Latest
Кайрылуу
21 сентябрь 2023
«Ынтымак жумалыгынын» ачылышында БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын кириш сөзү.
Көбүрөөк билүү
Баяндама
14 сентябрь 2023
Кыргыз Республикасындагы кичинекей башпаанек издеген адамдын чоң үмүтү.
Көбүрөөк билүү
Кайрылуу
13 сентябрь 2023
ТӨМ боюнча Улуттук координациялык комиссиянын жыйыны БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын кириш сөзү.
Көбүрөөк билүү
Latest
Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары
Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.
Пресс-релиз
08 февраль 2023
БУУнун Тынчтык куруу Фондунун Биргелешкен башкаруу комитети Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан жана жаңы долбоорлорду талкуулады
Бишкек – Бүгүн БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве жана Президенттин администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тең төрагалыгы астында, БУУнун Тынчтык куруу фондунун (БУУ ТКФ) Биргелешкен башкаруу комитетинин жыйыны өттү. Өкмөт өкүлдөрүнөн, БУУ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн жана жарандык коомдон турган аталган комитет Кыргыз Республикасындагы БУУнун тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик долбоорлорун көзөмөлдөйт.
2010-жылдан бери БУУнун Тынчтык куруу фонду өлкөдөгү тынчтык демилгелерин колдоо үчүн жалпысынан 56 миллион доллар бөлгөн. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун БУУ Баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылуусунун негизинде, 2021-2026-жылдарга карата БУУ Тынчтык куруу фондунун ишинин учурдагы долбоорлору ачык-айкын башкарууга, инклюзивдик жарандык иденттүүлүккө, чек арадагы коомчулуктардын ортосундагы ишенимге жана кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Жыйында жалпы бюджети 5,1 миллион долларды түзгөн үч долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жергиликтүү тынчтык демилгелерин, анын ичинде аялдар баштаган демилгелерди жана жергиликтүү деңгээлде өкмөт менен жарандык коомдун тыгыз өнөктөштүгүн илгерилетүүгө багытталган жалпы бюджети 3,9 миллион долларды түзгөн эки жаңы долбоор талкууланды.
БУУнун Туруктуу Координатору бардык деңгээлдердеги ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, катышуучуларга БУУнун Тынчтык куруу фондунун долбоорлору коомдо тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө, ошондой эле пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн платформаларды камсыз кылууга жана потенциалдарды жогорулатууга багытталгандыгын баса белгиледи. Президенттик аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов тынчтыктын жана экономикалык гүлдөп өнүгүүнүн өбөлгөлөрү катары өлкөдөгү толеранттуулукту жана инклюзивдүүлүктү мындан ары да сактоонун жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Биргелешкен башкаруу комитет Кыргыз Республикасында БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынган демилгелердин отчеттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Бул демилгелер мындан ары да тынчтыктын жана социалдык биримдиктин аракеттерин колдоону уланта бермекчи.
***
Жыйындын сүрөттөрүн көрүш үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://flic.kr/s/aHBqjAriCU
1 of 3
Пресс-релиз
24 январь 2023
БУУ Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоо үчүн секторлор аралык ыкманы колдонууга чакырат
ЮНИСЕФтин “Балдар чындап эле билим алып жатышабы?” деп аталган глобалдык отчетуна ылайык, Кыргызстанда 3-класска барган 10 жаштагы балдардын жарымынан көбү китеп окуунун жана эсеп чыгаруунун баштапкы көндүмдөрүнө ээ эмес. Бул сандар 40 бала билим алган класста 28 окуучу өз жаш курагына туура келген китепти окуй албайт дегенди билдирет. Окуудагы мындай кризис өзгөчө аялуу балдарга өзгөчө таасирин тийгизип жатат жана муундардын ортосундагы жакырчылыктын жана теңсиздиктин негизги себептеринин бири болуп саналат. Мындан тышкары, учурда өлкөнүн калкынын 38 пайызын 18 жашка чыга элек балдар түзгөндүктөн, кийинки он жылдын ичинде эмгек рыногуна жыл сайын болжол менен 350 миңден ашуун жаштар чыгып турушмакчы. Ошондуктан алардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жумушка талаптагыдай даярданууга мүмкүндүк бере турган конкреттүү кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө азыртан эле инвестиция салуу өтө маанилүү.
Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитте (TES) Кыргызстандын Өкмөтү жарыялаган Улуттук милдеттенмелерин ишке ашырууга жана келечектеги чакырыктарга жооп берген инклюзивдүү жана адаптацияланган билим берүү системасын кайра түзүүгө багытталган реформаларды тездетүүгө туруктуу колдоо көрсөтүү ниетин дагы бир жолу тастыктайт. БУУнун Башкы катчысы чакырган Саммит 2022-жылдын сентябрында Нью-Йоркто өткөн. Билим берүү адам капиталын өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт жана улуттук өнүгүүнүн артыкчылыктарына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө прогрессти тездетүүгө жардам берет. Бул болсо секторлор аралык мамилени талап кылат, жана быйылкы Эл аралык билим берүү күнүнүн темасына ылайык – “Билим берүүгө артыкчылыктуу көңүл буруу менен, адамдарга инвестиция салуу”, БУУнун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк командасы мындай ыкманы биргелешип колдоого умтулат.
1 of 3
Пресс-релиз
25 январь 2023
Швейцария Өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн элет жериндеги эң аялуу жамааттарды колдоо үчүн 9 миллион АКШ доллардан ашык каражат бөлүүдө
Швейцария өкмөтү тарабынан БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык пландын элет жериндеги аялуу жамаатардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 9 миллиондон ашуун АКШ доллар бөлүүдө. Бул иш-чараны БУУ ДАТП Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.
Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат.
Программаны ишке ашыруу кийинки беш жылга каралган.
Швейцария Өкмөтү жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Турсунай Чодуровага кайрылыңыз, +996 770 710054, tursunai.chodurova@eda.admin.ch
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
***
Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүдө. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык колдоо иретинде 500 миллионго жакын швейцариялык франк бөлүп берген. Толук маалымат алуу үчүн https://www.eda.admin.ch/bishkek интернет баракчасына кириңиз.
Бизди www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan, www.instagram.com/swissembkyrgyz коомдук медиадан тапсаңыз болот.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.
Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.
1 of 3
Баяндама
14 сентябрь 2023
Кыргыз Республикасындагы кичинекей башпаанек издеген адамдын чоң үмүтү.
Күндө эртең менен уйкулуу төрт жашар Мариям* окууга баргысы келбей даттанганда, апасы Фарида* назиктүү жылмайып, кызын жылуу кучактап, акырын шыбырайт. - Ханшайымым, бала бакчага барбасаң, кантип окуп, бир күнү абдан жакшы дарыгер болосуң?
Фарида – болгону 22 жашта – Мариям үчүн дарыгер болууну окуу али алыс экенин түшүнөт. Бирок Ооганстандагы жеке зордук-зомбулуктан жана кеңири жайылган кооптуулуктан качып, азыр Кыргыз Республикасына келип, кызынын жакшы келечегин күн сайын кыялданат.
Фарида: «Кызым үчүн менин эң чоң тилегим – эч качан мындай көйгөйлөргө туш болбосун, - дейт Фарида - мен анын тынч жашоо, мектепти жана кийин университетти бүтүшүн каалайм».
Фарида Ооганстанда өспүрүм кезинде кыздар мектепке бара алышкан, ошондуктан ал Кабулда толук он эки жылдык мектепти бүтүрө алган. 2018-жылы мектепти аяктап, ооруканада медайым болууну кыялданган.
Бирок 2021-жылдын сентябрынан бери 12 жаштан жогорку бардык ооган кыздарынын мектепке кайтып келиши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ооганстан кыздарга орто мектепке баруусуна тыюу салган дүйнөдөгү жалгыз өлкө.
Кыргыз Республикасындагы башпаанек издеген адамдын статусу
2019-жылы Мариям менен боюнда болгон учурда Фарида, анын апасы, атасы жана иниси менен Кыргыз Республикасына качып келишкен. Анын атасы Ооганстанда жашап турган учурда чет элдик күчтөр менен иштешкен, ошондуктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү үчүн корккон.
«Биз бул жерде кала албайбыз. Биз Бишкекке кетишибиз керек - деп бир күнү бизге атам айтты» - деп түшүндүрдү Фарида.
Үй-бүлө Кыргыз Республикасынга келгенде кеңеш жана жардам алуу үчүн БУУнун КБЖКнын өнөктөшү «Адилет» Укук Клиникасына кайрылышкан, алардын жардамы менен Кыргызстанда эл аралык коргоо алуу үчүн өтүнүшкөн.
2023-жылдын июнь айына карата Кыргыз Республикасы башпаанек издеген 775 адамды кабыл алган, алардын арасында 278 Ооганстандан качкан. Качкындар жөнүндө Конвенцияга катышман катары Кыргыз Республикасы Качкындар жөнүндө мыйзам иштеп чыгарган жана Качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитип, ага жараша качкындын статусун аныктоо улуттук тартиби жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасындагы башпаанек издегендерге качкын макамын берүү өтүнүчү каралып жаткан учурда күбөлүк берилет. Күбөлүк өлкөдө турууга мүмкүндүк берет дагы жана үч ай сайын узартылат. Качкын деп таануу жөнүндөгү чечим өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынышы керек, бирок чынында андан узак убакытка созулушу мүмкүн. Ал убакытта башпаанектер мыйзамдын алдында ишке орношууга, саламаттыкты сактоого же социалдык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпайт.
Качкындар жөнүндө мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында башпаанек издеген балдар бала бакчага, башталгыч жана орто мектепке барганга укуктуу.
Эл аралык коргоого муктаж адамдарды таанууга көмөктөшүү
Фарида жана анын үй-бүлөсү арызы боюнча акыркы чечимди ала элек. Бул Фаридага жумушка орношуп, Мариямдын келечектеги окуусу үчүн акча чогулта албай калат.
Адилет Фарида, Мариям жана алардын үй-бүлөсүнүн ишин бийликтегилер менен издөөнү улантууда.
Өнөктөштөрдүн, анын ичинде Евробиримдиктин колдоосу менен БУУ КБЖК сапаттуу чечимдерди кабыл алган адилеттүү жана натыйжалуу башпаанек алуу процедураларын жактайт. 2022-жылы Кыргыз Республикасы бир гана башпаанек издеген адамды качкын деп тааныган. 2023-жылдын январынан июнь айына чейин башпаанек издеген төрт гана адамга качкын макамы берилген.
«Документтер жок болсо, ошончолук көп кыйынчылыктарга дуушар болосуң, - дейт Фарида. Документтерсиз эркиндик жок».
Кыйынчылыктарга карабастан, ал үмүтүн калтырган жок: «Бир күнү кызым ооруканада иштеп жатканын көрсөм, мен дуйнодөгү эң бай жана бактылуу адам болом».
Эл аралык коргоого муктаж адамдарды качкындар катары таануу жана аларга тийиштүү укуктарды көрсөтүү аларга мыйзамдуу ишке орношуу жана салыктарды төлөө аркылуу коомдун өркүндөөсүнө салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет. Фарида кызынын дарыгер болуусун кыялданган жаш эне үчүн жана аларды кабыл алган коомго кайтарып берүү үчүн биринчи келечектүү кадам болмок.
*Аттар жеке маалыматтарды коргоо үчүн өзгөртүлгөн.
1 of 5

Баяндама
07 июль 2023
Сонун жаңылык: бүгүн БУУнун КРдагы өлкөлүк тобу Жаштар консультативдик кеңешинин түзүлүшүн салтанаттуу белгиледи
Сонун жаңылык: бүгүн БУУнун КРдагы өлкөлүк тобу Жаштар консультативдик кеңешинин түзүлүшүн салтанаттуу белгиледи. Кеңеш өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген, тажрыйбасы жана кызыкчылыктары ар башка 13 жаш адамдар, анын ичинде аз өкүлчүлүк кылган жаштар топторунан турат. Кеңештин максаты-БУУнун стратегияларына жана программаларына жаштардын маселелерин киргизүү боюнча Кыргызстандагы БУУга кеңеш берүү. "Жаштар консультативдик кеңешинин өкүлдөрү катары силер 2023-2027 - жылдарга карата БУУнун туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтыктын жаңы программасына жаштардын умтулууларын канааттандырууда кантип натыйжалуу кылуу керектиги жөнүндө кеңеш берип, жаштарды маанилүү тартууну илгерилетүүдө жана БУУнун Кыргызстандын жаштары менен жакындашуусунда чечүүчү ролду ойнойсуздар", - БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве деди, жаштар консультативдик кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып. Аталган Кеңештин түзүлүшү менен Кыргызстандын БУУ өлкөлүк командасы жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоодо жана анын инклюзивдүүлүгүндө алдыга маанилүү кадам таштоодо.
