01
Баяндама
The more you learn, the more you earn: education and poverty alleviation in Thailand
A UNESCO's project is linking academic achievement to cash rewards, providing tangible benefits to marginalized families, and helping kids to stay in school.
Read more
1 / 1
01
The more you learn, the more you earn: education and poverty alleviation in Thailand
Latest
Пресс-релиз
20 июнь 2021
Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) качкындарды Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортко тартууну колдойт
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
18 июнь 2021
Кыргызтандын академиялык коомчулугу 2021-жылдын азык-түлүк системалары боюнча саммитине даярдануунун алкагында конференция өткөрдү
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
17 июнь 2021
Бишкекте Азык-түлүк тутумдары боюнча экинчи улуттук диалог өтүүдө
Көбүрөөк билүү
Latest
Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары
With 19 United Nation Entities represented in Thailand, our work encompasses all of the SDGs. As an upper middle-income by the United Nations. The United Nations Country Team supports activities with particular focus on the following goals: SDG1.3 on expanding the reach of social protection; SDG 3.4 tackling non-communicable diseases; SDG 4.1 education for all, with a focus on migrant children; SDG 5.5 advocacy for greater participation of women in political decision making; SDG 8.3 support to small to medium-sized enterprises and youth innovation; 10.2 inclusion of marginalized groups, particularly the LGBTI community; SDG 10.7 migration governance; SDG 13.2 climate change strategies at national and local level; SDG 16.1 supporting social cohesion to end violence in southern Thailand; SDG 16.9 advocacy and support to end statelessness; SDG 17.7 partnerships with private sector for sustainable development; and, SDG 17.9 the sharing of Thailand’s experience and best practices through South-South exchanges.
Кайрылуу
17 март 2021
Башкы катчы Антониу Гутерриш: 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү – кечиктирилгис жалпы милдет
Дүйнө климат өзгөрүүсү жөнүндө тарыхый Париж келишиминин кабыл алынышынын 5 жылдыгын белгилеп жатканда, көмүртек нейтралдуулугу үчүн көптү убада кылган кыймыл түзүлүүдө. Кийинки айда үлүшүнө зыяндуу парник газдарынын жалпы чыгындыларынын 65%дан көбү жана дүйнө экономикасынын 70%дан көбү туура келген өлкөлөр үстүбүздөгү жүз жылдыктын ортосуна чейин чыгындылардын нолдук балансын камсыз кылуу боюнча милдеттерди алышат.
Ошол эле учурда негизги климаттык көрсөткүчтөрдүн начарлоосу байкалууда. COVID-19 пандемиясына байланыштуу чыгындылардын көлөмү убактылуу азайганына карабастан, көмүр кычкыл газынын деңгээли рекорддук жогорку деңгээлде турат жана жогорулоону улантууда. Акыркы он жылдык адамзат тарыхында эң жылуу мезгил болду; октябрь айында арктика музунун аянты рекорддук белгиге чейин азайды, ал эми катастрофалык өрттөр, суу каптоолор, кургакчылыктар жана бороондор барган сайын ченемдүү көрүнүш катары катталууда. Биологиялык көп түрдүүлүк азаюуда, чөлдөр кеңейүүлө, океандар ысып, пластмасса таштандыларга муунууда. Эгер биз азыркы күндөн баштап жана 2030-эылга чейин жыл сайын күйүүчү май түрүн казып алууну 6%га азайтууга кам көрбөсөк, абал андан дагы начарлайт. Мунун ордуна божомолдор мындай казып алуунун жыл сайын 2%га өсүп жатканын көрсөтүп турат. Пандемиядан кийин калыбына келүү бизге күтүлбөгөн, бирок климаттын өзгөрүүсүнө каршы туруунун, бизди курчаган жалпы чөйрөгө тиешелүү көйгөйлөрдү жөнгө салуунун, экономиканы кайрадан түзүүнүн жана келечегибиз жөнүндө кайрадан ой жүгүртүүнүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биз төмөнкү чараларды көрүүбүз зарыл. Биринчиден, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугу үчүн чыныгы жалпы коалицияны түзүү зарыл. Европа бирлиги бул максатка жетүүдө колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бириккен Падышалык, Япония, Корея Республикасы жана 110дон ашык өлкө дагы колдоо көрсөттү. Ушундай эле колдоону Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы дагы көрсөттү. Кытай 2060-жылга чейин колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ар бир өлкө, шаар, финансылык уюм жана компания чыгындыларды нолдук баланска чыгаруу боюнча пландарды кабыл алуусу керек жана максатка жетүүгө алып барган туура жолго түшүү үчүн азыркы учурдан баштап иштей баштоосу зарыл. Бул 2010-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 2030-жылы жалпы чыгындылар 45 %га азаярын билдирет. Глазгодо кийинки жылдын ноябрь айында өткөрүлө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча конференциясынын алдында, Париж келишими ар бир беш жылда барган сайын чечкиндүү максат коюуну милдеттендирген өкмөттөр «улуттук деңгээлде аныкталган салым» катары билинген, күчөтүлгөн милдеттерди түзүүгө тийиш жана бул милдеттер көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө чыныгы аракет кылууну көрсөтүүсү зарыл. Технологиялар биз тарапта. Көпчүлүк заманбап көмүр электростанцияларын эксплуатациялоо, калыбына келтирилген энергия булактарын колдонгон электростанцияларын жаңыдан курууга караганда кымбат турат. Экономикалык талдоо бул жолдун тууралыгын тастыктайт. Эл аралык эмгек уюмунун баалоосу боюнча, жумуш орундарын аргасыздан жоготууга карабастан, экологиялык жактан таза энергетикага өтүү жыйынтыгында 2030-жылга чейин 18 млн жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок энергетикага өтүү адилеттүү негизде аткарылуусу үчүн, декарбонизациянын социалдык чыгымдарын таануубуз жана жумушчуларга социалдык коргоо, адистик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу формасында колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Экинчиден, эл аралык финансы системасын Париж келишими жана мыкты келечекти түзүү үчүн жалпы планды түзүүдөн турган туруктуу өнүктүрүү тармагындагы максаттарга ылайыкташтыруу зарыл. Көмүртек чыгындыларынын баасын белгилөө; күйүүчү майдын казып алынган түрлөрүнө негизделген энергетиканы субсидиялоону жана каржылоону токтотууга; кирешеге эмес, көмүртек чыгындысына салык салууга жана салык төгүү милдетин салык төлөөчүлөрдөн алып, табиятты булгоочуларга жүктөөгө; климаттын өзгөрүшүнө байланышкан финансылык тобокелдер тууралуу маалыматтарды ачык кылууга; экономикалык жана бардык салыктык-бюджеттик маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессинде көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү кароого убакыт келди. Банктар кредит берүү саясаттарын чыгындылардын нолдук балансына жетүүдөн турган жалпы максатка ылайык келтирүүсү зарыл, ал эми активдердин ээлери жана активдердин башкаруучулары декарбонизация кызыкчылыгы үчүн портфелдерин кайрадан карап чыгуулары зарыл. Үчүнчүдөн, биз климаттын өзгөрүшүнүн оор кесепеттерине дуушар болгон адамдарга жардам берүү үчүн, адаптацияны жана жашоого болгон туруктуулукту камсыз кылуу үчүн инновациялык чечимдерди табышыбыз керек. Азыркы күндө бул багытта жасалган аракеттер жетишсиз болууда: адаптацияга климаттын кызыкчылыгы үчүн ишмердикти каржылоонун жалпы көлөмүнүн 20% гана бөлүнөт. Бул биздин кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча аракеттерибизге тоскоолдук жаратат. Бул дагы көрөгөчсүздүк; адаптация боюнча чараларга берилген ар бир АКШ доллары артыкчылыктар катары дээрлик 4 АКШ долларын алып келиши мүмкүн. Адаптация жана жашоого болгон туруктуулукту камсыз кылуу чакан аралдардагы өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн эң маанилүү белгиге ээ. Себеби климаттын өзгөрүүсү алардын жашоосу үчүн коркунуч келтирет. Кийинки жылы БУУнун негизги конференцияларынын жана био көп түрдүүлүккө, океандарга, транспортко, энергетикага, шаарларга жана азык-түлүк системасына тиешелүү башка аракеттердин алкагында планеталык масштабдагы өзгөчө абалдарды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү үчүн бизге бир катар мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Бизге жаратылыштын өзү эң мыкты өнөк болуп саналат: табигый чечимдер Париж келишиминин максаттарын жетүү үчүн зарыл болгон, парник газдарынын чыгындыларын үчтөн бирге азайтууну камсыз кыла алмак.
