Дүйнөнү жакшыртууга жардам берген 170 күнүмдүк иштер
Биздин планетабыз кереметтүү! Бирок жакырчылыктан баштап, климаттын өзгөрүүсүнө чейин, адамзаттын башына түшкөн жамандык жөнүндөгү маалымат агымында, биз ага кандай милдеттүү экенибизди унутуп коюу оңой. Эгерде бул процесстерди жеңбесе, алдын албаса, жокко чыгарбаса, жагдай курчуйт. Ушундай болбоосу үчүн Бириккен Улуттар Уюму бар.
Биздин максатыбыз – Жер жүзүндөгү ар бир жашоочу ийгиликтүү жана бакубат өмүр сүрүүсү үчүн жаркын келечекке жетүү. Биз бактылуу келечекке үмүттү уурдаган бардык нерселерге бөгөт коюп, адамдардагы, жалпы дүйнөдөгү жана биздин жашоо образыбыздагы жакшы нерселерди сактап калгыбыз келет. Ушул үчүн 2015-жылы өлкөлөрдүн лидерлери, туруктуу өнүгүү жаатындагы 17 максаттан турган 2030-жылга чейинки Күн тартибин кабыл алышты.
Алар маанилүү, анткени өзгөрүүлөр үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Биздин бүгүнкү кылган иштерибизден, балдардын эртеңки күнкү жашоосу көз каранды. Бул дүйнөдө ар бири адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуусу керек. Максаттар ар бирине жардам берүүгө шарт түзөт: алар ар тараптуу жана эч кимди четте калтырбайт. Бардык максаттар бири-бири менен байланыштуу экендигин түшүнүү керек. Жакырчылык көйгөйүн ачарчылыктан ажыратып чечүү мүмкүн эмес же аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карабастан билим берүү маселелерин чечүүгө болбойт. Ушуну түшүнгөндө гана биз болуп жаткан муктаждыктарга жакындай алабыз да, натыйжасында бардык 17 максатка жете алабыз. Планета көптөн бери бизге кам көрүп келе жатат, эми биздин ага кам көрүүбүзгө убакыт келди. Анын үстүнө, бул ушунчалык жөнөкөй.
Биз сизге планетабыздын гүлдөп-өсүшүнө жардам берүүчү күнүмдүк иш-чаралардын топтомун сунуштайбыз.