Latest
Кайрылуу
04 ноябрь 2024
БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын Улуттук өнүгүү форумуна байланыштуу билдирүүсү
Көбүрөөк билүү
Кайрылуу
28 октябрь 2024
БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу Координатору Антье Граве айымдын БУУнун күнүнө карата ачылыш сөзү
Көбүрөөк билүү
Пресс-релиз
16 октябрь 2024
"Азык-түлүккө акыбыз бар": Кыргызстанда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Көбүрөөк билүү
Latest
Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттары
Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси. Максаттар туруктуу өнүгүүнүн 3 негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.
2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдетттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.
Пресс-релиз
22 сентябрь 2024
"Инклюзивдүү музей" демилгеси Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү түзөт
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин биргелешкен "Инклюзивдүү музей " демилгесинин алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн Кыргызстандын маданий мейкиндиктеринин жеткиликтүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган комплекстүү жол картасы иштелип чыккан. Демилгенин алкагында 2024-жылдын май айынан сентябрь айына чейин эл аралык эксперттер Улуттук тарых музейинин мыйзамдарына жана саясатына, инфраструктурасына, кызматтарына жана байланыш тутумдарына ар тараптуу баа берип, алардын инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн баалашты. Табылгалар бир нече негизги стратегиялык документтердин негизин түздү. Концепция, байланыш стратегиясы, жол картасы, музей жана башка маданий мекемелер бардык зыяратчылар үчүн кандайча жагымдуу боло аларын сүрөттөгөн чечимдердин каталогу кирет. Баалоо, "Биз үчүн бизсиз эч нерсе" принцибине ылайык, ар кандай майыптыгы бар адамдардын, музейдин кызматкерлеринин жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда жүргүзүлдү."Бул демилге өтө маанилүү. Инклюзивдүү музей биздин мекеме үчүн гана эмес, республиканын бардык маданий уюмдары үчүн кеңири инклюзияны түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калат. Бул долбоор аркылуу топтогон ийгиликтүү тажрыйбабыз башка музейлерге, китепканаларга, театрларга жана маданий борборлорго үлгү болоруна ишенебиз. Бул долбоор инклюзия – бул жөн гана жетишкендик эмес, бул системалуу мамилени, бардык кызыкдар тараптарды тартууну жана туруктуу өркүндөтүүнү талап кылган процесс экенин көрсөтүп турат", - деди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов.Негизги стратегиялык документтер мамлекеттик кызыкдар тараптар тарабынан бекитилип, коомчулукка, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын жана музей коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан сунушталды. “"Кыргызстандагы музейлердин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү ар түрдүүлүккө, туруктуулукка жана майыптыгы бар адамдарды коомдун жашоосуна толук тартууга өбөлгө болот деп ишенебиз", - деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева."Бүгүнкү БУУӨП уюштурган иш-чарада мен өзүм үчүн жаңы болгон бир нече нерсени баса белгиледим жана талкууланган идеялар абдан жакшы болду. Эң негизгиси, ал кагазда калбашы керек. Тармактык министрликтер жана ведомстволор менен иштөө керек. Биздин музейлер Кыргыз Республикасы боюнча жеткиликтүү болушу үчүн бул идеяларды реалдуу турмушка ашыруу жана киргизүү зарыл", - деп белгиледи көрүүсү начар адамдардын потенциалын колдогон "Феномен" коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев."Инклюзивдүү музей" демилгеси маданият мекемелеринин инклюзивдүүлүгүн баалоого комплекстүү жана системалуу мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле мыйзамдарды жана саясатты кайра карап чыгуу, универсалдуу дизайн концепциясын жана жеткиликтүүлүктү кайра карап чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. БУУӨП бардыгын инклюзивдүү, ачык жана адилеттүү коомду түзүү үчүн аракеттерди бириктирүүгө жана ошону менен майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга жана аларга көз карандысыз, толук кандуу жашоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырат. Демилге жөнүндө"Инклюзивдүү музей" — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин биргелешкен демилгеси. Улуттук тарых музейинин жеткиликтүү чөйрөсүн баалоо, инклюзивдүү чөйрөнү түзүү жана ар кандай майыптыгы бар адамдар үчүн музейдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. ЖМК боюнча маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш кызматкери Айнагүл Абдрахмановага кайрылыңыздар ainagul.abdrakhmanova@undp.org.
