Пресс-релиз

БУУ кызыкдар тараптар менен ЮНДАФтын баалоо отчетун талкуулады

12 октябрь 2021

2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутуму тарабынан уюшулган ЮНДАФты баалоо жыйынтыгы боюнча жолугушуу болуп өттү. Ага өкмөт, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун максаты 2018-2022-жылдар аралыгында БУУнун Кыргыз Республикасындагы ЮНДАФ программасын ишке ашыруунун баалоонун алгачкы жыйынтыктары менен тааныштыруу болду.

Өзүнүн сөзүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело баалоонун тактыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн консультанттар тарабынан даярдалганын жана жыйынтыкталгандан кийин коомчулукка жеткиликтүү болорун билдирди. Ал белгилегендей, отчетто БУУнун Кыргызстандагы жетекчилиги үчүн алынган сабактар ​​камтылган, анткени өнүгүү маселелери татаалдашып, кыйынчылыктар көбөйүп, БУУдан жаңы жоопторду талап кылууда. Ал кошумчалагандай, отчет БУУнун эффективдүүлүгү, иштөө тартиптери жана анын өнөктөштөрү менен биргелешкен аракеттери боюнча кызыкдар тараптардын көз карашын билүүгө жардам берди.

20211012_102033 (1)

БУУнун Туруктуу координатору БУУнун өнүктүрүү системасынын реформасынын контекстинде БУУнун жоопкерчилиги Өкмөткө гана эмес, мамлекеттик эмес уюмдарга, жарандык коомго, коомдук уюмдарга, жеке секторго, профсоюздук кыймылдарга да жогорулаганын баса белгиледи. "Сиздер туш болгон кыйынчылыктарды жана канчалык деңгээлде жакшы иштеп жатканыбызды жакшыраак билүү үчүн биз сиздердин көз карашыңыздарды көбүрөөк угушубуз керек жана сиздердин программаларыбыздын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу сиздердин ээлик сезимиңиздерди арттыруу бизге маанилүү. Бул программа жөн эле БУУ системасына таандык эмес; ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана элине таандык. Биз сиздердин улуттук өнүгүү максаттарыңыздарды ишке ашырууга жардам берүүчү куралбыз".

Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев өз сөзүндө БУУ тарабынан пандемия учурунда көрсөтүлгөн маанилүү жардамы, ошондой эле жакында жактырылган 2026-жылга чейинки Улуттук орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасына олуттуу сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди. Министрдин орун басары өнүктүрүү жаатында кыйынчылыктардын көбөйүп жаткан учурунда натыйжага басым жасоого, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө, жана БУУнун жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруу менен координацияны күчөтүүгө чакырды. 

20211012_102256 (1)

Экономика жана каржы министрлигинин кызматкери Айсулуу Аманова өз сөзүндө министрликтин ЮНДАФ жана БУУ агенттиктеринин өлкөлүк программалары боюнча координациялоочу ролун белгилеп, 2020-жылы Өкмөт ТӨМдүн жүрүшүнө ыктыярдуу улуттук баяндама даярдалганын белгиледи. Баяндамада көбүрөөк жардамды талап кылган багыттар аныкталганын билдирди жана кызыкдар тараптардын, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жеке сектордун жана жарандык коомдун жардамынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал министрликтин кызыкдар тараптар менен тыгыз байланышта болуу, ТӨМ көрсөткүчтөрүн жергиликтүү башкаруу деңгээлинде киргизүү жана ТӨМ трекеринин чөлкөмдүк платформаларга кошулуу пландары менен бөлүштү.

Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү бейөкмөт уюмдардын потенциалын, анын ичинде ТӨМдүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдө мындан ары да күчөтүүнүн маанилүүлүгүн айтышты; көптөгөн аялдар иштеген чакан жана орто бизнеске терс таасирин тийгизген COVID-19 контекстиндеги аялдардын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды; жана көмүскө экономиканы, айрыкча текстиль секторун формализациялоо зарылдыгын баса белгиледи.

20211012_102155 (1)

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар