Latest
Пресс-релиз
20 декабрь 2024
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын жаштарын Туруктуу өнүктүрүү максаттары жөнүндө маалымдоо боюнча талкуу өттү
Көбүрөөк билүү
Баяндама
26 ноябрь 2024
Үмүттүн жана кесипкөйлүктүн баяндамасы: оор преэклампсияны Кыргызстанда кантип жеңишет
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
25 ноябрь 2024
Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулукка нөлдүк сабырдуулукка чакырыктар жаңырды
Көбүрөөк билүү
Latest
Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары
Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.
Пресс-релиз
22 сентябрь 2024
"Инклюзивдүү музей" демилгеси Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү түзөт
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин биргелешкен "Инклюзивдүү музей " демилгесинин алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн Кыргызстандын маданий мейкиндиктеринин жеткиликтүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган комплекстүү жол картасы иштелип чыккан. Демилгенин алкагында 2024-жылдын май айынан сентябрь айына чейин эл аралык эксперттер Улуттук тарых музейинин мыйзамдарына жана саясатына, инфраструктурасына, кызматтарына жана байланыш тутумдарына ар тараптуу баа берип, алардын инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн баалашты. Табылгалар бир нече негизги стратегиялык документтердин негизин түздү. Концепция, байланыш стратегиясы, жол картасы, музей жана башка маданий мекемелер бардык зыяратчылар үчүн кандайча жагымдуу боло аларын сүрөттөгөн чечимдердин каталогу кирет. Баалоо, "Биз үчүн бизсиз эч нерсе" принцибине ылайык, ар кандай майыптыгы бар адамдардын, музейдин кызматкерлеринин жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда жүргүзүлдү."Бул демилге өтө маанилүү. Инклюзивдүү музей биздин мекеме үчүн гана эмес, республиканын бардык маданий уюмдары үчүн кеңири инклюзияны түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калат. Бул долбоор аркылуу топтогон ийгиликтүү тажрыйбабыз башка музейлерге, китепканаларга, театрларга жана маданий борборлорго үлгү болоруна ишенебиз. Бул долбоор инклюзия – бул жөн гана жетишкендик эмес, бул системалуу мамилени, бардык кызыкдар тараптарды тартууну жана туруктуу өркүндөтүүнү талап кылган процесс экенин көрсөтүп турат", - деди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов.Негизги стратегиялык документтер мамлекеттик кызыкдар тараптар тарабынан бекитилип, коомчулукка, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын жана музей коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан сунушталды. “"Кыргызстандагы музейлердин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү ар түрдүүлүккө, туруктуулукка жана майыптыгы бар адамдарды коомдун жашоосуна толук тартууга өбөлгө болот деп ишенебиз", - деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева."Бүгүнкү БУУӨП уюштурган иш-чарада мен өзүм үчүн жаңы болгон бир нече нерсени баса белгиледим жана талкууланган идеялар абдан жакшы болду. Эң негизгиси, ал кагазда калбашы керек. Тармактык министрликтер жана ведомстволор менен иштөө керек. Биздин музейлер Кыргыз Республикасы боюнча жеткиликтүү болушу үчүн бул идеяларды реалдуу турмушка ашыруу жана киргизүү зарыл", - деп белгиледи көрүүсү начар адамдардын потенциалын колдогон "Феномен" коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев."Инклюзивдүү музей" демилгеси маданият мекемелеринин инклюзивдүүлүгүн баалоого комплекстүү жана системалуу мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле мыйзамдарды жана саясатты кайра карап чыгуу, универсалдуу дизайн концепциясын жана жеткиликтүүлүктү кайра карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. БУУӨП бардыгын инклюзивдүү, ачык жана адилеттүү коомду түзүү үчүн аракеттерди бириктирүүгө жана ошону менен майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга жана аларга көз карандысыз, толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырат. Демилге жөнүндө"Инклюзивдүү музей" — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин биргелешкен демилгеси. Улуттук тарых музейинин жеткиликтүү чөйрөсүн баалоо, инклюзивдүү чөйрөнү түзүү жана ар кандай майыптыгы бар адамдар үчүн музейдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. ЖМК боюнча маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш кызматкери Айнагүл Абдрахмановага кайрылыңыздар ainagul.abdrakhmanova@undp.org.
1 of 5
Пресс-релиз
20 сентябрь 2024
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча эксперттинин Кыргызстанга болгон иш сапары
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 23 сентябрынан 3 октябырына чейин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.Хаграсс өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого жана колдоого багытталган мыйзамдарды, саясатты жана демилгелерди талдайт. Бул иш сапар жергиликтүү бийликтин чакыруусу жана демилгеси боюнча өтүүдө.Эксперт мамлекеттик органдары, улуттук укук коргоо мекемелери, майыптыгы бар адамдардын адамдар жана алардын өкүлү болгон уюмдар, жарандык коом, БУУнун агенттиктери жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуу үчүн Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жана башка региондорго барат.Ошондой эле, эксперт айым ден соолугунан майыптыгы бар адамдар, анын ичинде балдар үчүн атайын мекемелерге жана майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн мекемелерге барат. Атайын баяндамачы 3-октябрда, бейшемби күнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30 да Бишкектеги Чүй проспектиси №160a дареги боюнча жайгашкан БУУнун үйүндө, маалымат жыйынын өткөрөт. Кирүү мүмкүнчүлүгү журналистер менен гана чектелет.Эксперт өзүнүн отчетун 2025-жылдын март айында адам укуктары боюнча Кеңешке сунуштайт.***Хеба Хаграсс (Египет) - БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы, 2023-жылдын октябрь айында адам укуктары боюнча Кеңеш тарабынан дайындалган. Билими боюнча социолог, укук коргоочу, майыптык боюнча эл аралык консультант жана Египетте, Араб аймагында жана дүйнө жүзү боюнча кеңири тажрыйбасы бар майыптыгы бар адамдардын укуктарын изилдеп келет. Ал майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын долбоорун түзүүгө катышып майып аялдардын өкүлү болгон. Египетте Хаграсс айым 2015-2020-жылдары парламенттин мүчөсү катары мыйзам чыгаруу реформалары учурунда майыптыгы бар адамдардын укуктары үчүн күрөшүп, майыптыгы бар адамдар боюнча Улуттук кеңештин башкы катчысы катары кызмат өткөн. Ал Араб майыптыгы бар адамдардын уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ал жерде 1998-2008-жылдары, анын ичинде аялдар комитетинин төрагасы катары жигердүү иш алып барган.Атайын баяндамачылар атайын процедуралар деп аталган Адам укуктары боюнча кеңештин бир бөлүгү болуп саналат. БУУнун Адам укуктары системасындагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы болгон атайын процедуралар - бул өлкөлөрдөгү конкреттүү кырдаалдар же дүйнөнүн бардык бурчтарындагы тематикалык маселелер менен алектенген фактыларды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча Кеңештин көз карандысыз механизмдеринин жалпы аталышы. Атайын процедуралардын эксперттери ыктыярдуу негизде иштешет; алар БУУнун кызматкерлери эмес жана өз иши үчүн айлык алышпайт. Алар кандайдыр бир өкмөттөн же Уюмдан көзкарандысыз жана жеке адам катары иш алып барышат. БУУнун Адам укуктары боюнча өлкө барагы: КыргызстанМедиа суроолор жана көбүрөөк маалымат алуу үчүн Барбара Замрска менен barbora.zamrska@un.org; hrc-sr-disability@un.org же Айпери Алымбекова менен байланышыңыз aiperi.alymbekova@un.org (Бишкек). БУУнун башка көз карандысыз эксперттери тууралуу медиа суроолор боюнча Дариша Индрагупта (dharisha.indraguptha@un.org) же Жон Ньюленд (john.newland@un.org) менен байланышсаңыздар болот. БУУнун Адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттери тууралуу жаңылыктар менен Твиттерден @UN_SPExperts кабардар болуңуз.