1 of 5
Пресс-релиз
20 сентябрь 2024
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча эксперттинин Кыргызстанга болгон иш сапары
БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 2024-жылдын 23 сентябрынан 3 октябырына чейин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.Хаграсс өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого жана колдоого багытталган мыйзамдарды, саясатты жана демилгелерди талдайт. Бул иш сапар жергиликтүү бийликтин чакыруусу жана демилгеси боюнча өтүүдө.Эксперт мамлекеттик органдары, улуттук укук коргоо мекемелери, майыптыгы бар адамдардын адамдар жана алардын өкүлү болгон уюмдар, жарандык коом, БУУнун агенттиктери жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуу үчүн Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жана башка региондорго барат.Ошондой эле, эксперт айым ден соолугунан майыптыгы бар адамдар, анын ичинде балдар үчүн атайын мекемелерге жана майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн мекемелерге барат. Атайын баяндамачы 3-октябрда, бейшемби күнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30 да Бишкектеги Чүй проспектиси №160a дареги боюнча жайгашкан БУУнун үйүндө, маалымат жыйынын өткөрөт. Кирүү мүмкүнчүлүгү журналистер менен гана чектелет.Эксперт өзүнүн отчетун 2025-жылдын март айында адам укуктары боюнча Кеңешке сунуштайт.***Хеба Хаграсс (Египет) - БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы, 2023-жылдын октябрь айында адам укуктары боюнча Кеңеш тарабынан дайындалган. Билими боюнча социолог, укук коргоочу, майыптык боюнча эл аралык консультант жана Египетте, Араб аймагында жана дүйнө жүзү боюнча кеңири тажрыйбасы бар майыптыгы бар адамдардын укуктарын изилдеп келет. Ал майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын долбоорун түзүүгө катышып майып аялдардын өкүлү болгон. Египетте Хаграсс айым 2015-2020-жылдары парламенттин мүчөсү катары мыйзам чыгаруу реформалары учурунда майыптыгы бар адамдардын укуктары үчүн күрөшүп, майыптыгы бар адамдар боюнча Улуттук кеңештин башкы катчысы катары кызмат өткөн. Ал Араб майыптыгы бар адамдардын уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ал жерде 1998-2008-жылдары, анын ичинде аялдар комитетинин төрагасы катары жигердүү иш алып барган.Атайын баяндамачылар атайын процедуралар деп аталган Адам укуктары боюнча кеңештин бир бөлүгү болуп саналат. БУУнун Адам укуктары системасындагы көз карандысыз эксперттердин эң ири органы болгон атайын процедуралар - бул өлкөлөрдөгү конкреттүү кырдаалдар же дүйнөнүн бардык бурчтарындагы тематикалык маселелер менен алектенген фактыларды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча Кеңештин көз карандысыз механизмдеринин жалпы аталышы. Атайын процедуралардын эксперттери ыктыярдуу негизде иштешет; алар БУУнун кызматкерлери эмес жана өз иши үчүн айлык алышпайт. Алар кандайдыр бир өкмөттөн же Уюмдан көзкарандысыз жана жеке адам катары иш алып барышат. БУУнун Адам укуктары боюнча өлкө барагы: КыргызстанМедиа суроолор жана көбүрөөк маалымат алуу үчүн Барбара Замрска менен barbora.zamrska@un.org; hrc-sr-disability@un.org же Айпери Алымбекова менен байланышыңыз aiperi.alymbekova@un.org (Бишкек). БУУнун башка көз карандысыз эксперттери тууралуу медиа суроолор боюнча Дариша Индрагупта (dharisha.indraguptha@un.org) же Жон Ньюленд (john.newland@un.org) менен байланышсаңыздар болот. БУУнун Адам укуктары боюнча көз карандысыз эксперттери тууралуу жаңылыктар менен Твиттерден @UN_SPExperts кабардар болуңуз.