Жергиликтүү элдердин билими бизге туура багытты көрсөтүшү мүмкүн. Адамзат курчап турган чөйрөнү сактоонун жана “жашыл” экономиканы түзүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгып жатканда, чечимдерди кабыл алуу процессине көп санда аялдар дагы катышуусу зарыл. COVID-19 пандемиясы жана климаттын өзгөрүүсү жашообуздун нугун башка жакка бурду. Биз теңсиздик жана аярлуулук мүнөздүү болгон мурунку жашоо ченемдерибизге кайрыла албай жатамбыз. Мунун ордуна биз мурункудан коопсуз жана туруктуу жолго түшүшүбүз зарыл. Бул биздин саясат үчүн татаал сыноо жана моралдык бекемдигибиздин кечиктирилгис сыноосу. Биздин азыр кабыл алган чечимдерибиз алдыңкы он жылдыктардын абалын белгилегендиктен улам, пандемиядан кийинки калыбына келтирүүнү жана климаттын кызыкчылыгы үчүн аракет жасоону бир медалдын эки тарабы катары карашыбыз керек.

1 of 3
Катышуу
18 май 2020
Coronavirus global outbreak
Everyone is talking about coronavirus disease 2019 (COVID-19). Take part in getting your facts from reliable sources.
1 of 3
Баяндама
11 январь 2021
Interactive TV series about HIV launched in Kyrgyzstan
A new television series for young people in the Kyrgyz language, School Elections, was launched online last week. During six 15–20-minute episodes, a girl, Ayana, who is living with HIV, tells her story of bullying, friendship and the fight for human dignity. The producers of the series hope that Ayana’s example will give hope to young people who face similar challenges.
“We have a simple idea to promote: you may differ from others in your health, appearance or level of wealth. But regardless of this, we all deserve respect, friendship, love and happiness. This series is about kindness and acceptance of others as they are,” said Azim Azimov, Head of Production at the Media Kitchen production studio and the main screenwriter of the series.
Starting on 6 November, new episodes will be aired weekly on YouTube and will also be broadcast on television, Instagram and the teens.kg youth project website. Additionally, each series has one to three interactive episodes—the leading actors invite the viewers to look at the problems raised in the series through the viewers’ eyes, experience each situation for themselves and make their own decisions.
According to the United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization (UNESCO), more than 30% of students around the world experience various forms of bullying at the hands of their classmates. Students who are perceived as “different” are often subjected to bullying for reasons of appearance, health status, including HIV status, sexual orientation and gender identity, social status or the economic situation of the family.
“This series tells people about the complex issue in simple and understandable language, to show how strong-willed and honest young people can overcome ignorance, indifference, cruelty and injustice, inspire others and change life for the better,” said Tigran Yepoyan, UNESCO Regional Adviser on HIV, Education and Health.
“This series is a powerful new instrument for reducing stigma in our society, it not only shows the difficulties of living with HIV, discrimination and bullying but also motivates our adolescents not to be afraid to fight for dignity and justice and move forward towards their dreams,” said Meerim Sarybaeva, UNAIDS Country Director for Kyrgyzstan.
The official soundtrack of the series, which was supported by the UNESCO Institute for Information Technologies in Education and UNAIDS, was performed by the singer Ayim Ayilchieva.
1 of 3
Баяндама
04 июнь 2021
Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын Кыргыз Республикасындагы Жаш Элчилери - 2021
Туруктуу өнүктүрүү Максаттарынын (ТӨМ) Жаш Элчилери - бул Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тыгыз кызматташтыгы менен 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасында ишке ашырылып келе жаткан долбоор.
Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү идеяларын жана ТӨМдү жаштардын активдүүлүгү аркылуу жайылтуу. 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын июнь айына чейин 34 Жаш элчининбиринчи тобу жүздөн ашуун иш-чараларды өткөрүп, 12000ден ашуун адамга туруктуу өнүгүү жана ТӨМ жөнүндө маалымат. Жаш Элчилердин биринчи тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаменен бул жерден таанышууга болот.
2020-жылы долбоор эки фазага бөлүнүп, аткарылды. Биринчи этаптын алкагында (“ТӨМ Академиясы”) 300 өтүнмөнүничинен, туруктуу өнүгүү жаатында интенсивдүү окутуудан өткөрүү,баарлашуу көндүмдөрүн үйрөтүү жана социалдык долбоорлорду түзүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан 20 жаш активист тандалып алынды. ТӨМ Академиясынын эң мыкты беш катышуучусу ТӨМдүн Жаш Элчилери болуп тандалды.
2021-жылдын май айында ТӨМ Элчилеринен турган жаңы топ өз милдеттерин аткарууга киришмекчи. Элчилердин ишмердүүлүгүнө ТӨМдү жана 2030-жылдын күн тартибин өз ара шериктештик, жамаат жана өлкө деңгээлинде жайылтуу жана иш-чараларды уюштуруу жолу менен ТӨМдүн жетишүүсүн колдоо үчүн ыктыярчыларды мобилизациялоо кирет. Буга ар кандай форматтагы иш-чараларды уюштуруу, Кыргыз Республикасындагы туруктуу өнүгүү жана анын жетишкендиктери жөнүндө маалыматты таратуу жанатуруктуу өнүгүүгө байланыштуу иш-чараларга баяндамачы жана жаш адистер катары катышуу кирет.
2021-жылыТӨМдүн Жаш Элчилери болуп Мираида Алмазбекова, Айгүл Давранова, Алия Мамырканова, Элиза Ураимова жана Данил Цой 2021-жылы тандалды.
Мираида Алмазбекова, 18 жашта, Баткен
+996 706 780 781, miraida20022708@gmail.com
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти. Үч жылдан бери климаттын өзгөрүшү боюнча коомдук иш-чараларга активдүү катышып, ошондой эле билим берүү тармагындагы теңсиздикти жоюу, адам укуктарын сактоо жана жардамга муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтүп келет, ошондой эле Баткен шаарынын тазалыгын жакшыртуу боюнча иш алып барат. AIESEC, Enactus, Biota жана "Элим барсыңбы? коомдук уюмдарында ыктыярчылык иштерин аткарат. Бул уюмдар менен биргеликте ал айрым адамдардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берген көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырган. Болочок инженер-эколог жана ТӨМ Жаш Элчиси катары Мираида айлана-чөйрөнү коргоого багытталган максат менен иш алып барууну каалайт.
###
Айгүл Давранова, 21 жашта, Бишкек
+996 552 565 668, davranovaaigul@gmail.com
Күнүмдүк жашоодо Айгүл гендердик теңдик, сапаттуу билим берүү жана жаштардын укуктук аң-сезимин жакшыртуу менен алектенет. Азыр лидерлик жөндөмдөрү боюнча “Лидерлик мектеби” жана жаштардын укуктук сабаттуулугу боюнча “Укук мектеби” долбоорлорун ишке ашырып, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууда. Ал “ВИЧ-СПИД менен жашаган аялдардын өлкөлүк тармагы” коомдук фондунда директордун орун басары болуп иштейт жана ВИЧ-позитивдүү аялдардын өнүгүүсүнө, жаңы көндүмдөргө ээ болушуна жардам берет, ошондой эле аларга укуктук жардам берип келет. Айгүл ТӨМ жөнүндө алгач Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы ыктыярчыларды чогулта баштаганда билген. Ал ТӨМ 3 (Ден-соолук жана бакубат жашоо), ТӨМ 5 (Гендердик теңдик) жана ТӨМ 10 (Теңсиздикти азайтуу) максаттарынакызыгат. ТӨМ элчиси катары ал орто мектептен кийин кыздардын кесип тандоосуна болгон көз карашты өзгөртүү багытында иш алып барууну эңсейт.
###
Алия Мамырканова, 22 жашта, Бишкек
+996 555 722 780, aliyamamyrkanova@gmail.com
Aктивист. "Глобалдык ой жүгүрт, жергиликтүү деңгээлде иш алып бар" принциби боюнча иш алып барат. 2016-жылы ТӨМ концепциясы жөнүндө билип, окуу учурунда алты социалдык долбоорду уюштурган, анын ичинде жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүп жана англис тилин үйрөтүү менен алек болгон. Ал глобалдык көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча көп адамдар билсе, анда аларды тезирээк чечсе болот деп эсептейт. Эң негизгиси ТӨМ 4 (Сапаттуу билим), ТӨМ 5 (Гендердик теңдик), ТӨМ 8 (Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш) жана ТӨМ 10 (Теңсиздикти азайтуу) кызыгат. Жаш Элчиси катары ал жаштар, активисттер жана ыктыярчылар менен иштөөгө басым жасап, ТӨМ идеяларын Кыргызстанга жайылтууну пландаштырууда.
###
Элиза Ураимова, 18 жашта, Ош
+996 755 100 517, uraimovaeliza02@gmail.com
Коомдогу социалдык биримдик жана туруктуулук өнүгүү жолунда негизги ролду ойнойт деп ишенет, бирок аларга сапаттуу билим берүү аркылуу гана жетишүүгө болот деп эсептейт. Ыктыярдуулук жана жигердүүлүк аркылуу ал аялдарга, кыздарга жана этностук азчылыктарга карата толеранттуулук жана басмырлабоо идеяларын жайылтат. Анын жашоодогу негизги максаты - коомдун өнүгүшүнө салым кошуу. ТӨМ Академиясынын мүчөсү болууга досу түрткү берген. Бардык ТӨМдөрдүн ичинен ТӨМ 4 (Сапаттуу билим) жана ТӨМ 16 (Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар) кызыгат, анткени ал аларды коомубуздун гүлдөп-өнүгүшүнүн ачкычы деп эсептейт. ТӨМ Элчиси катары ал мекендештеринин арасында ТӨМ жөнүндө идеяларды жайылтууну, жаштарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандырууну жана башкаларга ТӨМ жаатында өнүгүүгө багыт берүүнү пландаштырууда.
###
Данил Цой, 19 жашта, Бишкек
+996 552 427 844, danil.tsoi.ylsp@gmail.com
Кыргыз-Орус Славян Университетинин юридикалык факультетинин 3-курсунун студенти. Эки жылдан бери ыктыярчылык иштерине катышып келет. ТӨМ концепциясы менен 2019-жылы таанышкан. Эмгек жолун Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасында ыктыярчы болуп иштөөдөн баштаган, азыр “Жаш Лидерлер Социалдык Прогресс үчүн” коомдук платформасын жетектейт, ал жерде демилгелүү жаштардын командасы менен Кыргызстанда жана Борбордук Азияда ТӨМдү жайылтууга багытталган чыгармачыл демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда. Ал “Law in Action”, “L-CORP” долбоорлорунун, #SDGGamesKG иш-чараларынын жана башка коомдук иш-чаралардын идеологиялык шыктандыруучусу жана координатору болуп, жаштардын көптөгөн демилгелерин жана иш-чараларын ишке ашырды. Ал ошондой эле БУУнун Кыргыз Республикасынан 2021-2022-жылдарга Жаштар делегаты болуп тандалган. Данил айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо көйгөйлөрү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышкан максаттарга багытталган ТӨМдөрдү активдүү илгерилетип, юридикалык институттарды өнүктүрүүнүн жана адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, ошондой эле жаштарга сапаттуу билим берүү жана ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана инновациялык усулдарынкиргизүүдө. ТӨМ Элчиси катары ал ыктыярчы корпусун түзүү, ТӨМ боюнча регионалдык форумду уюштуруу, ТӨМ багытында интерактивдүү оюнун иштеп чыгуу, жаштардын лидерлик программасы жана жаш окумуштуулар үчүн илимий конференция өткөрүү боюнча иштерди пландаштырууда.
Маалымдама:
Туруктуу Өнүгүү Максаттары - бул 2030-жылга чейинки Туруктуу Өнүктүрүү Күн тартибинин (Күн тартиби 2030), 2015-жылы БУУга мүчө 193 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан тарабынан кабыл алынган ар тараптуу эл аралык документ. Максаттар адамзаттын бардык негизги көйгөйлөрүн камтыйт жана 2030-жылга чейин жетишүүнүн бир нече максаттарын белгилейт.
1 of 5
Баяндама
12 январь 2021
Айылдагы аялдар ийгиликтүү ишкер боло алышат
Эльмира Сазанова Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринде жашайт, төрт баланын энеси жана чоң эмес тигүү цехинин ээси.
«Мурун эки эле тигүү машинам болсо деп кыялданчум, ал эми азыр өзүмдүн цехим бар. Кыялдануу керек жана ийгиликке жетүүгө ишенүү керек жана албетте эмгектенүү зарыл», - дейт Эльмира.
Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн жумуштар көп эмес. Көбүнчө үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо менен алектенишет, ошондой эле чарбада жолдошторуна жардам беришет. Аялдар үйдө олтуруп, жеке бизнесин өнүктүрүүгө аракет жумшабайт. Мисалы, Кыргызстанда айыл-чарбада иштеген аялдардын саны жалпы иштеген аялдардын санынын 39,2%ын түзөт, муну менен бирге 20,6% гана айыл-чарбада иштеп жаткан чарба субъекттеринин аял жетекчилери бар.
Эльмира Сазанова ошол кыялданган аялдардын катарында эле, бирок ар дайын өзүнүн ийгилигине ишенип, максаттарына жетүүгө аракет кылып келген. 90-жылдары жумуштун жоктугунан ал өзүнүн эски машинасы менен халаттарды тигип, кошуналарына жана тааныштарына сата баштаган. Ошондо ал ушинтип акча тапса болорун, бирок толук иштөө үчүн жок дегенде эки профессионалдык тигүү машинасы керек экенин түшүнгөн. Бирок аларды сатып алганга каражаты болгон эмес.
БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган.
«2014-жылы мен бул долбоор тууралуу уктум. Мага бизнес ачууга жардам беришерин айтышты. Чынын айтсам, мен буга ишенген эмесмин, бирок ошентсе да долбоорго катыштым. Себеби мага кызык болгон. Тренингтерге катыштым, көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдым. Биз тигүү цехин ачуу боюнча долбоорду даярдап, жөнөттүк. Анан бир күнү машиналарды алып келишти. Абдан көп болчу! Мен таң калып, өзүмдү жоготуп койдум: мынча көп машинаны кантип иштетем? Тигүүчүлөрдү кайдан табам? Бирок мен өзүмдүн коркунучумду жеңип, иштей баштадым», - деп эскерет Эльмира.
Албетте, кыйынчылыктар дагы болбой койгон жок. Алгач тигүүчүлөрдү, андан кийин буйрутмаларды издөө керек болду. Финансы жагынан дагы кыйынчылыктар туулду. Себеби кызматчылардын эмгек акысын төлөөгө акча керек эле, ал эми айылдын жашоочулары үзгүлтүксүз жаңы кийим сатып ала алышпайт.
Тигүүчүлөргө алардын үй-бүлөлөрү дагы каршы чыгышты. Эльмиранын жолдошу алгач жеке ишинен айнытууга аракет кылган. Бирок ал макул болгон эмес жана кыйынчылыктарга карабастан иштөөнү уланткан. Азыр цех туруктуу иштейт, ал эми цехте ачылгандан баштап көптөгөн аялдар иштеп кетишкен.
Эльмира жумушка тажрыйбасы жок болсо дагы алат. Себеби, тигүү ишин ар бир аял үйрөнүп кете алат деп ойлойт. Болгону анда үйрөнгөнгө жана иштегенге каалоосу болуш керек.
Азыр цех жергиликтүү калкка кызмат көрсөтөт, ошондой эле борбордон түшкөн чоң эмес буйрутмалардын партиясын тигип турат.
«Биз абдан ынтымактуубуз жана бири-бирибизге жардам берип турабыз. Кийимди дагы көптөн бери сатып албайбыз. Өзүбүзгө өзүбүз тигебиз. Эгер конокко бара турган болсок, командабыз менен тез арада кооз көйнөк тиге салабыз. Пандемия учурунда алгач кыйынчылыктар туулду, буйрутмалар түшпөй калды. Бирок биздин жыйылып турган ишибиз бар болчу. Ошондуктан, биз өндүрүштү дээрлик токтоткон жокпуз. Кийин беткап тиге баштадык. Эсиңиздердеби, алгач беткаптар жетишпей, элдер дарыканалардан дагы беткап таппай калышкан», - дейт Элмира.
Аялдарга жергиликтүү бийлик дагы колдоо көрсөтүп, цех үчүн имарат бөлүп беришкен. Ишкананын ээси майда кадамдар менен болсо дагы баштап, талбай эмгектенүү менен кыялдарды чындыкка айлантууга болот деп белгилейт.
Муну менен бирге, албетте үй-бүлөнүн колдоосу маанилүү. Себеби, аялдар ишин жарым жолдо таштоого мажбур болбошу керек. Бул үчүн коомчулукта аял үй кожойкеси гана болбошу керек деген идеяны көтөрүү зарыл. Коомчулукка аялдар дагы иштей алат жана алар ийгиликке дагы жете алат, үй-бүлөгө жана жалпы коомго пайда алып келет деп эскертүүбүз зарыл.
1 of 5
Баяндама
12 январь 2021
Аял депутат балдардын жана аялдардын көйгөйлөрүн жакшы түшүнөт
Нурия Темирбек кызы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында жашайт. 6 жыл мурун ал үй кожойкеси болчу жана иштөөнү пландаган эмес. Бирок 2 жылдан кийин жергиликтүү кеңештин депутаты болду жана ошол убактан бери айылдаштарына жардам берип келет.
«Аялдардын баарына күчү жетет, алар иштей алышат жана каалаган чөйрөдө – социалдык иш, саясат же бизнес болобу, баарында ийгиликтүү боло алышат», - деп ойлойт Нурия.
Кыргызстандын алыскы аймактарында аялдар үчүн билим берүү дагы эле жеткиликтүү болбогон көрүнүш кеңири тараган. Мунун жыйынтыгында көбүнчө аялдар эрте турмушка чыккандан кийин үй тиричилиги менен гана алектенишет. Анын үстүнө, адатта үй-бүлөлөрдөгү эмгек эркектерге – үй-бүлө башчысына гана ыйгарылып, мындай жол менен эркектер гана бизнес, саясат же башка социалдык жактан маанилүү ишмердик менен алектенет деген түшүнүк пайда болот.
Нурия 2014-жылга чейин, эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен болгон жолугушууга кокустан катышып, андан айылдаштарынын тандоосу менен активист катары чыкканга чейин ушул сыяктуу аялдардын катарына кирген. БУУнун төрт агенттиги – «БУУ-аялдар», ААУ, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана АӨЭФ – «Айылдагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорун түзүштү. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, киреше алып келген ишкердикке көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине катышууну кеңейтүү жана коомдо гендердик аспекттерди эске алган маданиятты пайда кылууга багытталган. Программа айына 2700 сомго, жакырчылыктын улуттук чегинде жашаган айылдагы аялдардын аярлуу катмарына арналган. Ошондон баштап долбоорлордун алкагында Нурия башка аялдар менен биргеликте өзүнүн айылында бир катар ишканаларды ачкан жана анда 50дөн аял жумуш ордуна ээ болгон. «Менин жашоого болгон көз карашым жакшы жакка өзгөрдү. Мен көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болдум, түрдүү тренингдерге катыштым, көптөгөн адамдарга жардам бере алдым. Мен өзүмө ишенип, 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өзүмдүн талапкерлигимди койдум жана шайлоодо жеңишке ээ болдум. Мурун мен аял үйдө олтуруп, балдарды тарбиялаш керек, жолдошуна кам көрүшү керек деп ойлочумун. Бирок, көрсө биз күчтүү экенбиз жана баарына жетише алат экенбиз”, - деп белгилейт Нурия. Азыр ал жергиликтүү кеңеште гана иштебестен, аялдар тигүү менен алектенген, кол эмгектерин жасаган, фермердик жана иштеп чыгуучу өндүрүш менен алектенген долбоордун алкагында бир нече ишканаларды тескейт. Пандемия учурунда анын демилгеси боюнча жергиликтүү бюджеттен материалдарды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Бул каражатка тигүүчүлөр беткап тигишип,жергиликтүү калккта жеткиликтүү, дээрлик өз баасында сатууга, ал эми муктаж үй-бүлөлөр коргоо каражаттарын акысыз алууга мүмкүнчүлүк болгон. «Өзүмдү мурункудан пайдалуу жана күчтүү сезип жатам. Алгач жолдошум ишмердигиме каршы болгон, себеби үйдө көп учурда жок болчум. Тренингдерге катышыш керек болчу. Бирок кийинчерээк канчалык маанилүү иш менен алектенгенимди түшүндү. Азыр ал мени колдойт. Мен адамдарга долбоор ичинде жана кеңеште дагы жардам берем. Аял депутат эркек депутаттардан айырмаланып турат. Биз аялдар жана балдар күн сайын дуушар болгон маселелерди жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан ал маселелерди чечүүдө жардам берүүгө аракет кылабыз”, - дейт Нурия. Ал бардык аялдарды иштеп баштоодон коркпоого жана коомго пайда алып келүүгө чакырат. Себеби, аялдын колунан баары келет – болгону өзүнө ишенүү керектигин тажрыйба көрсөтүп турат. Талбаган эмгектин артынан жана жакын адамдардын колдоосу менен бардык ишмердик ийгилик алып келерин эстен чыгарбоо зарыл.

14 октябрь 2020
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыды
РИМ - Нобель тынчтык сыйлыгын Дүйнөлүк азык-түлүк программасына берүү - күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып, дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык ачка адамдарга - туруксуздук, кооптуу абал жана чыр-чатактар жашоосун көбүнчө зордук-зомбулук менен бөлүп-жарган адамдар - азык-түлүк жардамын жеткирген, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлеринин эмгегин баалоо.
Дүйнөдөгү 690 миллион ачка адамдардын ар бири тынч жана ачкачылыксыз жашоого укуктуу. Бүгүн Норвегиянын Нобель комитети бул адамдарга жана жаңжалдын кесепеттерине көңүл бурду. Климаттын өзгөрүүлөрү жана экономикалык кысымдар ал адамдардын абалын ого бетер күчөттү. Азыр глобалдык пандемия экономикага жана коомчулуктарга ырайымсыз таасири менен миллиондогон адамдарды ачарчылыктын кырына таштап жатат.
Нобель сыйлыгы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын гана артыкчылыгы эмес. Биз өкмөт, уюмдар жана жеке сектор тарабынан өнөктөштөр менен тыгыз иштешебиз, алардын ачкачылыкка жана аялуу катмарга жардам берүү каалоосу биздикине дал келет. Аларсыз биз эч кимге жардам бере албайбыз. Кызматкерлерибиздин күнүмдүк иши чынчылдык, адамгерчилик жана камкордук баалуулуктарына негизделген.
Чыр-чатак болгон жерде ачкачылык болот. Ачкачылык болгон жерде чыр-чатактар көп чыгат. Бул азык-түлүк коопсуздугу, тынчтык жана туруктуулук айкалышкандыгын эскертип турат. Тынчтык болбосо, биз ачкачылыкты жок кылуу боюнча глобалдык максатка жете албайбыз; жана ачкачылык болуп турганда, биз эч качан дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотпойбуз.
Биздин Twitter баракчабыз: @wfp_media. БУУ ДАТПтын Аткаруучу директору Дэвид Бизлинин Twitter баракчасына катталыңыз @WFPChief
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
1 of 5
Баяндама
29 май 2020
Жарык жана жакшылык тартуулагандар
Лабораториялык анализдер наристеде ВИЧ бар болгонун тастыктады. Башка түшкөн оор сыноону көтөрө албай, Кымбаттын күйөөсү үй-бүлөсүн таштап кетти. Ошентип Кымбат баласы үчүн күрөштү улантып, адилеттик издөөгө умтулуп жүрдү. Кымбат сотторго, борбор калаада өткөн митингдерге тынбай барып жүрдү. Өз көйгөйүн башкаларга жеткирүү үчүн миңдеген тоскоолдуктарды жеңип, каттарды жазып, санаалаштарды таап, ушундай эле абалда калган башка аялдарга да жардам берип жүрдү. Кымбаттын мүнөзү, энелик сүйүүсү жана иш-аракеттерге жөндөмү кырдаалды өзгөрттү.
Арадан көп жыл өткөндөн кийин гана Кымбат ошол күндөрдү жүрөгү менен кабыл алып, бир аз тынчып, көйгөй менен жашаганды да үйрөндү. Кымбат алты жылдан бери Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бириндеги мультидисциплинардык командада тең консультант болуп иштейт. Ал ВИЧ менен жашаган адамдарга жардам берип, колдоо көрсөтүп, терапия алууга көндүрүп жүрөт.
Тең консультанттар кимдер жана алар ооруканаларда эмне иш кылышат деп сурашыңыз мүмкүн. Тең консультанттар – бул өздөрү да ушундай көйгөйгө туш болгон чөйрөдө жашаган адамдар. Булар: ВИЧ менен жашаган адамдар же каарманыбыз Кымбатка окшоп ВИЧтен жабыркаган адамдар. Алар өз статусун кабыл алып, өзүнө жана башкаларга жардам берүү менен белин бекем бууп ишке киришти. Алар дарыгерлердин жана медайымдардын алмаштыргыс жардамчыларына айланышты, медициналык кызматкер менен бейтаптын ортосундагы көпүрө болушту. Бейтаптар аларга ишенет, ал эми дарыгерлер ишеним атмосферасын орнотуп, ВИЧ илдетин дарылоодо ийгиликке жетүүгө жардам берип келишет. Бул тең консультанттардын арасында башкалардын көйгөйүнө кайдыгер карай албаган, бул дүйнөнү жакшы, толеранттуу жана жарык кылуунун үстүнөн иштеген адамдар да аз эмес.
Тең консультанттардын ролу COVID-19 пандемиясы маалында ого бетер күчөдү. Консультанттардын эч кимиси четте карап турган жок. Биринчи күндөн баштап эле баары МДК бейтаптары менен байланышта болуп, дарыгерлер менен чогуу АРВ дарыларын ВИЧ менен жашагандардын үйлөрүнө жеткирип, бейөкмөт уюмдардын ресурстарын тартып, азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам ташып, психологиялык колдоо көрсөтүп турушту.
“Мектепте окуп жүргөн кезимде эле адамдарга жардам бергим келчү. Университетте окуп жатканда бейөкмөт тармакка келип калдым, ВИЧти дарылоо жана алдын-алуу боюнча программаларга кирдим. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштейм. Менин ишим адамдарга пайда алып келгени жагат. Баары эле ойдогудай деп айта албайм. Биз ар кандай адамдар менен иштешебиз. Кимдир бирөөнү дары ичүүгө көндүрүш керек, мындан тышкары өзүнүн ВИЧ-статусун билсе да бизге келбеген, анткени терапияга ишенбеген адамдар бар. Ошондой эле АРВ дарыларын ичкенден чарчаган адамдар да аз эмес. Мына ушул адамдардын ар бирине өзүнчө мамиле жасаш керек. Дагы бир нерсени байкадым: адамдар барган сайын жөнөкөй сүйлөшүүгө, пикир алышууга муктаж болуп жатат. МДКнын көпчүлүк кардарлары өз ара жардам топторуна, психологиялык колдоого зар болуп жатышат. Карантин маалында мунун баары токтогон эле”.
Азыр бул жигитти көптөр таанып калды. Ал болгон блокпостторду өтүп, ВИЧ менен жашаган, өзгөчө кырдаал маалында күнүмдүк кирешеден куру калган үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирип турду.
МДКда 10 тең консультант иштейт жана ар биринин өз окуясы бар. Тең консультанттарга медициналык мекемелерде көнүп калышты, аларды өз жамаатынын толук мүчөсү катары баалашат. Ош шаарындагы МДКнын тең консультанттарынын бири буларды айтып берди:
“Мурда биз бири-бирибизди жактырбай турчубуз. Биз медициналык кызматкерлерди, алар болсо бизди түшүнчү эмес. Бирок суу ташты деле жеп жиберет экен го. Анын сыңары убакыт өткөн сайын биз да пикир табыша алдык. Эң негизгиси биз да, дарыгерлер да максатыбыз бир болгонун түшүндүк. Дарыгерлердин бейтабы, ал эми биздин кардар медициналык мекемеге келип, терапиядан өтө баштаганы маанилүү, бул биздин бир максатыбыз”.
Тең консультанттардын институту баштан өткөргөн тажрыйбага жана колдоого таянат. Албетте, тең консультант болуп иштеген адам дарыгерди же квалификациясы бар психологду алмаштыра албайт деңизчи. Бирок консультант багыт көрсөтүп, жардам берип, сүйлөшүп, оюңду уга алат. Консультант эч качан айыптабайт, чыккынчылык кылбайт, ал бир аз мурда эле өзүнүн ВИЧ-статусун уккан адамга колдоо көрсөтүп, мындан ары жашоосун улантып кеткенге үйрөтөт.
БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен программасы (ЮНЭЙДС) 2013-жылдан бери өлкөнүн булуң-бурчунда мультидисциплинардык командаларды өнүктүрүп келатат. Бүгүнкү күндө 10 команда иш алып барууда, алар ВИЧ менен жашаган 1500 адам менен иштешет. COVID-19 пандемиясы маалында ЮНЭЙДС “Аракет плюс” коомдук фонду менен биргеликте ВИЧ менен жашаган, өзгөчө оор абалда турган адамдарга жардам берүүдө. Мындай 170 үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алышууда. Ал эми МДКнын 20 дарыгерине 2020-жылдын апрель айынан июнь айына чейин жалпы суммасы 788 миң сомду түзгөн кошумча техникалык акы төлөнүп жатат.
1 of 5
Пресс-релиз
20 июнь 2021
Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) качкындарды Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортко тартууну колдойт
2020-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасында 684 качкын жана башпаанек издегендер жашайт. Баарында эмес, бирок көпчүлүгүндө,медициналык жардамга, анын ичинде COVID-19 эмдөөсүнө, билим алууга жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар. БУУнун КЖКБсы бардык качкындарды кабыл алуучу жамааттын өнүгүүсүнө толук салым кошо алышы үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү, жумушка орноштуруу жана социалдык коргоо кызматтары менен көбүрөөк камтылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарды жана башка өнөктөштөрдү колдоону улантат.
«2021-жылы биз Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүн саламаттыкты сактоо тармагына, мектептерге жана биздин коомчулукка кысым көрсөткөн пандемиянын шартында белгилеп жатабыз. Бирок пандемия бизди ошондой эле, бириккенде күчтүү болуубузду үйрөттү. Окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде, качкындар күчтүү, коопсуз жана динамикалуу дүйнөгө өз салымын кошо беришет”, - деди Ханс Фридрих Шоддер, БУУ КЖКБнын Борбор Азия боюнча өкүлү.
БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын 18-июнда жарыялаган акыркы жылдык дүйнөлүк тенденциялар боюнча отчетунда, Пандемияга карабастан, согуштан, зордук-зомбулуктан, куугунтуктоодон жана адам укуктарын бузуудан качкандардын саны 2020-жылы дээрлик 82,4 миллионго жетти деп билдирди. Бул 2019-жылдын аягындагы 79,5 миллион рекорддук көрсөткүчтөн төрт пайызга көп.
Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү - зордук-зомбулуктан жана куугунтуктан качууга аргасыз болгон миллиондогон адамдардын эрдигине таазим кылуу мүмкүнчүлүгү. Бул күнү биз кабыл алуучу жамаатын меймандостугу жана боорукердиги аркылуу адамдар ден-соолугун чыңдап, жаңы жашоо баштап, гүлдөп-өсүүгө күч таба ала тургандыгын белгилейбиз.
Быйылкы Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү качкындарды саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спортко интеграциялоонун маанилүүлүгүнө арналган. Ден соолук темасы пандемиядан чыгуу үчүн бардык адамдардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгына байланыштуу актуалдуу. Билим берүү - пандемиянын айынан миллиондогон балдардын билими үзгүлтүккө учурады. Спорт - анткени анын адамдарды бириктирүү жөндөмүнүн тилдик жана улуттук чектери жок. 2021-жылы 29 качкын спортчулардан турган команда БУУ КЖКБнын жана Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттердин колдоосу менен Токио оюндарына кошулат.
Байланыш үчүн:
Жыпариза Жумагазиева
БУУ КЖКБнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсеси
Эл.дарек: zhumagaz@unhcr.org
1 of 5
Пресс-релиз
20 июнь 2021
Кыргызтандын академиялык коомчулугу 2021-жылдын азык-түлүк системалары боюнча саммитине даярдануунун алкагында конференция өткөрдү
Илимий конференция көз карандысыз улуттук диалогдордун алкагында өткөрүлүп жатат, алар таламдаш тараптардын жардамы менен Кыргыз Республикасына кыйла натыйжалуу, эффективдүү жана адамдарга багытталган азык-түлүк системаларды түзүү сунушу киргизилген - эң алдыңкы технологияларды колдонгон инновациялык азык-түлүк системалары. Жалпы көзкараш 2021 жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.
Дүйнөнүн башка жерлериндей эле, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк системары табигый кырсыктар, климаттын өзгөрүшү, биологиялык коркунучтар, жаратылыш ресурстарын туура эмес пайдалануу, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын оорулары жана зыянкечтери, экономикалык кризис сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат.
Илимий-практикалык конференция аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин COVID-19 келип чыккан кризистерди жана кесепеттерин эске алып, Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздуктун глобалдык көйгөйлөрү жөнүндө илимий маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. COVID-19 пандемиясы ден-соолук кризиси менен гана чектелбей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизди.
Бул көзкарандысыз диалог өндүрүш тутумдун дээрлик бардык бөлүктөрү үчүн квалификациялуу илимий кадрларды даярдаган өлкөнүн алдыңкы университеттерин жана илимий-изилдөө институттарын бириктирди. Кызыкдар тараптар ачык талкууну өткөрүп, азык-түлүк тутумун куруу жана иштетүү боюнча илимий жана кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүштү, Кыргыз Республикасында туруктуу азык-түлүк системарын куруу жолдорун, ошондой эле аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Маалымат үчүн:
Азык-түлүк системалар боюнча саммити БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн, негизги - ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн азык-түлүк тутумун өзгөртүү жана туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүү үчүн түзүлгөн.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Айчүрөк Жунусова, БУУ ДАТПнын коом менен байланыш адиси 0550 940 416, Aichurek.zhunusova@wfp.org.
Нуршат Абабакиров, Кыргыз Республикасындагы БУУ Агенттиктеринин байланыш боюнча координатор, 0770939399, nurshat.ababakirov1@un.org
1 of 5
Пресс-релиз
17 июнь 2021
Бишкекте Азык-түлүк тутумдары боюнча экинчи улуттук диалог өтүүдө
Улуттук диалогдор - бул кызыкдар тараптардын жардамы менен азык-түлүк өндүрүшүндө жаңы ыкмаларды киргизүү, экономикалык, социалдык жана экологиялык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын бул системада өз ордун табуу үчүн иштелип чыккан аянтча. Жалпы жыйынтыктоочу иш чара ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.
Жалпысынан Кыргызстанда алты улуттук диалог өткөрүлөт, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында регионалдык диалогдордо "Кыргыз Республикасынын туруктуу тутумдары: инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация киргизүү аркылуу" деген маселелери талкууланат, ал эми академиялык негизде - "Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугу: тышкы таасирлерге жана стресстерге туруктуулукту жогорулатуу көйгөйлөрү жана маселелери” каралат, ошондой эле бизнес жана жаштар ортосунда жана акыркы этабы жогорку деңгээлде диалогдор өтмөкчү.
Иш-чаралар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин көзөмөл астында БУУнун Кыргыз Республикасындагы колдоосу менен өткөрүлөт.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасындагы диалогдордун улуттук координатору Азамат Мукашев: “Улуттук диалогдордун жардамы менен Кыргызстан агроөнөр жай комплексинин негизги аспектилерин баалоо, рыноктун катышуучуларынын идеяларын жана демилгелерин синтездөө ниетинде, жана азык-түлүк системасын өзгөртүү боюнча жалпы позицияны калыптандыруу. Албетте, азык-түлүк системаларынын жеткиликсиздигинен келип чыккан жашыруун жоготуулар өтө чоң чыгашаларга алып келип жана коомдун адилетсиз уюштурулушунун себеби болуп, айлана-чөйрөдө жана экономикада, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат.
Кыргыз агроөнөр жай комплекси өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр, ал эми мамлекеттен ачык-айкын иштөөсүн, каржылоого жеткиликтүүлүктү, алдын-ала божомолдонгон эмгек шарттарын жана жеке менчик укугун коргоону күтөт".
Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы кабыл алынып, анын негизги багыттары болуп калктын азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жана азык-түлүк статусун камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, программанын натыйжалуу башкаруу, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү саналат.
Программаны ишке ашырууда биринчи иш-аракет болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Көп тармактуу Платформа түзүлгөн. Бул Платформа мамлекеттик органдарды, өнүгүүнүн эл аралык өнөктөштөрүн, бизнес структураларын, илимий чөйрөлөрдү жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды мобилизациялоого жардам берет жана бул жаатта бирдиктүү саясатты түзөт.
Кыргыз Республикасында тамак-аш системасынын мүнөздүү белгилеринин бири - тамак-аш өнөр жайынын өнүкпөгөндүгүнүн деңгээли: өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 20% гана өлкө ичинде кайра иштетилет жана алардын көпчүлүгү башка өлкөлөргө чийки бойдон экспорттолот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуучу үчун нарк чынжырчаларын түзүп, кайра иштетүүнүн үлүшүн 70% чейин көбөйтүү боюнча иш алып барууга ниеттенүүдө.
Социалдык фактор - калктын көпчүлүгү сатып алуу жөндөмүнүн начардыгынан сапаттуу тамак-аш сатып ала албай жаткандыгында. Учурда ошондой үй-бүлөнүн тамак-ашка кеткен чыгымдары белгиленген минималдуу стандарттардан төмөн деп бааланууда.
БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинин алдындагы өтүп жаткан улуттук диалогдор иш-чаралар глобалдык масштабдагы көйгөйлөрдү жана өлкөнүн алдында турган түйшүктөрдү тез арада чечүү жолдорун издөөнүн дагы бир кадамы болуп саналат.
Маалымдама:
Азык-түлүк системалар боюнча саммити БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн, негизги - ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн азык-түлүк тутумун өзгөртүү жана туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүү үчүн түзүлгөн.
Бул глобалдык иш-чара 2021-жылы сентябрда Нью-Йоркто БУУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда өтөт жана дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктү өндүрүү жана керектөө ыкмасын өзгөртүүгө багытталган жаңы иш-аракеттердин башталышын билдирет.
Толук маалымат алуу үчүн:
Искак Анарбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин пресс-катчылыгынын кызматкери, 0 555 34 60 60, minselhozpress@mail.ru
Ирена Байтанаева, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн байланыш адиси, 0701023659, ibaitanaeva@gmail.com
Нуршат Абабакиров, Кыргыз Республикасындагы БУУ Агенттиктеринин коммуникация жана коомчулук менен байланышуу координатору, 0770939399, nurshat.ababakirov1@un.org
1 of 5
Пресс-релиз
15 июнь 2021
Азык-түлүк системалары боюнча саммит: Глобалдык күн тартиби Кыргыз Республикасында
2021-жылдын март айынын башында Кыргыз Республикасы БУУнун штаб-квартирасы тарабынан уюштурулган 2021-жылкы Азык-түлүк системалары боюнча глобалдык саммитке катышаарын тастыктаган. Саммит азык-түлүк системаларын кайра жакшыртып түзүү боюнча жаңы чечкиндүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу, инновациялык чечимдерди кабыл алуу үчүн аянтча түзүүгө жана дүйнө жүзү боюнча бул пландарды жүзөгө ашырып, Туруктуу Өнүгүү Максаттарында (ТӨМ) көрсөтүлгөн бардык милдет жана максаттарга жетишүүдө прогрессти камсыз кылуу үчүн пайдаланууга багытталган.
Саммит учурда колдонулуп келген дүйнөдөгү азык-түлүктү өндүрүү моделин, азык-түлүктү керектөөнү жана ага болгон мамилени өзгөртүү үчүн биргелешип аракеттенүү керек экендигине дүйнө коомчулугунун көзүн ачууга багытталган. Бул Саммит биринчи кезекте социалдык жана этникалык ата тегине карабастан бардык адамдарга арналган, бул чыныгы элдик саммит. Бул ошондой эле дүйнөдөгү азык-түлүк системаларын өзгөртүү үчүн ар бирибизден чечкиндүү аракеттерди талап кыла турган "чечимдердин саммити".
Кыргыз Республикасы үчүн азык-түлүк коопсуздугу темасы жана анын курамындагы бардык бөлүктөр, анын ичинде азык-түлүк менен камсыздоо чынжырчасы - өстүрүүдөн керектөөчүгө чейин, актуалдуу жана приоритеттүү маселелердин бири болуп саналат. (Маалымдама* 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу прграммасын» бекиткен).