1 of 5
Пресс-релиз
16 сентябрь 2024
Кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында беш төрөт үйүнө жабдуулар алынды
2024-жылдын 12-сентябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан уюштурулган жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, ал энелердин ден соолугун чыңдоого карай олуттуу дагы бир кадам болду. Сапатты жакшыртууну көздөгөн долбоордун алкагында бул демилге өлкөдө алдын алына турчу энелердин ооруларын кыскартууга багытталган. Салтанатка Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер катышып, ал өз сөзүндө: «Бул долбоор өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, анткени энелердин алдын алууга мүмкүн болгон ооруларын кыскартууга багытталган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индия өкмөтүнө бул колдоо үчүн жана долбоорду ишке ашырган ЮНФПАга ыраазычылык билдирүү менен менин кесиптештериме бул маанилүү долбоорду ишке ашырууда жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалайм», - деди.Берилген жабдуулар Индия-БУУ Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатылып алынган. Ал Кыргызстандын беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияларды колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарын жакшыртууга багытталган.«Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугуна байланыштуу бул иш-чаранын жана долбоордун катышуучусу болуу мен үчүн чоң сыймык. Ден соолук жашоодогу эң негизги баалуулук, энелерге келгенде маселе биринчи орунга чыгат. Ал эми эненин ден соолугуна салым кошкондо биз бир эле адамдын эмес, анын балдарынын, анын жакындарынын, ошого жараша бүтүндөй коомдун саламаттыгына салыш кошкон болобуз. Мындай саламаттыкты сактоо чыгымдары чыгаша эмес, чыныгы салым болуп калат. Ал эми калктын саламаттыгына салым кошуу менен биз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошобуз», - деп Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мохан Сингх мырза баса белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы күнүнө туш келген аземде эненин жана ымыркайдын ден соолугун чыңдоо боюнча кеңири иш-аракеттерди көрсөтүү максатында керектүү жабдуулардын кеңири спектри тапшырылды. Белектердин арасында реалдуу убакыт режиминде төрөт учурунда жана төрөт процессине мониторинг жүргүзүү жана кош бойлуу аялга жана түйүлдүккө жардам көрсөтүү үчүн 40 планшет, реалдуу убакыт режиминде телемедицинаны жана акушердик өзгөчө кырдаалдарда телеконсультацияларды ишке ашыруу үчүн 21 компьютер бар.Кошумчалай кетсек, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү процессин автоматташтыруу жана Мамлекеттик электрондук кызмат порталындагы кызматты интеграциялоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча маанилүү кадам катары пилоттук төрөт үйлөрүндө компьютерлер орнотулат. Бул демилге ата-энелерге балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн төрөт үйлөрүнөн эле дароот онлайн каттоого мүмкүндүк берет, бул документ алуу процессин бир топ тездетет жана мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгын азайтат.Мындай чечимдер менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандар үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу шарттарды түзүүгө, бюрократиялык процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана маанилүү документтерди алууга кеткен убакытты кыскартууга умтулууда. Техникалык жабдуулардан тышкары орто жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмдарга, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына, Ысык-Көл жана Чүй областтык ооруканаларына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна 100 пауэрбанк, аз салмактагы жана мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайларда термикалык чынжырды сактоо үчүн 100 жууркан, инфекциялык контролду эске алуу менен ишти уюштуруу үчүн 100 чыканак диспенсери, хирургиялык медициналык персонал үчүн операциялык бөлмөлөрдө жана стерилдүү аймактарда колдонуу үчүн гигиеналык жана санитардык коопсуздук стандарттарын сактоо максатында кесиптик форманын маанилүү элементи катары 100 жуп жабык бут кийим жеткирилет.Бул комплекстүү демилге Кыргызстандагы энелердин ден соолугун чыңдоого чоң салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Технологияны колдонуу жана кызматташтыкты илгерилетүү менен, ал бүт Кыргызстан боюнча аялдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого бардык өнөктөштөрдүн умтулуусун көрсөтөт.
1 of 5
Кайрылуу
12 август 2024
БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын Эл аралык жаштар күнүн майрамдоого карата кайрылуусу
Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү жаштардын энергиясын, чыгармачылыгын жана дараметин даңазалоо үчүн сиз менен жеке боло албаганыма өкүнүчтүү болсом да, бул майрамдык билдирүүнү жөнөтүү мен үчүн чоң сыймык. БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1999-жылы негизделгенден бери 12-августта белгиленген Эл аралык жаштар күнү жаштардын көйгөйлөрүнө жана алардын глобалдык коомдогу маанилүү ролуна басым жасап келет.Быйылкы Эл аралык жаштар күнү бир нече себептерден улам өзгөчө:Быйылкы жылдын темасы “Чыкылдатуудан прогресске: Жаштардын туруктуу өнүгүүнүн санариптик жолдору” Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн технологияларды колдонууда жаштардын негизги ролун баса белгилейт. Кыргызстанда жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаштар санариптик инструменттерди жергиликтүү жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуп, “чыкылдатууларды/кликтерди” прогресске айлантууда” (БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш).Туруктуу өнүгүү максаттарынын учурдагы абалын эске алуу менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү абдан маанилүү. Башкы катчы айткандай, туруктуу өнүгүү максаттарга жетүү үчүн радикалдуу бурулуш талап кылынып, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алар менен тең укуктуу иштешүү аркылуу гана ишке ашат. Бул санариптик ажырымды жоюуну, билим берүүгө инвестицияны көбөйтүүнү, технология тармагындагы гендердик көзкарандылык менен күрөшүүнү жана санариптик чечимдерди кеңейтүү үчүн жаш инноваторлорду колдоону камтыйт.Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын катышуусу быйылкы 22-23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы тарабынан президент Жапаров жана башка мамлекет башчыларынын деңгээлинде чакырылган Келечектин Саммиттин негизги бөлүгү болуп саналат. Саммит жаштар негизги ролду ойной турган көйгөйлөрдү чечүүнүн көбүрөөк байланышкан жана инклюзивдик глобалдык механизмдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкы катчы дүйнөлүк лидерлерди Саммитти бардык деңгээлдеги жаштардын катышуусун арттыруу, жаштардын консультациялык органдарын түзүү, муундар аралык диалогду илгерилетүү жана дүйнө жүзү боюнча жаштар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн пайдаланууга чакырды.Жаштар элибиздин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзгөн жана инклюзивдик социалдык-экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө, социалдык адилеттүүлүк, саламаттыкты сактоо же билим берүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн өздөрүнүн жаңы көз караштары жана инновациялык чечимдери канчалык маанилүү экенин күн сайын көрсөтүп жаткан Кыргызстанда бул чакырыктан дагы кайсы жерде көңүл бура алат эле? Келгиле, быйылкы Эл аралык жаштар күнүн жана бүгүнкү иш-чараны Саммиттин жаштардын келечегин аныктаган чечимдерге көбүрөөк катышуусу жөнүндөгү убадасын ишке ашыруу үчүн курулуш материалы катары колдонолу жана жаштардын потенциалына инвестиция салууга милдеттенели.Куралдарды, ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен биз жаштардын энергиясын жана чыгармачылыгын туруктуу өнүгүү жана бардыгы үчүн жакшы келечек үчүн колдоно алабыз.Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму БУУнун Жаштар боюнча Консультативдик Кеңеши сыяктуу демилгелер аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоп, жаштарга БУУнун Кыргызстан менен өнөктөштүгүн туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүү үчүн түзүүдө добуш берет. Биз ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү реформалары, иш менен камсыз кылуу, креативдүү индустрия жана санариптик сабаттуулукка жана башка багыттарга инвестициялоону улантабыз, анткени алардын туруктуу экономика жана инклюзивдүү, адилеттүү өнүгүү үчүн маанилүүгүн белгилейбиз.Чоң рахмат.