1 of 5
Пресс-релиз
16 сентябрь 2024
Кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында беш төрөт үйүнө жабдуулар алынды
2024-жылдын 12-сентябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан уюштурулган жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, ал энелердин ден соолугун чыңдоого карай олуттуу дагы бир кадам болду. Сапатты жакшыртууну көздөгөн долбоордун алкагында бул демилге өлкөдө алдын алына турчу энелердин ооруларын кыскартууга багытталган. Салтанатка Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер катышып, ал өз сөзүндө: «Бул долбоор өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, анткени энелердин алдын алууга мүмкүн болгон ооруларын кыскартууга багытталган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индия өкмөтүнө бул колдоо үчүн жана долбоорду ишке ашырган ЮНФПАга ыраазычылык билдирүү менен менин кесиптештериме бул маанилүү долбоорду ишке ашырууда жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалайм», - деди.Берилген жабдуулар Индия-БУУ Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатылып алынган. Ал Кыргызстандын беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияларды колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарын жакшыртууга багытталган.«Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугуна байланыштуу бул иш-чаранын жана долбоордун катышуучусу болуу мен үчүн чоң сыймык. Ден соолук жашоодогу эң негизги баалуулук, энелерге келгенде маселе биринчи орунга чыгат. Ал эми эненин ден соолугуна салым кошкондо биз бир эле адамдын эмес, анын балдарынын, анын жакындарынын, ошого жараша бүтүндөй коомдун саламаттыгына салыш кошкон болобуз. Мындай саламаттыкты сактоо чыгымдары чыгаша эмес, чыныгы салым болуп калат. Ал эми калктын саламаттыгына салым кошуу менен биз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошобуз», - деп Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мохан Сингх мырза баса белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы күнүнө туш келген аземде эненин жана ымыркайдын ден соолугун чыңдоо боюнча кеңири иш-аракеттерди көрсөтүү максатында керектүү жабдуулардын кеңири спектри тапшырылды. Белектердин арасында реалдуу убакыт режиминде төрөт учурунда жана төрөт процессине мониторинг жүргүзүү жана кош бойлуу аялга жана түйүлдүккө жардам көрсөтүү үчүн 40 планшет, реалдуу убакыт режиминде телемедицинаны жана акушердик өзгөчө кырдаалдарда телеконсультацияларды ишке ашыруу үчүн 21 компьютер бар.Кошумчалай кетсек, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү процессин автоматташтыруу жана Мамлекеттик электрондук кызмат порталындагы кызматты интеграциялоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча маанилүү кадам катары пилоттук төрөт үйлөрүндө компьютерлер орнотулат. Бул демилге ата-энелерге балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн төрөт үйлөрүнөн эле дароот онлайн каттоого мүмкүндүк берет, бул документ алуу процессин бир топ тездетет жана мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгын азайтат.Мындай чечимдер менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандар үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу шарттарды түзүүгө, бюрократиялык процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана маанилүү документтерди алууга кеткен убакытты кыскартууга умтулууда. Техникалык жабдуулардан тышкары орто жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмдарга, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына, Ысык-Көл жана Чүй областтык ооруканаларына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна 100 пауэрбанк, аз салмактагы жана мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайларда термикалык чынжырды сактоо үчүн 100 жууркан, инфекциялык контролду эске алуу менен ишти уюштуруу үчүн 100 чыканак диспенсери, хирургиялык медициналык персонал үчүн операциялык бөлмөлөрдө жана стерилдүү аймактарда колдонуу үчүн гигиеналык жана санитардык коопсуздук стандарттарын сактоо максатында кесиптик форманын маанилүү элементи катары 100 жуп жабык бут кийим жеткирилет.Бул комплекстүү демилге Кыргызстандагы энелердин ден соолугун чыңдоого чоң салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Технологияны колдонуу жана кызматташтыкты илгерилетүү менен, ал бүт Кыргызстан боюнча аялдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого бардык өнөктөштөрдүн умтулуусун көрсөтөт.
1 of 5
Кайрылуу
12 август 2024
БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын Эл аралык жаштар күнүн майрамдоого карата кайрылуусу
Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү жаштардын энергиясын, чыгармачылыгын жана дараметин даңазалоо үчүн сиз менен жеке боло албаганыма өкүнүчтүү болсом да, бул майрамдык билдирүүнү жөнөтүү мен үчүн чоң сыймык. БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1999-жылы негизделгенден бери 12-августта белгиленген Эл аралык жаштар күнү жаштардын көйгөйлөрүнө жана алардын глобалдык коомдогу маанилүү ролуна басым жасап келет.Быйылкы Эл аралык жаштар күнү бир нече себептерден улам өзгөчө:Быйылкы жылдын темасы “Чыкылдатуудан прогресске: Жаштардын туруктуу өнүгүүнүн санариптик жолдору” Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн технологияларды колдонууда жаштардын негизги ролун баса белгилейт. Кыргызстанда жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаштар санариптик инструменттерди жергиликтүү жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуп, “чыкылдатууларды/кликтерди” прогресске айлантууда” (БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш).Туруктуу өнүгүү максаттарынын учурдагы абалын эске алуу менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү абдан маанилүү. Башкы катчы айткандай, туруктуу өнүгүү максаттарга жетүү үчүн радикалдуу бурулуш талап кылынып, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алар менен тең укуктуу иштешүү аркылуу гана ишке ашат. Бул санариптик ажырымды жоюуну, билим берүүгө инвестицияны көбөйтүүнү, технология тармагындагы гендердик көзкарандылык менен күрөшүүнү жана санариптик чечимдерди кеңейтүү үчүн жаш инноваторлорду колдоону камтыйт.Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын катышуусу быйылкы 22-23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы тарабынан президент Жапаров жана башка мамлекет башчыларынын деңгээлинде чакырылган Келечектин Саммиттин негизги бөлүгү болуп саналат. Саммит жаштар негизги ролду ойной турган көйгөйлөрдү чечүүнүн көбүрөөк байланышкан жана инклюзивдик глобалдык механизмдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкы катчы дүйнөлүк лидерлерди Саммитти бардык деңгээлдеги жаштардын катышуусун арттыруу, жаштардын консультациялык органдарын түзүү, муундар аралык диалогду илгерилетүү жана дүйнө жүзү боюнча жаштар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн пайдаланууга чакырды.Жаштар элибиздин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзгөн жана инклюзивдик социалдык-экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө, социалдык адилеттүүлүк, саламаттыкты сактоо же билим берүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн өздөрүнүн жаңы көз караштары жана инновациялык чечимдери канчалык маанилүү экенин күн сайын көрсөтүп жаткан Кыргызстанда бул чакырыктан дагы кайсы жерде көңүл бура алат эле? Келгиле, быйылкы Эл аралык жаштар күнүн жана бүгүнкү иш-чараны Саммиттин жаштардын келечегин аныктаган чечимдерге көбүрөөк катышуусу жөнүндөгү убадасын ишке ашыруу үчүн курулуш материалы катары колдонолу жана жаштардын потенциалына инвестиция салууга милдеттенели.Куралдарды, ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен биз жаштардын энергиясын жана чыгармачылыгын туруктуу өнүгүү жана бардыгы үчүн жакшы келечек үчүн колдоно алабыз.Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму БУУнун Жаштар боюнча Консультативдик Кеңеши сыяктуу демилгелер аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоп, жаштарга БУУнун Кыргызстан менен өнөктөштүгүн туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүү үчүн түзүүдө добуш берет. Биз ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү реформалары, иш менен камсыз кылуу, креативдүү индустрия жана санариптик сабаттуулукка жана башка багыттарга инвестициялоону улантабыз, анткени алардын туруктуу экономика жана инклюзивдүү, адилеттүү өнүгүү үчүн маанилүүгүн белгилейбиз.Чоң рахмат.
1 of 5
Video
10 сентябрь 2024
Access to Markets Project: Artificial glaciers
The engineers have come up with an effective way to conserve freshwater - building artificial glaciers. Artificial glaciers not only provide better access to drinking water, but also improve pasture rotation, improve microclimate and increase soil moisture, reduce pressure on pastures, help adapt to climate change and mitigate its effects.The Access to Markets Project helped the authors of this initiative to set up 11 artificial glaciers by procuring the necessary materials, funding construction and installation, and conducting trainings to disseminate the method. In total, the authors have implemented 30 projects in six regions of Kyrgyzstan. This video collection was prepared within the framework of the Access to Markets Project funded by the International Fund for Agricultural Development (IFAD).The Access to Markets Project (ATMP) is an IFAD-funded project of USD 31.2 million, which was approved in 2016 and will end in December 2024. It aims to raise incomes and enhance economic growth in Kyrgyzstan's pastoralist communities. Its development objective is the improved access and integration of smallholder livestock farmers into remunerative markets for their products, leading to improved and equitable returns.
1 of 5
Баяндама
22 сентябрь 2024
Оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиондору жашаган Маңгыт айылынын баяны
Бул кыймылдын башында турган адам — өзгөрүүнүн чыныгы чемпиону Муктаралы. Муктаралы жумуш орундарын түзүүгө жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилге алкагында «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири. Ишкердик рухунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүп, негизинен аялдардан жана жаштардан турган топтун мүчөлөрү окутуулардан өтүп билим алышты. Муктаралы 40 жылга жакын өмүрлүк жары менен бирге чогуу өнүгүп-өсүү үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз салымын да кошуп,«Ынтымак» тобунун көптөгөн ийгиликтерине түрткү болгон. Түгөйлөрдүн аракетинин натыйжасында тигүү цехи, биогумус өндүрүү, картошка жана мөмө-жемиш бактарын өстүрүү сыяктуу бир нече киреше алып келүүчү иштер жасалды. Бул долбоорлор, өзгөчө, вермикомпост өндүрүүдө олуттуу натыйжаларды алып келип, үй-бүлөнүн кирешесин бир топ жогорулатты.«Биздин биогумус менен байытылган картөшкөнүн биринчи түшүмүн алып, анын даамын татып көргөнүбүздө башкача чыкты. Айырмасы ачык эле көрүнүп турду: мурда 700 килограммдан ашпаган болсок, быйыл 100 кг үрөндөн 1 тонна картөшкө жыйнап алдык. Айылда төрөлүп, өмүр бою айылда жашагандыктан айырманы дароо сездим - даамы абдан сонун экен. Андан сырткары айылыбыздагы социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө 500 кг да тараттык», - деп Муктаралы айыл чарбадагы жупуну ийгиликтери менен бөлүшөт. «Ынтымак» тобунун таасири жергиликтүү жакшыртуу менен чектелбей, Өзбекстандагы коңшу жамаатар менен байланышты чыңдоого жардам берди. Топ Наманган жана Анжиян облустарындагы айылдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүп, айыл чарба тармагында билим алмашууга жана кызматташууга алып келди.«Биздин Өзбекстандагы өнөктөштөр менен мамилебиз бекемдеди», - дейт Муктаралы. «Бул долбоордун аркасында чек арага жакын жайгашкан айылдарды кыдырып, таанышып, жакшы мамилебизди кармап келе жатабыз».Мындай чек ара кызматташуусу Маңгыт айылына өрүктүн жакшыртылган сортторун жана башка айыл чарба инновацияларын киргизүүгө өбөлгө түзүп, андан кыргыз жана өзбек дыйкандары тең пайда көрүштү.Долбоордун демилгеси коомчулуктун гендердик карым-катнашында байкаларлык өзгөрүүлөргө алып келди.Айылдын мырзалары аялдардын экономикалык өсүшкө кошкон салымын баалай баштап, бул үйдөгү колдоонун жана жоопкерчиликтин бөлүштүрүлүшүнө алып келди. Долбоор үй-бүлөлүк турмуш маселелери боюнча талкууларды жана тренингдерди өткөрүүгө көмөктөшүп, Маңгыт айылындагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү дагы да бекемдеди. Муктаралы белгилегендей: «Аялдарды колдоо жана биргелешип иштөө кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет. Эркектер менен аялдар кызматташканда бири-биринин салымын урматтоо сезими пайда болорун билдим. Бизнесте жана үй-бүлөлүк жашоодо чыныгы ийгилик аялдарга карата стереотиптерди бузууга жардам берген жоопкерчиликти жана кызматташууну бөлүшүүдөн келип чыгат».Муктараланын жубайы тигүү цехин ачып, көп өтпөй сурпа (камыр жайган кездеме) сыяктуу ашкана идиштерин сатуудан айына 20 миң сомдой (234 доллар) киреше ала баштаган. Алардын күтүлбөгөн арыз-талабы жана ийгилиги башка аялдарды тигүү бизнесине шыктандырып, үй чарбаларынын жана бүтүндөй айылдын экономикалык өсүшүнө салым кошкон.Муктаралы айылдаштары аны Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн улуу заманбап пионери деп атап алышканын жылмаюу менен белгилейт: «Эл бир максат үчүн бириккенде өзгөрүү болот. Биздин кыргыз жана өзбек коомчулугунун гүлдөп-өсүшүнө болгон умтулуубуз прогресске өбөлгө болду. Ал эми менин ушундай кызматташуунун күчүнө болгон жеке ишенимим Маңгыттын ар бир аялын жана ар бир эркегин оң өзгөрүүлөрдүн заманбап чемпиону кыла алды окшойт». Муктаралы сыяктуу ачык-айрым адамдардын жетекчилиги жана түшүнүгү менен «Ынтымак» өз ара жардамдашуу тобунун жетишкендиктери коомчулуктун демилгелеринин күчүн көрсөтүүдө.Чек ара кызматташтыгы жана тынчтык куруудагы туруктуулук элдин жашоо-тиричилигин жана үй-бүлөлүк мамилелерин жакшыртып тим болбостон, алардын коомдук байланыштарын чыңдап, өз айылы үчүн да, бүтүндөй эки өлкө үчүн дагы адилеттүү жана бакубат келечекти курууга жардам берди.***Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген «Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.
