каржылоону көбөйтүү талап кылынат. Мындан тышкары, өлкөнүн колдонулуп жаткан милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарга ылайык, кыйноолор катары квалификацияланган мыйзам бузууларды жасап жаткан адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн чечкиндүү аракеттер керек.
Биз коомчулукка жана укук коргоочуларга Кыргызстандагы бардык адамдардын жашоосун жакшыртуу боюнча алардын маанилүү иштери жана күч-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирүүнүн ушул мүмкүнчүлүгүн колдонуп турабыз. Дени сак жана эркин жарандык коом таза демократиянын бекем ташы болуп саналат – укук коргоочулар адамдын укуктарын коргоону жакшыртуу жана бекемдөө үчүн биздин бардыгыбыз менен конструктивдүү өз ара аракеттенишет. Ошондой эле алар биз жетишерлик көңүл бурбаган жааттарды чагылдырууда маанилүү роль ойношот. Биз сиздерге ушул баа жеткис салымыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.
Айымдар жана мырзалар,
Сөзүмдүн аягында мага БУУнун Генералдык катчысын эмес, дүйнөнүн Нобель сыйлыгынын лауреаты, ирандын укук коргоочусу Ширин Эбадинин сөзүн кайталоого уруксат бериңиздер. Ал адам укуктарын ар бир диндин жана ар бир цивилизациянын компоненти катары, ошондой эле бардык адамдардын жана бардык улуттардын жалпы умтулуусу катары мүнөздөгөн: «Адам укугу – ал ар кандай цивилизациялардын өзөгү. Мен зомбулукту, терроризмди же адилетсиздикти чыдаган же аны актаган бир дагы цивилизацияны билбейм» деген.
Аягында мага Сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргызстандын алдында турган өтө татаал көйгөйлөргө бурууга уруксат бериңиздер. Жаңы он жылдыкка киришүү менен кызыкдар болгон тараптар өкмөттүн күч-аракеттерин колдоону улантууга жана эч ким артта калбашы үчүн – коомдун бардык мүчөлөрүнүн укуктарын жана бирдей катышуусун коргоо боюнча жарандык коом менен өнөктүктө иштөөгө тийиш.
Адам укуктарынүн эл аралык күнүндө БУУ системасынын атынан бул ойлор менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиздерге ыракмат.
Коомчулуктун маалымдалуусун андан ары жогорулатууга жана Кыргызстандын бардык жарандары жана элдери тарабынан адам укуктарынын толук ишке ашуусун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик потенциалды өнүктүрүүгө БУУ системасы Кыргыз Республикасын колдойт.