1 of 5
Video
10 сентябрь 2024
Access to Markets Project: Artificial glaciers
The engineers have come up with an effective way to conserve freshwater - building artificial glaciers. Artificial glaciers not only provide better access to drinking water, but also improve pasture rotation, improve microclimate and increase soil moisture, reduce pressure on pastures, help adapt to climate change and mitigate its effects.The Access to Markets Project helped the authors of this initiative to set up 11 artificial glaciers by procuring the necessary materials, funding construction and installation, and conducting trainings to disseminate the method. In total, the authors have implemented 30 projects in six regions of Kyrgyzstan. This video collection was prepared within the framework of the Access to Markets Project funded by the International Fund for Agricultural Development (IFAD).The Access to Markets Project (ATMP) is an IFAD-funded project of USD 31.2 million, which was approved in 2016 and will end in December 2024. It aims to raise incomes and enhance economic growth in Kyrgyzstan's pastoralist communities. Its development objective is the improved access and integration of smallholder livestock farmers into remunerative markets for their products, leading to improved and equitable returns.
1 of 5
Баяндама
26 ноябрь 2024
Үмүттүн жана кесипкөйлүктүн баяндамасы: оор преэклампсияны Кыргызстанда кантип жеңишет
Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Динара Мамбеталиева мындай окуяны бөлүшөт:«Биздин бөлүмгө 25-26 жумалык боюнда бар аялды преэклампсиянын оор белгилери менен кабыл алдык: ал катуу шишип, башы ооруп, кан басымы 150 - 110 эле. Коркунучтуу абалга карабастан баш тартуу арызын жазып, биздин бөлүмдөн чыгып кеткен, бирок эки жумадан кийин ал аял өтө оор абалды кайтып келди. Анын кан басымы 160-170ке жетип, ичиндеги баласы өспөй, өзү дагы катуу шишип, бөйрөгү дээрлик иштебей калган», - деп Динара Самагановна эскерет. Шашылыш түрдө кесардык кесүү чечими эки адамдын өмүрүн сактап калууга жалгыз мүмкүнчүлүк эле. Ымыркай 1700 грамм салмакта төрөлүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. «Бактыга жараша, аял дагы аман калып, анын кан басымы жана жалпы абалы жакшыра баштады», - деп дарыгер кошумчалай кетти. Кыргызстанда преэклампсияны аныктоонун жана дарылоонун кыйынчылыктары медициналык аспектилер менен гана эмес, системалуу окутуунун жоктугу жана медициналык кызматташудан баш тартуу менен да байланыштуу. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева баса белгилейт: «Биз окутуунун жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн жетишсиздигине туш болуп жатабыз, ал эми медициналык кызматкерлердин тез-тез алмашып турушу да көйгөйдү курчутат. Райондордон биздин ооруканага бейтаптарды которуунун жакшы иштелип чыккан схемасы бар: төрөт учурундагы аялдардын кан басымы төмөндөтүлүп, абалы боюнча бардык маалымат катталып, магний терапиясы кошулуп бизге өткөрүлүп берилет. 2024-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн тренингдер оор преэклампсияга учураган аялдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн адистердин көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган. Мындай максаттарга өз убагында диагностика жана дарылоо үчүн дараметти түзүү менен жетүүгө болот». Катышуучулардын бири, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын анестезиологу Жапар уулу Эрмек дагы оюн төмөндөгүдөй бөлүшөт: «Бул тренингде биз магний терапиясынын жаңы ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмаштык. Ушул сыяктуу иш-чаралар биздин кесиптештер арасында оор преэклампсияны дарылоого бирдиктүү мамиле түзүүгө жана өлкө боюнча натыйжаларды жакшыртууга жардам берет».Преэклампсия жана эклампсия Кыргыз Республикасында энелердин жана перинаталдык өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бирок кош бойлуулукту туура көзөмөлдөө жана өз убагында жардам көрсөтүү менен көптөгөн өлүмдүн алдын алса болот. Биздин өлкөдө преэклампсия жана эклампсия боюнча клиникалык протоколдор кабыл алынган, аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз практикалык окутуудан өтүп турушу зарыл. «Тренингдердин жүрүшүндө биз шприц дозатору менен магнийди колдонуу сыяктуу практикалык көндүмдөргө жана практикалык көнүгүүлөргө көңүл бурабыз. Бул адам факторун жокко чыгарып ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Магний терапиясында тактык маанилүү, ал эми шприц дозатору калтыроого каршы таасирге ээ болгон белгилүү дозаны камтыйт. Практикалык тренингдин жүрүшүндө катышуучулардын ар бири магнийдин туруктуу нормасын тууралай алышты. Катышуучулар ошондой эле ар кандай практикалык кырдаалдарды карап чыгып, аларды ойноп чыгып, биргелешип талдап чыгышты», - деп Динара Самагановна түшүндүрдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтык долбоору энелердин ден соолугун жакшыртуу боюнча демилгени ишке ашырууда. Индия-БУУнун Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстандагы беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияны колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу аркылуу энелердеги алдын алына турган ооруларын кыскартууга багытталган.Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтык долбоору энелердин ден соолугун жакшыртуу боюнча демилгени ишке ашырууда. Индия-БУУнун Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстандагы беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияны колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу аркылуу энелердеги алдын алына турган ооруларын кыскартууга багытталган.Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.
1 of 5
Баяндама
13 ноябрь 2024
Кыргызстандагы турак-жай маселесин чечүүнүн жашыл жолдору
Бишкек жана Ош шаарларында калктын тез өсүшү өкмөттүн турак-жай, суу, канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу негизги кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшүүдө. Шаардын калкынын болжол менен 35% борборлордун четинде жашаган ички мигранттар түзүшөт.2021-2023-жылдар аралыгында абанын сапатынын глобалдык индексинде биринчи орунга чыккан Бишкектеги абанын булганышы бул көйгөйлөрдү курчутат. Аз камсыз болгон үй чарбаларында мейкиндикти жылытуу үчүн сапатсыз көмүрдүн колдонулушу бөлүкчөлөрдүн (PM) деңгээлинин 2,5 мге чейин көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошуп, бул коркунучтуу тенденция коомдук саламаттыкты сактоо үчүн өзгөчө кырдаалды жаратууда.Коопсуз, туруктуу жана жеткиликтүү турак-жай энергияны үнөмдөөчү жана климатка туруктуулуктан алыс болгон үйлөрдө жашаган көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн тынчсыздануу жаратып, ден-соолукка жана экологиялык тобокелдиктерге каршы аялуулукту күчөтүүдө. 2050-жылга карата Кыргызстандын 200 миңдей адамы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен улам ички миграцияга аргасыз болуп, шаардык инфраструктурага дагы бир оорчулук келтирип, кыргызстандыктардын бакубаттуулугуна коркунуч туудурары болжолдонууда. Туруктуу жана инновациялык чечимдерге чукул муктаждык менен Эл аралык Миграция уюму стандартташтырылган, алдын ала бекитилген, экономикалык жактан натыйжалуу, экологиялык жактан туруктуу жана климатка туруктуу курулуш пландарын иштеп чыгуу үчүн жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул жашыл реновация долбоорлору турак жайлардын сапатын жакшыртуу, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана абанын булганышы менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан.Бул инновациялык долбоордун маанилүүлүгүн Эл аралык миграция уюмунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бермет Молдобаева баса белгиледи. «Тилекке каршы, энергияны үнөмдөөчү үйлөрдү ар ким эле кура бербейт жана үй куруу үчүн кымбат баалуу архитектуралык фирманы жалдоо ар кимдин эле чамасы эмес. Бул долбоордун максаты - үй чарбаларына энергияны үнөмдөөчү үйлөрдү курууга жана шаарларыбыздагы экологиялык стандарттарды жакшыртууга жардам берүү». Долбоор 2023-жылы өнөктөштүктү бекемдөө жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү үчүн ар кайсы министрликтердин жана шаар бийликтеринин улуттук өнөктөштөрүн чогулткан жумушчу топтун жолугушуусу менен башталган.Эл аралык миграция уюму Архитекторлор Союзу жана Юнисон Групп бейөкмөт уюму менен биргеликте архитекторлорду климаттык таасирлерге жана жер титирөөлөргө туруктуу үйлөрдүн долбоорлорун түзүүгө чакырды. Тапшырылган 16 материалдын ичинен эксперттик жюри энергиянын натыйжалуулугу, туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү сыяктуу критерийлердин негизинде алдыңкы үчөөнү тандады.Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) тандалып алынган долбоорлорду жалпыга ачык кылып, мигранттарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жашыл курулуш практикасын жана турак жайды оңдоп-түзөө боюнча адекваттуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоону камсыз кылып, аларга улуттук климаттык максаттарга жетүүгө салым кошууга мүмкүндүк берет. Бул иштин алкагында Кыргызстандагы Эл аралык миграция уюму Бишкек жана Ош шаарларындагы эң аялуу 12 аял башкарган үй чарбаларын оңдоо процессин баштады. Бул пилоттук жашыл реконструкциялоо схемалары аялдардын коомчулугунда үлгү катары мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.«Үч балам менен бул үйдө жашоо абдан оор болду. Аны жылуулоого шартыбыз жок болчу, бул жерде кыш катаал. Балдарым дайыма ооруп жүрүшөт. Бул жер мага апамдан калган, бирок жакшыраак үй курууга эч качан акчабыз жетпей жүрчү. Эл аралык миграция уюму менен Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин биргелешкен демилгесин укканда менде үмүт пайда болду. Жалгыз бой эне катары менин абалымды карашат деген үмүт менен дароо кайрылдым»,- дейт Бишкектеги долбоордун бенефициарларынын бири Назира.Долбоордун алкагында Мамкурулуштун аймактык бөлүмдөрү энергияны үнөмдүү жылытуу, коопсуз суу менен камсыздоо жана желдетүү боюнча окуудан өтүшөт. Мындан тышкары, жашыл курулуш боюнча маалымат кампаниялары өткөрүлөт.Кыргызстандагы турак-жай көйгөйлөрүн чечүүнүн жаңы жана комплекстүү мамилеси менен пилоттук долбоорду ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон башка региондор үчүн үлгү катары колдонууга болот. Турак жайды жакшыртуунун артыкчылыктуу багыттары экологиялык туруктуулукка, адилеттүүлүккө, көп түрдүүлүккө жана инклюзивдүүлүккө жетишүүгө багытталып, алар туруктуу келечекке жетүү үчүн турак жай муктаждыктарын канааттандырууда негизги өбөлгө түзөт.
1 of 5
Баяндама
22 сентябрь 2024
Оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиондору жашаган Маңгыт айылынын баяны
Бул кыймылдын башында турган адам — өзгөрүүнүн чыныгы чемпиону Муктаралы. Муктаралы жумуш орундарын түзүүгө жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилге алкагында «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири. Ишкердик рухунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүп, негизинен аялдардан жана жаштардан турган топтун мүчөлөрү окутуулардан өтүп билим алышты. Муктаралы 40 жылга жакын өмүрлүк жары менен бирге чогуу өнүгүп-өсүү үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз салымын да кошуп,«Ынтымак» тобунун көптөгөн ийгиликтерине түрткү болгон. Түгөйлөрдүн аракетинин натыйжасында тигүү цехи, биогумус өндүрүү, картошка жана мөмө-жемиш бактарын өстүрүү сыяктуу бир нече киреше алып келүүчү иштер жасалды. Бул долбоорлор, өзгөчө, вермикомпост өндүрүүдө олуттуу натыйжаларды алып келип, үй-бүлөнүн кирешесин бир топ жогорулатты.«Биздин биогумус менен байытылган картөшкөнүн биринчи түшүмүн алып, анын даамын татып көргөнүбүздө башкача чыкты. Айырмасы ачык эле көрүнүп турду: мурда 700 килограммдан ашпаган болсок, быйыл 100 кг үрөндөн 1 тонна картөшкө жыйнап алдык. Айылда төрөлүп, өмүр бою айылда жашагандыктан айырманы дароо сездим - даамы абдан сонун экен. Андан сырткары айылыбыздагы социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө 500 кг да тараттык», - деп Муктаралы айыл чарбадагы жупуну ийгиликтери менен бөлүшөт. «Ынтымак» тобунун таасири жергиликтүү жакшыртуу менен чектелбей, Өзбекстандагы коңшу жамаатар менен байланышты чыңдоого жардам берди. Топ Наманган жана Анжиян облустарындагы айылдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүп, айыл чарба тармагында билим алмашууга жана кызматташууга алып келди.«Биздин Өзбекстандагы өнөктөштөр менен мамилебиз бекемдеди», - дейт Муктаралы. «Бул долбоордун аркасында чек арага жакын жайгашкан айылдарды кыдырып, таанышып, жакшы мамилебизди кармап келе жатабыз».Мындай чек ара кызматташуусу Маңгыт айылына өрүктүн жакшыртылган сортторун жана башка айыл чарба инновацияларын киргизүүгө өбөлгө түзүп, андан кыргыз жана өзбек дыйкандары тең пайда көрүштү.Долбоордун демилгеси коомчулуктун гендердик карым-катнашында байкаларлык өзгөрүүлөргө алып келди.Айылдын мырзалары аялдардын экономикалык өсүшкө кошкон салымын баалай баштап, бул үйдөгү колдоонун жана жоопкерчиликтин бөлүштүрүлүшүнө алып келди. Долбоор үй-бүлөлүк турмуш маселелери боюнча талкууларды жана тренингдерди өткөрүүгө көмөктөшүп, Маңгыт айылындагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү дагы да бекемдеди. Муктаралы белгилегендей: «Аялдарды колдоо жана биргелешип иштөө кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет. Эркектер менен аялдар кызматташканда бири-биринин салымын урматтоо сезими пайда болорун билдим. Бизнесте жана үй-бүлөлүк жашоодо чыныгы ийгилик аялдарга карата стереотиптерди бузууга жардам берген жоопкерчиликти жана кызматташууну бөлүшүүдөн келип чыгат».Муктараланын жубайы тигүү цехин ачып, көп өтпөй сурпа (камыр жайган кездеме) сыяктуу ашкана идиштерин сатуудан айына 20 миң сомдой (234 доллар) киреше ала баштаган. Алардын күтүлбөгөн арыз-талабы жана ийгилиги башка аялдарды тигүү бизнесине шыктандырып, үй чарбаларынын жана бүтүндөй айылдын экономикалык өсүшүнө салым кошкон.Муктаралы айылдаштары аны Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн улуу заманбап пионери деп атап алышканын жылмаюу менен белгилейт: «Эл бир максат үчүн бириккенде өзгөрүү болот. Биздин кыргыз жана өзбек коомчулугунун гүлдөп-өсүшүнө болгон умтулуубуз прогресске өбөлгө болду. Ал эми менин ушундай кызматташуунун күчүнө болгон жеке ишенимим Маңгыттын ар бир аялын жана ар бир эркегин оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиону кыла алды окшойт». Муктаралы сыяктуу ачык-айрым адамдардын жетекчилиги жана түшүнүгү менен «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун жетишкендиктери коомчулуктун демилгелеринин күчүн көрсөтүүдө.Чек ара кызматташтыгы жана тынчтык куруудагы туруктуулук элдин жашоо-тиричилигин жана үй-бүлөлүк мамилелерин жакшыртып тим болбостон, алардын коомдук байланыштарын чыңдап, өз айылы үчүн да, бүтүндөй эки өлкө үчүн дагы адилеттүү жана бакубат келечекти курууга жардам берди.***Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген «Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.
1 of 5
Баяндама
29 август 2024
Ишмердүүлүккө жол тартып өзгөрүүлөргө бел байлаган элеттик айымдар коомдук ынтымакты күчтөндүрүүдө
“Өз айылыбызга күч-кубат берип, өзүбүздү өнүктүрүүнүн чырагы болуп калды биз катышкан окутуу, иш-чаралар. Алар бизге терең таасир калтырып, коомчулуктун лидерлери болууга өбөлгө түздү”, – деп Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өлөң-Булак айылынын тургуну Күмүшай бөлүштү. Беш баланын апасы 46 жаштагы Күмүшай айым Аксы, Ала-Бука жана Араван райондорунда чек арага жакын аймактарда ишке ашырылган долбоордун өз ара жардам көрсөтүү топторунун окутууларына катышып, тынчтык куруу процессинин негизги катышуучулары жана демилгечилеринин арасына кошулуп келди. Элеттик айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, тынчтык куруу, жаштардын жана аялдардын тынчтык куруудагы өзгөчө ролун белгилеп колдоо максатында уюштурулган бул окутууларында айымдардын жана жаштардын өзүн-өзү камсыздоо жана жеке өсүү-өнүгүү боюнча баа жеткис билим, маалымат берилди. Үйдөгү деле жумушун жасап, ошону менен бирге өзү кызыккан жумушту алып кете алаарына көзү жеткен Күмүшай: “Кайнене - кайната менен турган кичи келинмин. Үйдө кызмат кылып эле жүргөн келин катары бир убакта ишмердүүлүккө жол тартып, окууларга барып баштасам кайненем башында туура эмес карап “Үйгө коноктор келмек, иштер калып кетет” деп каршы чыгып атты”, – деген оюн бөлүшүп кетти. Жашоосундагы өзгөрүүлөргө бел байлаган Күмүшай айым убакытты туура башкаруу чеберчилигин өздөштүрүп, бул умтулуу үйдөгү милдеттерин аткаруу менен бирге өзү кызыккан демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Катышкан окутуулардын биринде репродуктивдүү ден соолук боюнча алган билим өзгөчө таасирдүү болуп, анын өспүрүм кызы менен ачык баарлашуусуна өбөлгө түзгөнүн: “Мен бойго жеткен кызым, уулдарыма мамилем өзгөрүп, ушунча жыл өтүп эми ачык сүйлөшө баштадым. Балдарыма биринчи ирээт мен күйөт экенмин”, – деген сөз менен Кумүшай баса белгиледи.Бирок алган маалыматты Күмүшай айым өзүнө катып сактаган эмес. Ал айылындагы мектепте ата-энелер комитетинин жетекчиси катары уул-кыздарды окууга тартуунун жана алардын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат менен бөлүшүп турду. Алган билимин үй-бүлөсүнөн тышкары, кошуна кыз-келиндерге да жеткирип турду. Окутуулар Күмүшай айымдын ишкердик рухун дагы жандырды. Кайненесинин колдоосу менен жергиликтүү кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн жолдун боюнан үйүнө жакын сулуулук салонун ачууну сунуштаган.“Ушул ишканабыз жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, аялдардын көз карандысыздык сезимин да арттырды. Айылдын келиндери үйдө балдары менен гана отура бербей, чөнтөктөрүндө бир аз болсо дагы акчасы бар болуп атты. Алардын да кайненелери туура тушунуп, жөлөк-таяк болуп колдоо көрсөтүштү”, – деп Күмүшай айым бөлүштү.Өлөң-Булак айылынын сулуулук салону заманбап чач жасалгаларын жана сулуулук кызматтарын берип баштады. Күмүшай айым салондун айылга алып келген ыңгайлуулугун жана арзандыгын баса белгилеп: “Бизде жылуу - муздак суу чыгат. Элдер да кызыгып келишет, кээде жөн эле көрүп кетишет. Мектеп мугалимдери келип тырмагын жасатып, чачын жуудуруп, жасалгалап турушат. Мурда окуучулар мектептен чыгып, 25 км узак болгон Кербен шаарына чачын тегиздөөгө кетсе, үйдөгүлөрү качан келет деп сарсанаа да болушуп, барганга жол киреси да кетет эле”, – деп түшүндүрдү. Жаңы ишкананын экономикалык пайдасынан тышкары коомдук-социалдык таасири да артты. Айылдын майыптыгы бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн чачтарын бекер кыркып, көп балалуу энелерге да жеңилдиктерин сунуп беришет. Күмүшай айым өзүнүн чечкиндүүлүгү, өжөрдүгү, талыкпас эмгеги аркылуу өз жашоосун гана өзгөртпөстөн, ал турган айылдын коомчулугуна да туруктуу оң өзгөрүүлөрдү алып келди. “Аялдарга билим берип, шыктандырып, туура колдоо көрсөтүлүп, мүмкүнчүлүктөр берилсе биз ойлогон бардык нерсеге жете алаарыбызды анык түшүндүм”, – деген сөзүн Күмүшай айымдын баяны далилдейт. Анын көтөргөн демилгеси коомдогу салттуу тоскоолдуктардын алдын алып, экономикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, коомдук ынтымакты күчтөндөрүп келет. ***Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү” долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 келин-айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.
1 of 5
Баяндама
11 июнь 2024
Жеткиликтүү медициналык жардамдын Кыргызстандын элет жергесиндеги жашоо сапатын өзгөртүүгө кошкон салымы
колдоосу менен “Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсынын” (ҮПКА) биргелешкен аракеттери гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо (РДС) биринчи ирээттеги муктаждыктарына тез арада жооп берүү максаттарын көздөгөн. Жетүүгө кыйын болгон калкты камтуу: мобилдик клиникаларды жайылтууЮНФПА менен ҮПКА Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткендеги чек ара жаңжалынан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга медициналык кызмат көрсөтүү демилгесин көтөргөн. Бир нече айдын ичинде ЮНФПА бул аймактарга мобилдик клиникаларды, медицина кызматкерлери менен психологдордун тобун жиберип, негизги медициналык кызматтарга жете албаган 4500дөн ашуун аял-кыздарга кызмат көрсөтүлдү. Мобилдик клиникалардын курамына гинеколог, маммолог жана терапевттер кирип, алардын кеңешине таянып, аялдар психолог жана башка тармактагы адистерге жөнөтмө алышкан. Туруктуу таасир жана Өкмөттүн милдеттенмесиМобилдик клиникалардын ийгилиги алардын кызматтарына туруктуу суроо-талапты жаратты. Тийген жардамына баа берип, Баткен районунун башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу чек ара аймактарындагы калк арасына мобилдик клиникаларын жиберүү демилгесин көтөрдү. Бул демилге каржылык жана социалдык чыңалууну басаңдатууга жардам берип, Кыргызстан Өкмөтү эч кимди артта калтырбай камсыз кылууга умтулганын көрсөттү. Курч кырдаалдан чыгуу боюнча чаралар 2023-жылдын декабрь айында Баткен облусунун администрациясынын демилгеси менен чек арага чектеш Андарак айылында бир жылдын ичинде жарымы көз жумган 20-43 курак жашындагы 10 аял өз жанын кыюу аракеттерине (https://rus.azattyk.org/a/32743308.html) жооп катары ЮНФПА бир катар комплекстүү иш-чараларды ишке ашырган. Ушул абалдын негизги себептеринин бири үй-бүлөлүк зомбулук деп аталган. Ошондон улам үч күндүн ичинде (29-февралдан 2-мартка чейин) мобилдик клиниканын дарыгерлер жана психологдор тобу 184 аял жана өспүрүм кызга жардам көрсөтө алышты. Аялдар жана кыздар УЗИден, терапевт, маммолог, онколог, акушер-гинеколог жана психологдун консультацияларынан өтүштү. Консультацияларга кошумча катары, адистер Андарак айылындагы жогорку класстарынын окуучуларына «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу» деген темада маалымат сессиясын өткөрүштү. Элеттен чыккан добуш Бул демилгенин таасири терең жана масштабдуу болуп, Баткен облусунун көптөгөн аялдардын жана өспүрүм кыздардын жашоосун оң жактан козгоду. Айыл тургундары мобилдик клиникалардын жеткиликтүү жана өз убагында көрсөтүлгөн камкордугуна ыраазычылыгын билдиришти. Ак-Турпак айылынын тургуну айылга мобилдик клиника жеткен биринчи күнү оюн бөлүшүп кетти: “Дарыгерлерге, өзгөчө гинекологко ыраазычылыгымды билдирем, анткени ар бир айымга мээримдүү мамиле көрсөтүп, тажрыйбалуу кеңештерин беришти”Анын сыңарындай, Боз-Адыр айылынын тургуну Асел Мамытова мобилдик клиниканын тейлөөсүнүн ыңгайлуулугун жана сапатын баса белгиледи: "Боз-Адырга келгениңиздерге ыракмат! Борбор калаага чейинки алыскы сапарга аттанып, текшерүүдөн өтүүнүн кереги жок болуп калды. Мобилдик клиника бизге такай келип турса чындап жакшы болмок!”Маанилүү медициналык кызматтарды көрсөтүү менен бирге, бул демилге коомчулук арасында кам көрүү жана колдоо сезимин жаратты."Мурда биздин жердештер борбор калаага барып медициналык консультация алышчу. Бирок көбүнесе аялдар көп жылдан бери медициналык кызмат ала албай келишкен, анткени алыс жакка жеткен күнү дагы, медициникалык кызматтын акысы бизге оорчулук жаратчу", - деп айыл тургундарынын бири баса кетти. Элеттик аялдар менен өспүрүм кыздардын келечегине көз караш Бул демилгеге болгон коомчулуктун суроо-талабы Кыргызстандын элет жериндеги ар бир аялдын жана өспүрүм кыздын чын ден соолугуна жана кенен келечегине салым кошот деген ойдобуз.Бул ыкма гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукка байланыштуу чукул муктаждыктарга чара көрүү үчүн бирдиктүү аракеттердин дараметин көрсөтөт.Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНФПА жана ҮПКАнын биргелешкен демилгеси өз убагында жан дили менен колдоо көрсөтүү аркылуу эч кимди артта калтырбай олуттуу натыйжаларды берди. Даярдаган: Гүлайым ШигайбаеваСүрөттөр: ҮПКА
1 of 5
Пресс-релиз
23 декабрь 2024
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын жаштарын Туруктуу өнүктүрүү максаттары жөнүндө маалымдоо боюнча талкуу өттү
Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун “Туруктуу келечек: Кыргызстан жаштарын ТӨМ боюнча маалымдоо” багытындагы жыйыны өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык жана улуттук өнөктөштөр, эксперттер, уюштуруучулар жана жаштардын өкүлдөрү катышты.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Чингиз Айдарбеков демилгенин максаты жаштар арасында туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аны улуттук контекстте колдонуу болуп саналарын белгиледи. “Жогорку Кеңештеги бүгүнкү аянтча атайын жаштар үчүн уюштурулду. Азыр «Агартуу: Кыргызстан жаштарын Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча маалымдоо» аталышындагы жаңы долбоорго 54 адам катышып, алардын катары улам барган сайын көбөйүп баратат. Бул жаштардын биринчи гана тобу экенин, долбоор узак мөөнөттүү ишке ашырыла турганын айткым келет”-, деди Чингиз Айдарбеков. Депутат Нилуфар Алимжанова ТӨМ жана анын күнүмдүк жашоодо колдонулушу, мааниси боюнча айтып берди. “Бул азыркы жана келечегибизге тиешелүү болгон маселе. Кыргызстан жаштардын өлкөсү, бул биздин баалуу ресурсубуз. Бүгүн дүйнө мурункудан да тез өнүгүп жаткандыктан, дал ушундай жаштар өз аракеттерин бириктирип, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келүүдө. Жаштар ТӨМдү ишке ашырууда, демилге көтөрүп, ишкерлик, экология сыяктуу түрдүү багыттар боюнча долбоорлор аркылуу көмөк көрсөтө алышат”,- деди ал. Ал эми депутат Аида Исатбек кызы ТӨМдө белгиленген глобалдык маселелерди ишке ашырууда жаштардын ролу жана салымы өзгөчө экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал жаңы муун демилгелерди сунуштап, өзгөрүүлөрдү колдоп, инновацияларды киргизүү менен коомду өнүгүү багытына буруп, лидерлик жөндөмдүүлүктү көрсөтө аларын кошумчалады. БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору Антье Граве, жаштардын катышуусундагы бул-иш чараны жогору баалап, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууда жаштар маанилүү роль ойнорун билдирди. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өкүлү, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары жана жаштардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Эске салсак, аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча жумушчу тобу «Инновация» коомдук бирикмеси жана DiplomacyPRO уюму менен биргеликте өткөрүлүүдө.