1 of 5

Баяндама
15 март 2022
Оңой эмес убада: Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы айылды интернетке кошуу аракети
Кыргызстандын түштүгүндөгү обочодо калган тоолуу Зардалы айылында 150дөй адам электр жарыгысыз жана байланышсыз күн өткөрүп келүүдө. Зардалыга жеткирген жападан жалгыз жол бар, ал эми ары-бери каттаганда эшектен башка ишенимдүү эч бир каражат табылбайт.
Project Connect берген маалыматка ылайык, Кыргызстандагы 2080 мектептин 2061и интернетке кошулган жана мектептердин бир пайызы гана интернетсиз отурат. Ушул бир пайызга кирген мектептердин көбү Зардалы сыяктуу жетүүгө оңой болбогон аймактарда, Кызыл-Ой жана Эңилчек сыяктуу алыскы жана тоолуу айылдарда жайгашкан. Зардалыга жетчү жалгыз жолду калың кар басып жаткандыктан, кышында мектептерди интернетке туташтыруу дээрлик мүмкүн эмес.
Зардалыда байланыштын жоктугунан улам бул жерге сырттан коноктоп келгендер аз. Конок үйлөрү адатта ээнсиреп турат, ал эми Зардалыда жашаган чоң ата, чоң энелер интернеттен улам башка аймактарда окуган неберелеринин жолун карап отурушат. Медициналык тез жардам чукул арада керек болуп калган маалда интернет тийиштүү адамдар менен байланышты жеңилдетмек, алар аба ырайынын шарттарына баа берип, тигил же бул жол ачык болгонун, төмөнкү өрөөндө жайгашкан айылдарга баруу канчалык коопсуз экенин аныктай алышмак. Болбой калды дегенде, телемедициналык кеңеш алуу үчүн дарыгер менен байланышууга да мүмкүнчүлүк болмок.
Бирок, интернет байланышынын жоктугу Зардалынын тургундарынын колун байлап коё алган жок. Байланыш маселесин чечүү үчүн бир нече оригиналдуу идеялар ойлоп табылган, анын ичинде “Кутудагы интернет” демилгеси да бар. Бул түзүлүштө санарип китепканасы сакталат, анын ичинде кыргыз тилиндеги Хан Академиясы, миңдеген видео жана аудио сабактар, электрондук китептер, кыргыз, орус жана англис тилдеринде Википедия да бар. “Кутудагы интернет” демилгеси бир гана байланыш көйгөйүн чечпестен, ошону менен бирге Кыргызстандын маданий мурасын сактоого жана жайылтууга да жардам берип келүүдө. Себеби бул түзүлүштөрдө кыргыз тилиндеги мультфильмдер да бар, муну башка бир жерлерде сейрек кездештирүүгө болот. Алтургай, жергиликтүү эл өз түзүлүштөрүн аймактын катаал табият шарттарынан коргогонду да өздөштүрүп алган: алар зымдарды коргоо үчүн желим бөтөлкөлөрдү пайдаланып келишет.
Зардалыдагы мектептерди интернетке туташтыруу оңой болбосо да, бул багыттагы алгачкы кадамдар жасала баштады. Пандемия башталганга чейин Кыргыз интернет коомчулугунун командасы кодолекти минип алып, Зардалыга барып келишкен. “Кутудагы интернет” түзүлүшүнө жана башка электрондук шаймандарга энергия берүү үчүн алар күн панелин да ала келишкен, аны тоо боюндагы жолдон этияттык менен алып өтүшкөн.
Кыргызстандагы мектептердин калган 1 пайызын интернетке кошуу аларды жеткиликтүү жана туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылуу үчүн инновациялык технологияларды жана чечимдерди талап кылат. Бул дымактуу максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнөктөштүктө Giga долбоорунун алкагында интернет-провайдерлерге тендер жарыяланган. Өтүнмөсү тандалып алынган кызмат көрсөтүүчү өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы 13 мектепти интернет менен камсыз кылып, интернет байланышынын артыкчылыктарын жайылтуу милдетин өзүнө алышы керек эле. Алыскы жана тоолуу аймактарда жайгашкан бул мектептерди интернетке кошуу инновациялык технологияларды жана атайын борбордон ажыратылган тарамдарды талап кылат. Ошондой эле бул мектептердин жеткиликтүү жана туруктуу жол менен интернетке кошулушун камсыз кылуу максатында каржылоо тууралуу чечимдер да кабыл алынууга тийиш болчу.
Бул алыскы мектептерди интернетке туташтыруу үчүн туруктуу чечимдерди сунуш кыла ала турган кызмат көрсөтүүчүлөрдү издеп, Giga 2021-жылдын август жана октябрь айларында тендер жарыялаган, бирок бул эки тендер тең ийгиликтүү болгон жок. Giga долбоору өлкөнүн телекоммуникация тармагынан эч кандай сунуш алган эмес. Айрым кызмат көрсөтүүчүлөр бул мектептердин ар бири үчүн жекече долбоордук чечим табыш керектигин, интернетке кошуунун стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, мындай аракеттерди рентабелдүү кылуу аракетин жокко чыгарышкан. Башкалары болсо Giga долбоорунун мектептерди интернетке кошуу үчүн белгилеген мөөнөтү (3-4 ай) кыш мезгилинен улам өтө аз деп ырасташкан.
Жакынкы айларда Giga Кыргыз интернет-коомчулугу менен өнөктөштүктө бул алыскы жана тоолуу аймактардагы мектептерди интернетке кошуу үчүн тактиканы иштеп чыгып, байланышты сынап, аны жеткирүү үчүн бизнес моделдерин иштеп чыгат.