Дүйнөлүк аянтчада өз жыйынтыктары менен бөлүшүүгө, тажрыйба жана билим мнен алмашууга каалоосун билдирүү менен, Кыргыз Республикасы өлкө деңгээлинде алты диалогдон турган иш-чаралардын тобун өткөрүү боюнча милдеттенме, алардын натыйжалары жалпы өлкөлүк отчеттун бир бөлүгү болуп, БУУнун штаб-квартирасына берилет.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Фелкисович Мукашев диалогдордун улуттук координатору болуп дайындалды.
Министрликке улуттук жана көзкарандысыз диалогдорду уюштурууда БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координаторунун кеңсесинин жетекчилигинин астында БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы (БУУ ДАТП), БУУнун Эл аралык Айыл чарбасын Өнүктүрүү Фонду (ИФАД) жана БУУнун Азык-түлүк жана Айыл чарба Уюму (ФАО) колдоо көрсөтүп жатат.
Айыл чарба министрлиги үч улуттук диалогду, алардын экөөсү облус аралык, "Инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жайылтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ийкемделүү аркылуу Кыргыз Республикасында туруктуу азык түлүк системасын түзүү" деген темада Ош жана Бишкек шаарларында өткөрөт. Үчүнчү диалог облустар аралык диалогдордун жыйынтыктарын жана мамлекеттин азык түлүк коопсуздугун чыңдоого арналган чечимдерди талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги акыркы иш-чара болуп, Улуттук диалогдордун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна сунушталат.
Саммиттин бардык катышуучуларынын пикирлерин жана сунуштарын толук алуу үчүн, улуттук диалогдордон тышкары ишкерлердин, илимий чөйрөлөрдүн жана жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен үч көзкарандысыз диалог өткөрүү пландаштырылууда.
Пландалган иш-чаралар 2021-жылдын июнь айында өтүп, азык-түлүк коопсуздугуна жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча жаңы жана чечкиндүү аракеттердин башталышына түрткү болот.
Маалымдама
2019-жылдын 16-октябрында белгиленген Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 2021-жылы азык-түлүк системалары боюнча саммит өткөрүүгө чакырган. Саммит БУУнун Римде жайгашкан үч агенттигинин: Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Эл аралык Айыл чарбасын Өнүктүрүү Фондунун жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчилери менен 2019-жылдын июль айында өткөн Жогорку деңгээлдеги саясий форумда болгон талкуудан кийин жарыяланган.
1 of 5
Пресс-релиз
15 июнь 2021
БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК СИСТЕМАЛАРЫ БОЮНЧА САММИТТЕ КЫРГЫЗСТАН ӨЗҮНҮН ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРЕТ
Улуттук диалогдор - бул кызыкдар тараптардын жардамы менен азык-түлүк өндүрүшүндө жаңы ыкмаларды киргизүү, экономикалык, социалдык жана экологиялык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын бул системада өз ордун табуу үчүн иштелип чыккан аянтча. Жалпы жыйынтыктоочу иш чара ушул жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде сунушталат.
Жалпысынан Кыргызстанда алты улуттук диалог өткөрүлөт, алардын ичинен Ош жана Бишкек шаарларында регионалдык диалогдордо "Кыргыз Республикасынын туруктуу тутумдары: инновациялык чечимдерди, жашыл экономиканы жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация киргизүү аркылуу" деген маселелери талкууланат, ал эми академиялык негизде - "Кыргыз Республикасында азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугу: тышкы таасирлерге жана стресстерге туруктуулукту жогорулатуу көйгөйлөрү жана маселелери”, ошондой эле бизнес жана жаштар ортосунда диалогдор уюштурулат, акыркы этабы жогорку деңгээлде өтмөкчү.
Иш-чаралар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин көзөмөл астында БУУнун Кыргыз Республикасындагы колдоосу менен өткөрүлөт.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасындагы диалогдордун улуттук координатору Азамат Мукашев: “Улуттук диалогдордун жардамы менен Кыргызстан агроөнөр жай комплексинин негизги аспектилерин баалоо, рыноктун катышуучуларынын идеяларын жана демилгелерин синтездөө ниетинде, жана азык-түлүк системасын өзгөртүү боюнча жалпы позицияны калыптандыруу. Албетте, азык-түлүк системаларынын жеткиликсиздигинен келип чыккан жашыруун жоготуулар өтө чоң чыгашаларга алып келип жана коомдун адилетсиз уюштурулушунун себеби болуп, айлана-чөйрөдө жана экономикада, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат.
Кыргыз агроөнөр жай комплекси өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр, ал эми мамлекеттен ачык-айкын иштөөсүн, каржылоого жеткиликтүүлүктү, алдын-ала божомолдонгон эмгек шарттарын жана жеке менчик укугун коргоону күтөт. " Программаны ишке ашырууда биринчи иш-аракет болуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Көп тармактуу Платформа түзүлгөн. Бул Платформа мамлекеттик органдарды, өнүгүүнүн эл аралык өнөктөштөрүн, бизнес структураларын, илимий чөйрөлөрдү жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды мобилизациялоого жардам берет жана бул жаатта бирдиктүү саясатты түзөт.
Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы кабыл алынып, анын негизги багыттары болуп калктын азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жана азык-түлүк статусун камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, программанын натыйжалуу башкаруу, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү саналат.
Кыргыз Республикасында тамак-аш системасынын мүнөздүү белгилеринин бири - тамак-аш өнөр жайынын өнүкпөгөндүгүнүн деңгээли: өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 20% гана өлкө ичинде кайра иштетилет жана алардын көпчүлүгү башка өлкөлөргө чийки бойдон экспорттолот. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуучу үчун нарк чынжырчаларын түзүп, кайра иштетүүнүн үлүшүн 70% чейин көбөйтүү боюнча иш алып барууга ниеттенүүдө.
Социалдык фактор - калктын көпчүлүгү сатып алуу жөндөмүнүн начардыгынан сапаттуу тамак-аш сатып ала албай жаткандыгында. Учурда ошондой үй-бүлөнүн тамак-ашка кеткен чыгымдары белгиленген минималдуу стандарттардан төмөн деп бааланууда.
БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинин алдындагы өтүп жаткан улуттук диалогдор иш-чаралар глобалдык масштабдагы көйгөйлөрдү жана өлкөнүн алдында турган түйшүктөрдү тез арада чечүү жолдорун издөөнүн дагы бир кадамы болуп саналат.
Маалымдама:
Азык-түлүк системалар боюнча саммити БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин демилгеси менен өткөн жылы БУУнун үч агенттигинин - Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО), Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) жетекчилиги менен болгон талкуудан кийин көтөрүлгөн, негизги - ачарчылык, климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн азык-түлүк тутумун өзгөртүү жана туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетүү үчүн түзүлгөн.
Бул глобалдык иш-чара 2021-жылы сентябрда Нью-Йоркто БУУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда өтөт жана дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктү өндүрүү жана керектөө ыкмасын өзгөртүүгө багытталган жаңы иш-аракеттердин башталышын билдирет.
Толук маалымат алуу үчүн :