1 of 5
Пресс-релиз
28 ноябрь 2024
Кыргызстанда кыз-келиндерге карата зомбулукка нөлдүк сабырдуулукка чакырыктар жаңырды
Бүгүн Бишкекте гендердик зомбулукка каршы жыл сайын өтүүчү 16 күндүк кампания расмий түрдө башталды. Иш-чарага жарандык коомдун уюмдары, активисттер, эл аралык өнөктөштөр жана кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты. Бул жылы улуттук кампания аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү аракеттерин бириктирип, зомбулукка нөлдүк сабырдуулук принцибине негизделген экосистеманы түзүү максатын көздөйт. Ачылыш аземинин жүрүшүндө жарандык уюмдардын жана негизги бийлик өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда тематикалык талкуу болуп өттү. Анда катышуучулар топторго бөлүнүп, зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук стратегияны жакшыртуу, жабыр тарткандарды коргоону камсыз кылуу жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова белгилегендей, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулуктун жана катаал мамиленин ачыктан-ачык фактылары дагы эле бар. «Эң жаманы, балдар ушундай фактыларга күбө болуп жатышат. Апаларына карата адамгерчиликсиз мамиле жана катуу зомбулук учурлары алардын жан дүйнөсүндө муундан-муунга улана турган кесепеттерди калтырат. Бүгүнкү күндө социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо, үй – бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жайылтуу, гендердик басмырлоого жана зомбулукка каршы күрөшүү, гендердик өнүгүүнү жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролун күчөтүү боюнча чараларды ишке ашырууну координациялоону жана көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү», - деди ал. Министр ошондой эле коомчулукту акцияга активдүү катышууга чакырып, маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатуу зарылдыгына басым жасады.«Кыргыздарда "Кыздын кырк чачы улуу" деп айтылат. Бул сөздүн мазмуну өтө терең. Биз элибиздин эң жакшы жана гумандуу салттарын улантып, ар бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлашыбыз керек. Ошол эле учурда, биз бардык аракеттерибизди бириктирип, азыркы цивилизациялуу дүйнөдө зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек.Биз өнөктөштөрүбүздү мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу процессине активдүү катышууга чакырабыз, анын алкагында зомбулук маселелери менен түздөн-түз же кандайдыр бир жол менен өз ара байланышкан көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашырууга болот. Социалдык долбоорлорду ишке ашырууга 2025 - жылы республикалык бюджеттен 115 млн.сом бөлүү пландалууда», - деп белгиледи министр.БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым кооптондурган статистикага, анын ичинен Кыргызстанда фемицид жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбөйүшүнө токтолуп, системалуу теңсиздик жана зыяндуу нормалар маселесин чечүү үчүн жалпы коомчулуктун катышуусунда комплекстүү ык-амалдарды иштеп чыгууга жана колдонууга үндөдү. Граве айым Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарды күчөтүү сыяктуу акыркы саамалыктарды жогору баалап, ошону менен бирге жабыр тарткандарга отчеттуулукту жана адекваттуу колдоону камсыз кылуу үчүн реформаларды улантууга чакырды. Антье Граве маалымдуулукту жогорулатуу, туруктуу каржылоо жана зомбулукка нөлдүк сабырдуулук маданиятын өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, БУУнун бардык аялдар жана кыздар коркуу жана зыяндан эркин жашай ала турган дүйнөнү түзүүгө болгон кажыбас берилгендигин тастыктады. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон 16 күндүк кампаниянын алкагындагы аракеттер тууралуу сөз кылып, ар бир добуш маанилүү экенин жана ар бир аракет бизди теңдикке жана адамдык кадыр-баркка негизделген коомго жакындатарын эскертти. Анын айтымында, бул өнөктүк маалымдуулукту жогорулатууну гана эмес, реалдуу иш-аракеттерди да камтыйт. «Бул жабыр тарткандардын үнүн угуу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иштөө дегенди билдирет. Биргеликте биз өзгөрүүлөрдү жасай алабыз», - деди элчи. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте уюштурулду. Кампания тууралуу маалымат:Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк — бул жыл сайын 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнөн тартып, 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин өтүүчү глобалдык демилге. Быйылкы кампания: «Пекин декларациясынын жана Иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгына карата: Аялдарга болгон зомбулукту түп-тамыры менен жок кылуу үчүн биригели» аталышында өтүүдө.
1 of 5
Пресс-релиз
21 ноябрь 2024
Кыргызстандын медициналык адистери төрөттүн стандарттарын өздөштүрүүдө: энелер менен ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшырткан партограмма
13-14-ноябрда Токмок шаарында жана 15-16-ноябрда Кара-Балта шаарында төрөт үйлөрүнүн медициналык кызматкерлери үчүн төрөт учурунда партограмманы жүргүзүүгө жана талдоого арналган окутуулар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар жүргүзүлгөн төрөттүн сапатын жакшыртууга жана акушердик байкоо жүргүзүү системасына жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган. Окутууга катышкандар төрөттүн бардык этаптарын камтыган жети негизги бөлүмү жаңыртылган партограмманы толтуруу процессин: идентификациялык маалымат жана толгоонун мүнөздөмөсү, колдоочу жардам, балага жана энеге жардам көрсөтүү, төрөттүн жүрүшү, дары-дармектерди киргизүү жана биргелешип чечим кабыл алуу темаларын кылдат изилдешти.«Биз ушул окутууда мурда жок болгон кошумча бөлүмдөр кошулган партограмманы изилдеп жатабыз. Биз өзгөрүүлөргө көнүп, алардын пайдасын көрүп жатабыз. Партограмманы электрондук стационардык картада колдонуу ишти жеңилдетет: төрөп жаткан аял жана ымыркай жөнүндө маалымат тезирээк киргизилип, каалаган убакта талдоо үчүн жеткиликтүү болот. Жаш адистер бул куралды оңой өздөштүрүшөт, ал эми тажрыйбалуу акушерлер үчүн өткөөлдүн кыйынчылыктарына карабастан, ал олуттуу пайда алып келет», - деп Кемин райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы Айгүл Уларбай кызы бөлүштү. Энеде жана түйүлдүктө пайда болгон кыйынчылыктарды өз убагында аныктоого жана тийиштүү жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү партограмманы реалдуу убакыт режиминде толтурууга өзгөчө көңүл бурулду. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева партограмманын төрөт учурунда татаалдыктардын алдын алуудагы маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Партограмма эне менен түйүлдүктүн абалын сапаттуу көзөмөлдөөнүн негизги куралы болуп саналат. Бул өз убагында чечим кабыл алууга жана төрөттүн жагымсыз кесепеттеринин алдын алууга жардам берет».Тренингдер БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча демилгесинин алкагында Индия-БУУнун Өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондунун каржылык колдоосу менен өткөрүлүп келет. Долбоор Кыргызстанда энелердеги алдын алууга мүмкүн болгон оорулардын жана өлүмүн азайтууга багытталып, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда. Анын негизги компоненттеринин бири - бул өлкөдөгү беш пилоттук төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдөө жана жооп берүү системасын (OSRS) киргизүү, ошондой эле телеконсультацияларды колдонуу. Бул система сапаттуу медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет жана адистер арасында маалыматты тез алмашып турууга жана чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.Жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан окутуулар төрөт үйлөрүндө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга гана эмес, ошондой эле бейтаптардын саламаттыкты сактоо системасына болгон ишенимин бекемдөөгө да жардам берет. Төрөттү башкаруунун жаңы ыкмалары, анын ичинде санариптик чечимдер, Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун чыңдоо үчүн маанилүү кадам болуп келет.
1 of 5
Пресс-релиз
15 ноябрь 2024
Кыргыз Республикасы азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү үчүн кызыкдар тараптарды бириктирүүдө
Азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (Министрлик) азык-түлүк тутумдары боюнча диалог уюштуруп, жеке жана мамлекеттик секторлордун өкүлдөрүн бириктирди. Бул иш-чара БУУнун Азык-түлүк тутумдары боюнча Координациялык борборунун колдоосу менен 2024-жылдын 15-ноябрында Hyatt мейманканасында өттү. Министрлик, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулган бул форум азык-түлүк тутумдарын трансформациялоо боюнча инклюзивдүү аянтча болуп саналат. Жеке сектордун өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана башка кызыкдар тараптар Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасында белгиленген стратегиялык көз карашты талкуулап, 2030-жылга карата туруктуу азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү багытында сөз кылышты. Ошондой эле, диалог пайдалуу тамактануу маселелерин көтөрүп, Министрликтин ачык-айкындуулук саясатын бекемдеди. Азык-түлүк тутумдары боюнча диалог камсыздоо чынжырынын бардык этаптарында – өндүрүштөн жана кайра иштетүүдөн тарта, сактоо жана сатууга чейинки көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө багытталды. Андан тышкары, катышуучулар туруктуу азык-түлүк тутумдарын түзүүдө мамлекет менен ишкерлердин ролун, сапаттуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, калктын саламаттыгын чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун жана пайдалуу тамактанууну камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Бул диалогдун алдында Министрлик аймактарда эки «Агродиалог» уюштуруп, аларга дыйкандар, кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрү, илимпоздор жана өндүрүүчүлөр сыяктуу ар башка секторлордун миңден ашуун өкүлдөрү катышкан. Мындай иш-чаралар БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) шайкеш келген айыл чарба тармагынын узак мөөнөттүү максаттарын түзүүдө маанилүү роль ойнойт.Кыргыз Республикасы 2021-жылы БУУнун азык-түлүк тутумдары боюнча саммитине активдүү катышып, 2030-жылга карата туруктуу азык-түлүк тутумдары боюнча өзүнүн стратегиялык көз карашын сунуштаган. 2023-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ жана ФАОнун колдоосу менен Министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган беш жылдык көп секторлуу программаны иштеп чыккан. Бул программа ар башка министрликтердин жана секторлордун аракеттерин бириктирип, өлкөнүн азык-түлүк тутумдарын өнүктүрүү үчүн комплекстүү жана көп тараптуу иш-аракеттер керек экенин баса белгилейт.
1 of 5
Пресс-релиз
11 ноябрь 2024
Кыргызстанда балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргошундун таасиринен коргоо
Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык өнүктүрүү агенттиги 2024-жылдын 20-октябрынан 26-октябрына чейин өтө турган Коргошундан уулануунун алдын алуунун эл аралык жумалыгын өткөрүү үчүн биригишүүдө. Пландаштырылган кампания коргошундун таасиринин кооптуулугун, айрыкча балдар үчүн зыяндуулугун көрсөтүү жана Кыргызстанда коргошун боёкторун жана башка коркунучтуу булактарды колдонууга тыюу салуу аракеттерин жайылтуу максатында уюштурулган.Коргошундан уулануу көптөгөн кылымдар бою адамдын ден соолугуна олуттуу көйгөй жаратып келген жана ДССУ коргошунду бүгүнкү күндө коомдук саламаттык сактоо үчүн олуттуу тынчсызданууну жараткан 10 химиялык заттын бири катары аныктайт, ошондой эле коргошундун таасиринин коопсуз деңгээли жок экенин баса белгилейт.Коргошун көптөгөн органдарды жабыркатуучу өтө уулуу металл болуп саналат. Айрыкча ал жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана күнүмдүк жашоодо коргошундун таасирине дуушар болгон жумушчулар үчүн өтө зыяндуу.Ден соолук көрсөткүчтөрүн өлчөө жана баалоо институтунун (IHME) маалыматтары боюнча 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиондон ашык адам коргошундун таасиринен улам каза болгон, ошондой эле миллиондогон адамдар интеллектуалдык жөндөмүнүн төмөндөшү, жүрөк-кан тамыр оорулары жана бөйрөктүн бузулушу сыяктуу коргошундун ден соолукка узак мөөнөттүү таасиринен жабыркап келишет.2024-жылдын январь айына карата дүйнө өлкөлөрүнүн 48% коргошун боектору жөнүндө мыйзамда милдеттүү юридикалык көзөмөлдөөнү белгилешкен, Кыргызстан коомдук ден соолукту коргоону жана коргошундан уулануунун алдын алууну жактагандыгын көрсөтүү менен бул өлкөлөрдүн катарына киргенине сыймыктанат. Бирок ошого карабастан, Кыргызстанда коргошун-кислоталуу аккумуляторлордон, эски боёктордон, сантехникалык жабдуулардан жана өнөр жай чаңынан чыккан коргошунга байланыштуу көйгөй дагы эле бар.Коргошун боектор, керамика, оюнчуктар, косметика сыяктуу продукттарда да кездешет, ошондой эле эски суу түтүктөрү аркылуу ичүүчү сууну булгашы мүмкүн. «Коргошунга ууланууга каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттердин зарылчылыгын моюнга алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги калктын маалыматтуулугун жогорулатуунун жана коргошундун таасир этүүсүн азайтуу боюнча чаралардын үстүндө активдүү иштеп жатат. Өлкөдө мектепке чейинки куратагы балдардын канында коргошундун деңгээлин масштабдуу изилдөө башталды. Изилдөөнүн жыйынтыктары коомдук саламаттык сактоонун балдардын ден соолугуна коргошундун терс таасирин алдын алууга багытталган мониторинг системасын жана программаларды түзүүсүнө жардам берет», - деп билдирди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева. «Коргошундун таасири биздин балдарыбыздын жана келечек муундардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна жашыруун коркунуч туудурат, бирок калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу чараларын көрүү менен аны толугу менен алдын алууга болот», - деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско, ошондой эле «Коргошундан ууланууну алдын алуу боюнча эл аралык жумалык бизге секторлор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн эскертет. Биз, мамлекеттик мекемелер, жарандык коом, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр, биргелешип иштеп, коргошунду колдонуу менен коштолгон калктын ден соолугуна болгон коркунучту жок кыла алабыз», - деп баса белгиледи.«Балдар коргошундан уулануу коркунучу алдында эң аялуу абалда экенин моюнга алуу менен, ЮНИСЕФ жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги коргошун менен ууланууну маанилүү көйгөй катары таануу менен, коргошун менен уулануунун алдын алуу максатында чараларды көрүү үчүн Коргошунсуз келечек үчүн глобалдык өнөктөштүктү ишке киргизди. ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдардын ден соолугун айлана-чөйрөнүн булгануусунан коргоо үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматкерлерине инвестиция салууда. Биргелешкен жана стратегиялык аракеттер коргошун менен ууланууну токтотууга жардам берет», - деди ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло.***Кошумча маалымат алуу үчүн:Алмаз Жумалиев, ДССУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсеси, 0550701712, eukgzmedia@who.int
1 of 5
Latest Resources
1 / 11
Ресурстар
01 апрель 2022
Ресурстар
07 октябрь 2021
1 / 11