Макаланын автору: Ламиа Фарах
1 of 5

Баяндама
15 октябрь 2021
Кыргызстандагы ВИЧ көйгөйү көңүл чордонунда
COVID-19 пандемиясы адамдардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизүүнү улантууда. Биздин көнүмүш жашоо образыбыз таанылгыс болуп өзгөрдү, ал эми аны менен кошо биздин айланабыздагы жашоо да өзгөрдү.
Биз өлкөнүн көпчүлүк медициналык мекемелери пандемия менен күрөшүүгө гана назар бурганына көнүп калдык, көптөгөн оорулар жана инфекциялар экинчи планда калгандай болду. Балким, Кыргызстандагы ВИЧ илдетине байланыштуу да ушундай кырдаал түзүлмөк, бирок Республикалык СПИД борборунун жарандык сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен ырааттуу ишинин натыйжасында ВИЧ көйгөйү көңүл сыртында калган жок, тескерисинче, бул иштер илгерилеп жатат.
Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов:
“Пандемиянын биринчи жылындагы биздин негизги милдетибиз дарылоону үзгүлтүккө учуратпоо жана бейтаптарды терапияны уланта берүүгө шыктандыруу болду. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосунун аркасында биз жол картасын иштеп чыгып, бардык бейтаптарды терапия менен камсыз кыла алдык, ал эми бардык каалоочуларга ВИЧке чукул тест тапшырууга шарт түзүп бердик. Бүгүнкү күндө дарылануусун улантып жаткандар коронавирус башталганга чейинки мезгилдегидей эле 87 пайызды түзөт. Биз ачык асман алдында тест тапшыруу боюнча түрдүү акцияларды өткөрүп турдук, ВИЧти шилекей боюнча аныктоочу ыкчам тесттерди тараттык жана бул ишти азыр да улантуудабыз, социалдык тармактарда жигердүү иш жүргүзүп жатабыз жана сайтыбызда онлайн консультацияны баштадык”.
ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсеси ишке ашырып жаткан ВИЧ/СПИД эпидемиясына жана башка жугуштуу ооруларга каршы турууга орусиялык техникалык жардам программасы пандемиянын чакырыктарына чукул арада жооп кайтарып, СПИД улуттук кызматына колдоо көрсөтүүгө салым кошту. 2020-жылы калктын өзөктүк топтору үчүн тестирлөө жана консультация алуу мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейтилген.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин маалыматы боюнча, 750 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Орусия Федерациясында жашайт. Локдаун маалында жана эмгек мигранттары өлкөгө жапырт кайта баштаганда СПИДге каршы күрөшүү кызматы негизги топтор жана эмгек мигранттары арасында атайын формативдүү изилдөө жүргүзүп турду.
“Республикалык СПИД борборундагы кесиптештер 2020-жылы локдаун маалында Кыргызстанга кайтып келген 240тай мигрант менен маектешти. Бул тармакта иштеген адис катары бизге изилдөө эмгек миграциясында адамдар өзүн кандай алып жүргөндүгү жөнүндө жалпы түшүнүк бердиби? Алар жыныстык катнашка барышабы? Алар ВИЧке кайсы жерде текшерилсе болоорун билишеби? Биз бир нече жылда бир жолу өткөрүлүп турган, жамааттардагы эпидемиологиялык абалды баалоого мүмкүндүк берген, ВИЧти көзөмөлдөө үчүн негиз болгон маалыматтарды алдык”, - деп түшүндүрдү ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.
ЮНЭЙДСтин маалыматы боюнча, 2020-жылы 1,5 миллион адам ВИЧ илдетин жуктуруп алган. СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд Африканын жана Азиянын 32 өлкөсүндөгү 502 медициналык мекемеден чогултуп чыккан маалыматтарга ылайык, ВИЧке тестирлөө 41 пайызга азайган. Ал эми 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2020-жылы COVID-19га байланыштуу биринчи локдаун маалында ВИЧти аныктоо жана дарылоо үчүн багыттама берүүнүн саны 37 пайызга азайган.
ВИЧтин эпидемиологиялык көзөмөлүнө жаңы ыкмаларды киргизүү, негизги топтор арасында ВИЧти алдын алуунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү жана Орусиялык программанын колдоосу менен СПИД кызматынын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлеринин потенциалын туруктуу түрдө жогорулатуу өлкөдө акыркы 30 жылдын ичинде ВИЧ жаатындагы жетишкендиктерди жоготуп албоого, жакынкы жылдарда 95-95-95 жаңы максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
1 of 5

Баяндама
09 сентябрь 2021
Кыргызстанда жыныстык билим берүү жана ВИЧ
“Мен 18 жаштамын жана турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп жатам. Биздин аймакта кыздар эрте эле күйөөгө чыгышат. ВИЧ статусум менен жигит таба албай каламбы деп корком, демек, мен толук үй-бүлө кура албайм да”,-дейт Кыргызстандын Ош шаарында өткөн тренингдин катышуучусу Саёра (аты өзгөртүлдү).
“Биз катышкан буга чейинки тренингдер дайыма ВИЧ статусубуз жөнүндө болчу, мен алардан абдан тажадым. Бул жерде биз адегенде ачык темаларга баарлаштык. Мен эркек балдардын ич кийиминдеги тактар жөнүндө суроо бере алдым, акыры бул эч коркунучтуу болбогонун түшүндүм”, - дейт тренингдин катышуучусу, 17 жаштагы Руслан (аты өзгөртүлдү).
“Мен дайыма кыздарым менен “ушундай” темада сүйлөшкөндөн уялчумун. Кыздар менен этек кир жана гигиена жөнүндө сүйлөшүү зарыл жана маанилүү экенин эми түшүндүм. Мен өзүм да бир кезде ушундай өспүрүм элем жана биринчи этек кирим жөнүндө апама айтуудан коркконум эсимде”, - ВИЧке чалдыккан кыздын апасы, 44 жаштагы Гүлнара (аты өзгөртүлдү).
2021-жылдын июнь айынан июль айына чейин Кыргызстанда ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр жана жаштар, алардын ата-энелери үчүн жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук боюнча тренингдердин сериясы өттү.
Жыныстык билим Кыргызстанда көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан тема бойдон кала берүүдө. Бирок өлкөдө эрте никеге туруу, бойдон алдыруу жана өспүрүмдөргө карата чуулгандуу зомбулук учурлары боюнча статистика мындай билим берүүнү андан ары илгерилетүү зарылдыгын көрсөтүп турат. 2019-жылы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 20 жашка чейинки топто 1470 бойдон алдыруу катталган, 2020-жылы 934 учур болгон. Коронавирус илдети күчөп турган чакта, көптөгөн кыздар коопсуз бойдон алдыруу кызматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондон кийин бул статистикада төмөдөө байкалды. Кыргызстандагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, 2020-жылы балдарга жана өспүрүмдөргө карата 287 зордук-зомбулуктун 151 учуру өспүрүм кыздарга туура келген, анын ичинен 63 учур жыныстык зомбулук фактысы болгон.
“ВИЧ менен жашаган өспүрүмдөр жана жаштар да зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө дуушар болушат. Мындан улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук программалары менен интеграциясын күчөтүү зарылчылыгы бар. Биз өспүрүмдөргө өз статусун кабыл алуу боюнча тренингдер гана эмес, ошондой эле комплекстүү жардам да керек болгонуна ынандык. Өспүрүмдөрдө лидерлик потенциалды өнүктүрүп, аларды зомбулукту таанып билүүгө, өзүн стигмалоону жок кылууга үйрөтүү маанилүү”,-дейт ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.
Тренингдер “Аракет плюс” Коомдук фонду жана “Репродуктивдүү ден соолук альянсы (РДА)” улуттук уюму менен өнөктөштүктө, ЮНЭЙДСтин өлкөлүк кеңсеси ишке ашырып жаткан Орусиянын Техникалык жардам программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Галина Чиркина, РДАнын аткаруучу директору:
“Жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук менен ВИЧтин ортосундагы байланыш бул тармакта иштеген адистер үчүн айкын болуп турат, бирок жөнөкөй адамдар же ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөр үчүн дайыма эле андай боло бербейт. РДАда биз ар дайым ден соолук маселелерине комплекстүү мамиле жасоо, СРЗ жана ВИЧ программаларынын интеграциясы жөнүндө сүйлөшөбүз. Биз ВИЧ статусу бар жаштарды кантип дени сак жыныстык жашоо өткөрө алары, аны өзү жана өнөктөшү үчүн кантип коопсуз кыла алары, үй-бүлөнү кантип пландоо керек экендиги тууралуу жалпы түшүнүктөргө үйрөтөбүз”.
Өспүрүмдөр үчүн тренингдер менен бир убакта алардын ата-энелери үчүн да тренингдер уюштурулду. Ата-энелер өспүрүмдөрдүн да жеке чектери бар болгонун баамдап, адамдар ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, балдары менен оор, кээде ачык темаларга сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек.
Улук Батыргалиев, РДАнын жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча тренери. Улук ата-энелер тобу менен иштешип, алган таасирлери менен бөлүштү:
“Ата-энелер биздин ишибизге ыраазы болушту, биз көптөгөн ыраазычылык сөздөрүн уктук. Тренингдин биринчи күнүндө алар бизге көнүп жатса, андан кийин толугу менен ишеним артышып, өздөрү же балдары кантип ВИЧ статусун алып калганын айтып беришти. Муну угуп отуруу абдан оор. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын келечеги үчүн тынчсызданышат. ВИЧсиз адамдар ВИЧке чалдыккан балдары менен сүйлөшкүсү келеби, жокпу – бардык ата -энелер бизге узаткан негизги суроолордун бири. Ата-энелер жамаатында өзүн стигмалоо көрүнүш туруктуу калыптанып калганы мени таң калтырды. Тандоо эркиндигин баалаган адам катары мен үчүн ата-энелер “таза адамга” илдетти жуктурбаш үчүн, алдын ала өз ара макулдашып, балдарын бири-бирине үйлөнтүп/күйөөгө беришкенин угуу таң калыштуу болду. “Таза” деген сөз ата-энелер жамаатында ВИЧ статусу жок адамдарга карата колдонулат. Менин оюмча, мындай мамиле үй-бүлөнүн ичинде укмуштай өзүн стигмалоо мамилесин жаратып, өспүрүмдөрдү андан да чоң депрессияга түртөт”.
Ата-энелер үчүн өткөн тренингдерде бойго бүтүрбөө маселелери талкууланды. Чоңдор өсүп келаткан балдарына бойго бүтүүдөн сактануу ыкмалары жөнүндө кантип айтып бере алышат, каалабаган кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргой турган презервативди кантип колдонуш керектигин кандай жол менен үйрөтө алат – мына ушул маселелер талкууланды. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн ата-энелери зомбулуктун ар кандай формалары жана түрлөрү болушу мүмкүн экенин билип калышты.
Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр алардын пикирин урматтаган, жаштардын ички сезимдерин жокко чыгарууга аракет кылбаган адамдарга кулак төшөй турганы маанилүү. Өспүрүмдөрдүн өз көз карашына укугу бар экенин баамдап, ата-энелер жана чоңдор өспүрүмдөрдүн толук ишенимине ээ боло алышат жана муну менен ВИЧке чалдыккан жаштарга өз статусун кабыл алууга жардам бере алышат.
ЮНЭЙДС ВИЧ боюнча программалар менен жыныстык билим берүүнүн ортосунда тыгыз байланышты караштырган жаңы стратегияны сунуштайт. Мындай интеграция мамилелердин теңдигин, ВИЧ статусу бар өспүрүмдөр менен жаштардын жыныстык билим алууга жана репродуктивдүү ден соолукка болгон укуктарын камсыздайт.
1 of 5

Пресс-релиз
05 сентябрь 2023
Европа Биримдиги жана БУУнун «Теңдик нуру» демилгеси кыздарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы иш-аракеттерге чакырат.
Жыйынтыктоочу иш-чарага Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен биргеликте уюштурулду. Иш-чарага парламенттин, министрликтердин жана тийиштүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү, бенефициарлар, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, донордук коомчулуктун өкүлдөрү, ЖМК, аялдар укугун коргоочу активисттер жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
«Теңдик нуру» демилгеси − бул аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюуга багытталган Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы глобалдуу, көп жылдык өнөктөштүк.
Кыргызстанда 2020-жылы ишке ашырыла баштаган бул программа өз ара байланышкан алты багытта сексуалдык жана гендердик зомбулук көйгөйлөрүн ар тараптуу чечүү боюнча улуттук күч-аракетти чагылдырат: мыйзамдарды жана саясатты бекемдөө, мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, статистикалык маалыматтарды жакшыртуу жана аялдардын кыймылын колдоо.
«Теңдик нуру» демилгеси Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүгө багытталган. Мында өзгөчө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, сексуалдык асылууга, сексуалдык жана гендердик зомбулукка, ошондой эле жашы жете электердин никеге туруусуна жана «ала качуу» сыяктуу кылмыштуу жана зыяндуу практикасына өзгөчө көңүл бурулган.
«Теңдик нуру» демилгесинин техникалык колдоосу менен эки фундаменталдык стратегия кабыл алынды: 2030-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегия жана Улуттук иш-аракеттер планы 2022-2024. Программанын жардамы менен мыйзамдарга жана кодекстерге бир катар түзөтүүлөр иштелип чыгып, кабыл алынды жана жакшыртылды - жумуш ордунда ыдык көрсөтүү учурларына каршы кодекстерге жана алимент боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды, калк үчүн мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам жөнүндө мыйзам жана башка көптөгөн ченемдик укуктук актылар жакшыртылды. Программанын алкагында аялдар жана кыздар үчүн убактылуу кризистик борборлор жана мобилдик топтор уюштурулду, акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү ишеним телефону (114) жана башка зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча демилгелер ишке ашырылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачылыш аземи учурундагы кайрылуусунда: "Теңдик нуру” демилгеси жалпы өлкөгө из калтырат, андыктан аны сактап калуу жана кеңейтүү керек. Муну менен катар гендердик теңчиликти жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кылуу үчүн укуктук базаны жана саясатты реформалоо, трансформациялык алдын алуу жана жапа чеккендерге багытталган кызматтарды көрсөтүү боюнча жамааттык күч-аракеттерди көбөйтүү зарыл”, - деп белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасындагы Биргелешкен Улуттар Уюмунун Туруктуу координатору Антье Граве мындан аркы кызматташуу пландары боюнча комментарий берип: «БУУ Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Европа Биримдиги жана башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканына сыймыктанат. Биздин биргелешкен аракетибиз Кыргызстандын өкмөтүнө жана коомуна болгон гендердик теңсиздик менен күрөшүүгө, саясий базаны чыңдоого жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү үчүн коопсуз мейкиндикти түзүүгө жардам берүүдө. БУУнун бир канча агенттигинин адистештирилген көндүмдөрүнөн түзүлгөн ар тараптуу программасы катары «Теңдик нуру» демилгеси - БУУнун өнүктүрүү системасын реформалоону бекемдөөдө күчтүү ыкма. БУУ системасы гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү боюнча жасалган иштерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр”, - деди.
Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон айым Европа Биримдигинин программага болгон салымын белгилей кетти:
“Гендердик теңчиликке тоскоол болгон негизги себептерди чечүү дүйнө жүзү боюнча Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана биргелешип каржыланган бардык долбоорлор үчүн негизги маселе болуп саналат. Ошондуктан «Теңдик нуру» демилгесин колдоо үчүн 500 миллион евро бөлүнгөн, анын болжол менен 6,7 миллион доллары Кыргызстандагы программага тиешелүү. Акыркы төрт жылда программанын алты багыты тең ийгиликке жетишти. Ар тараптуу аракеттер аркылуу Кыргызстандагы 39000дей адамга; аялдарга, кыздарга, эркектерге жана балдарга зордук-зомбулукка коргонууга жана жардам алууга көмөктөштү.
Аталган демилге Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясын кабыл алууда прогресске көмөктөшүүдө чоң роль ойноп, аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды түзүүгө колдоо көрсөткөнүнө кубанычтамын”.
«Теңдик нуру» демилгеси Кыргыз Республикасында иштеп жаткан БУУнун беш агенттигин – БУУнун Өнүктүрүү Программасын, БУУнун Аялдар түзүмүн, БУУнун Балдар фондун (ЮНИСЕФ), БУУнун Калкты жайгаштыруу фондун (ЮНФПА), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгын, ошондой эле эл аралык донорлор жана жарандык коом уюмдарын бириктирди
1 of 5
Пресс-релиз
04 сентябрь 2023
Биргелешкен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттар (ТӨМ) боюнча улуттук милдеттенмелерин жана консультацияларды өткөрүүнү жогору баалайт
Бишкек, 4-сентябрь – Бүгүн, 2023-жылдын 18-19-сентябрында Нью-Йоркто өтө турган Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча саммитке* карата Кыргызстандын министрлер кабинети ӨЛКӨНҮН милдеттенмелерин түзүү боюнча улуттук консультацияларды өткөрдү.
БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк командасынын атынан министрлер кабинетине ТӨМгө жетишүүнүн акселераторлорун аныктоого жана акыркы жылдары билим берүү, климаттын өзгөрүшү, жашыл экономиканы илгерилетүү, азык-түлүк коопсуздугу, адам укуктары жана гендердик теңчилик жаатында кабыл алынган улуттук милдеттенмелерди аткарууга активдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын максаттарын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана 2026-жылга чейин Өнүктүрүүнүн улуттук программасы сыяктуу улуттук саясатка жана стратегияларга интеграциялоо өлкөнүн туруктуу өнүгүүнүн максаттарын өзүнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү катары таануусун чагылдырат. Өлкөлүк милдеттенмелер анын биринчи ыктыярдуу улуттук серепинде жана ТӨМ боюнча Улуттук координациялык комитетти жана Жогорку Кеңеште ушул сыяктуу органды түзүүдө так аныкталган. Белгилей кетсек, өлкө жакырчылыкты кыскартууда, билим берүүнү жакшыртууда жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Өкмөттүн билим берүү тутумун өзгөртүүгө жана инклюзивдүү жашыл экономиканы алга жылдырууга басым жасоосу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча максаттарга шайкеш келет. Кызыкдар тараптарды, анын ичинде жарандык коомду, жеке секторду жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу – Кыргызстандын 2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүнү жана ТӨМгө жетишүүдө прогресс үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жактагандыгын баса белгилейт, бул бүтүндөй коомдун жыйынды мамилесин талап кылат. БУУ ар дайымкыдай эле Кыргызстанга туруктуу жана адилеттүү келечекти курууга колдоо көрсөтүүнү улантууга умтулат. * https://www.un.org/en/conferences/SDGSummit2023
БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк командасынын атынан министрлер кабинетине ТӨМгө жетишүүнүн акселераторлорун аныктоого жана акыркы жылдары билим берүү, климаттын өзгөрүшү, жашыл экономиканы илгерилетүү, азык-түлүк коопсуздугу, адам укуктары жана гендердик теңчилик жаатында кабыл алынган улуттук милдеттенмелерди аткарууга активдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын максаттарын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана 2026-жылга чейин Өнүктүрүүнүн улуттук программасы сыяктуу улуттук саясатка жана стратегияларга интеграциялоо өлкөнүн туруктуу өнүгүүнүн максаттарын өзүнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү катары таануусун чагылдырат. Өлкөлүк милдеттенмелер анын биринчи ыктыярдуу улуттук серепинде жана ТӨМ боюнча Улуттук координациялык комитетти жана Жогорку Кеңеште ушул сыяктуу органды түзүүдө так аныкталган. Белгилей кетсек, өлкө жакырчылыкты кыскартууда, билим берүүнү жакшыртууда жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Өкмөттүн билим берүү тутумун өзгөртүүгө жана инклюзивдүү жашыл экономиканы алга жылдырууга басым жасоосу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча максаттарга шайкеш келет. Кызыкдар тараптарды, анын ичинде жарандык коомду, жеке секторду жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу – Кыргызстандын 2030-жылга карата ТӨМгө жетишүүнү жана ТӨМгө жетишүүдө прогресс үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жактагандыгын баса белгилейт, бул бүтүндөй коомдун жыйынды мамилесин талап кылат. БУУ ар дайымкыдай эле Кыргызстанга туруктуу жана адилеттүү келечекти курууга колдоо көрсөтүүнү улантууга умтулат. * https://www.un.org/en/conferences/SDGSummit2023
1 of 5
Пресс-релиз
21 август 2023
Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды
Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды
Лейлек, 2023-жылдын 21-августу – «Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөк көрсөтүшөт» долбоорунун алкагында бир катар семинарлар башталды. Бул долбоор коомдук биримдикти бекемдөөгө жана өлкөнүн улуттук приоритеттерине ылайык Баткен облусунун өнүгүүсүнө багытталган.
Лейлек жана Баткен райондорундагы аялдардын алдыңкы ролу менен долбоордун алкагында пилоттук жамааттарда жагымдуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө психосоциалдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүчү социалдык инновациялык технологияларды колдонуу пландаштырылууда.
Инновациялык методология катары «GALS» гендердик сезимтал аракеттерди изилдөө жана аныктоо системасына негизделген семинарларынын сериясы өткөрүлөт. Бул система үй-бүлө жана коом ичиндеги мамилелердин динамикасын бекемдөөгө жана жакшыртууга багытталган.
«Бул семинарлардын алкагында катышуучулардын тынчтык жана коопсуздук маселелерин өздөрүнүн жеке тажрыйбасы, дүйнө таанымы жана үй-бүлөлүк баалуулуктар системасы аркылуу кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүгү болот. 3 модулдан турган бул семинардын методологиясы жеке жашоонун кызыкчылыктарын тынчтык, жакшы коңшулаштыктын жана коомчулуктун биримдигин коомдун артыкчылыктары менен байланыштырууга болот”, - деп Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн программанын координатору Гүлжан Ниязалиева белгилеп кетти.
2021-жылы Чүй жана Нарын облустарында жамаат негизинде GALS окуусунан өткөн 2500 аялдын жана 1600 эркектин арасында Гүлназ менен Рахат да бар эле. Тренингден кийин жубайлар үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн укугун урматтоо негизинде уядагы ролдорду, баалуулуктар системасын жана мамилелерди жаңыдан карап чыгышты.
«Өз ара баарлашуубуз жакшырып, үйдөгү милдеттерди текши бөлүштүрүүнүн артынан биздин үй-бүлөдөгү атмосфера да бир топ жакшырды», - деп Гүлназ бөлүштү. "Азыр кыялымды орундатууга да кол тийди - мен ачкан бизнестен пайда түшүп, үй-бүлөбүздүн кирешеси бир кыйла көбөйдү."
Ролдорду жана мамилени талкуулоо менен аялдар менен эркектер үй-бүлөдө шайкеш мамиле түзүүнүн жолун табышат. Бул болсо коомчулуктагы оң өзгөрүүлөрдүн келип чыгышына өбөлгө түзөт.
Биринчи GALS семинары 21-24-августта Лейлекте башталып, экинчи жана үчүнчү модулдар 2023-жылдын сентябрь жана ноябрь айларында өтөт.
***
Долбоор тууралуу
«Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөк көрсөтүшөт» долбоору эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан Суу-Башы, Сумбула жана Лейлек айыл аймактарында 2023-жылдын августунан 2024-жылдын мартына чейин ишке ашырылат.
Кошумча маалымат үчүн БУУнун Аялдар түзүмүнүн программа координатору Гүлжан Ниязалиевага gulzhan.niiazalieva@unwomen.org электрондук дареги же +996 770 988916, +996772558009 (WhatsAp) телефондору аркылуу же болбосо коммуникация боюнча адис Гүлайым Шигайбаевага gulaiym.shigaibaeva@unwomen.org электрондук дареги же +996 552 201234 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.
1 of 5
Пресс-релиз
18 июль 2023
Өкмөт жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" демилгесинин программасынын жыйынтыктарын карап чыкты.
БИШКЕК, 2023-жылдын 18 июлу – 17 июлда Европадагы Биримдиги (ЕБ) - БУУнун "Теңдик нуру" демилгесинин Улуттук жетектөөчү комитетинин (УЖК) отуруму болуп өттү, анда Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жабыр тарткандарды коргоого багытталган үч жылдык өлкөлүк программанын алкагында бүгүнкү күнгө карата жетишилген жыйынтыктар каралып, үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралар макулдашылды.
УЖК, анын теңтөрагалары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Туруктуу координатору (БУУ ТК) Антье Граве, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Элчиси, программаны ишке ашыруучу БУУ агенттиктеринин жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылы Программа аяктаган учурга чейин ар кандай деңгээлде жетишилген прогрессти кантип сактап калуу керектигин талкуулашты.
Европа биримдиги (ЕБ) жана БУУ тарабынан каржыланган Программа гендердик зомбулукту (ГЗ) натыйжалуу алдын алуу үчүн укуктук жана саясий базаны бекемдөө жана зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана колдоо механизмдерин институтташтыруу максатында улуттук жана субулуттук деңгээлдерде ишке ашырылууда. Программа 2020-жылы ишке киргизгенден кийин 2030-жылга чейин гендердик теңчиликтин Улуттук стратегиясын жана 2022-2024-жылдарга карата Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууну колдоду, зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен кыздардын укуктарын коргоону бекемдеди, зомбулуктун курмандыктары үчүн акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетти, анын ичинде акысыз юридикалык жардамдын ишеним телефонун (114) ачуу жолу менен, ошону менен эле Бишкекте жана Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 12 өзүнчө муниципалдык түзүлүштөрүндө кризистик борборлорду ачууга колдоо көрсөттү.
Өкмөткө жана башка мамлекеттик институттарга, анын ичинде Жогорку Кеңешке жана коопсуздук органдарына, БУУ агенттиктерине, ЕБге жана жарандык коом өнөктөштөрүнө тийиштүү лидерлиги жана салымы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун Туруктуу координатору жабыр тарткандарга жана адам укутарына багытталган мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи жана жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык кызыкдар тараптардын туруктуу көңүл буруусуна үмүтүн билдирди: "Гендердик зомбулукту ийгиликтүү алдын алуу жана аялдар менен кыздарды бул жамандыктын зыяндуу таасиринен коргоо узак мөөнөттүү саясий жана финансылык инвестицияларды жана коомдун бардык сегменттерин камтыган институттардын бардык кызыкдар тараптарынын биргелешкен аракетин талап кылат. ЕБ Элчиси, урматтуу Мэрилин Йозефсон айым, «Европа биримдиги катары биз «Теңдик нуру» программалык демилгеси Кыргызстанда бардык алты тематикалык багытта прогресске жетишкенине жана анын колдоосу менен өкмөт өткөн жылдын октябрь айында 2030-жылга чейин эсептелген гендердик теңчиликтин жаңы стратегиясын кабыл алганына кубанычтабыз. Мен Кыргызстандын өкмөтүн, БУУ боюнча өнөктөштөрүбүздү жана аткаруучу жарандык коом уюмун гендердик зомбулукка каршы аракеттенүүнү тездетүү жана анын алдын алуу боюнча жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча баалуу аракеттери үчүн куттуктагым келет. ЕБтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Теңдик нуру» өнөктөштөр, Кыргыз Өкмөтү, БУУ жана жарандык коом уюмдары менен кызматташууга, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы туруу жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти мындан ары кеңейтүүнү камсыздоо үчүн жаңы демилгелер боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга даярбыз», деп белгиледи.
ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" глобалдык демилгеси жөнүндө Жалпы маалыматтар: гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ЦУР) жетүү үчүн адамдын негизги укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, ошондой эле бул жагынан гендердик зомбулуктун (ГЗ) терс таасирин эске алуу менен ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" глобалдык демилгеси ГЗнын түпкү себептерин четтетүүдө жана ГЗны жоюу жана бул адам укуктарынын бузулушунан жабыр тарткан адамдарды колдоо боюнча саясатты жана стратегияны иштеп чыгууда өлкөлөрдү колдоо үчүн ишке киргизилди.
Кыргызстан аялдар менен кыздарга, өзгөчө аялуу катмарга, анын ичинде зомбулуктун курмандыктарына же зомбулукка дуушар болгон аялдар менен кыздарга, жаш балдарды мажбурлап никеге тургузуу жана "ала-качуу" сыяктуу зыяндуу тажрыйбаларына басым жасоо менен "Теңдик нуру"демилгесин ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн бири катары тандалып алынган. Ал ГЗны жок кылууга жана зомбулуктун курмандыктарын саясий, укуктук, стратегиялык жана оперативдүү деңгээлде коргоого багытталган күч-аракеттерди бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтөт.
Үч жылдык Программа ЕБнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда (6,71 млн. АКШ доллары) жана БУУнун агенттиктери (1,1 млн. АКШ доллары) БУУнун беш агенттигинин, атап айтканда, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУѲП) , “БУУ-аялдар” Түзүмүнүн, БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ), БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча фондунун (ЮНФПА) жана БУУнун баңгичилик жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын (БУУ БКББ) түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат. 40ка жакын жарандык коом уюмдары Программаны ишке ашырууда өкмөт жана БУУ менен кызматташкан.
1 of 5
Пресс-релиз
31 май 2023
Жаңы Омбудсмен (Акыйкатчы) Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу
«Париж принциптерине ылайык, тийиштүү финансылык жана адам ресурстары менен адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча өзүнүн мандатын ишке ашыруучу, көз карандысыз, плюралисттик, жеткиликтүү жана натыйжалуу Омбудсмен институту - Кыргыз Республикасы 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүлгөндө Кыргызстандын ыктыярдуу билдирүүлөрүнө айтылгандай, улуттук адам укуктарын коргоо тутумунун эң маанилүү тиректеринин бири», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве. Антье Граве белгилегендей, Кыргызстандагы БУУнун системасы Акыйкатчы жана анын институту менен мындан аркы кызматташууну, анын ичинде ачык, инклюзивдик жана консультациялык процесс аркылуу Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгууда техникалык жардам көрсөтүү аркылуу кызматташууну; Акыйкатчы институтунун БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери менен үзгүлтүксүз иштешине колдоо көрсөтүүнү; жарандык коом менен кызматташууну бекемдөөнү, ошондой эле Бишкектеги «Акыйкатчы» институтунун жана аймактык бөлүмдөрдүн потенциалын чыңдоону чыдамсыздык менен күтөт.
«Быйылкы жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгын белгилөө бизге биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууда, адам укуктарынын универсалдуулугун илгерилетүүдө жана жарандык мейкиндикти кеңейтүүдө кызматташууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет”, - деп кошумчалады Фабио Пиана, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы Аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу.
1 of 5
Latest Resources
1 / 11
Ресурстар
01 апрель 2022
Ресурстар
07 октябрь 2021
Ресурстар
10 март 2021
Ресурстар
03 март 2021
1 / 11