1 of 5
Баяндама
29 август 2024
Ишмердүүлүккө жол тартып өзгөрүүлөргө бел байлаган элеттик айымдар коомдук ынтымакты күчтөндүрүүдө
“Өз айылыбызга күч-кубат берип, өзүбүздү өнүктүрүүнүн чырагы болуп калды биз катышкан окутуу, иш-чаралар. Алар бизге терең таасир калтырып, коомчулуктун лидерлери болууга өбөлгө түздү”, – деп Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өлөң-Булак айылынын тургуну Күмүшай бөлүштү. Беш баланын апасы 46 жаштагы Күмүшай айым Аксы, Ала-Бука жана Араван райондорунда чек арага жакын аймактарда ишке ашырылган долбоордун өз ара жардам көрсөтүү топторунун окутууларына катышып, тынчтык куруу процессинин негизги катышуучулары жана демилгечилеринин арасына кошулуп келди. Элеттик айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, тынчтык куруу, жаштардын жана аялдардын тынчтык куруудагы өзгөчө ролун белгилеп колдоо максатында уюштурулган бул окутууларында айымдардын жана жаштардын өзүн-өзү камсыздоо жана жеке өсүү-өнүгүү боюнча баа жеткис билим, маалымат берилди. Үйдөгү деле жумушун жасап, ошону менен бирге өзү кызыккан жумушту алып кете алаарына көзү жеткен Күмүшай: “Кайнене - кайната менен турган кичи келинмин. Үйдө кызмат кылып эле жүргөн келин катары бир убакта ишмердүүлүккө жол тартып, окууларга барып баштасам кайненем башында туура эмес карап “Үйгө коноктор келмек, иштер калып кетет” деп каршы чыгып атты”, – деген оюн бөлүшүп кетти. Жашоосундагы өзгөрүүлөргө бел байлаган Күмүшай айым убакытты туура башкаруу чеберчилигин өздөштүрүп, бул умтулуу үйдөгү милдеттерин аткаруу менен бирге өзү кызыккан демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Катышкан окутуулардын биринде репродуктивдүү ден соолук боюнча алган билим өзгөчө таасирдүү болуп, анын өспүрүм кызы менен ачык баарлашуусуна өбөлгө түзгөнүн: “Мен бойго жеткен кызым, уулдарыма мамилем өзгөрүп, ушунча жыл өтүп эми ачык сүйлөшө баштадым. Балдарыма биринчи ирээт мен күйөт экенмин”, – деген сөз менен Кумүшай баса белгиледи.Бирок алган маалыматты Күмүшай айым өзүнө катып сактаган эмес. Ал айылындагы мектепте ата-энелер комитетинин жетекчиси катары уул-кыздарды окууга тартуунун жана алардын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат менен бөлүшүп турду. Алган билимин үй-бүлөсүнөн тышкары, кошуна кыз-келиндерге да жеткирип турду. Окутуулар Күмүшай айымдын ишкердик рухун дагы жандырды. Кайненесинин колдоосу менен жергиликтүү кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн жолдун боюнан үйүнө жакын сулуулук салонун ачууну сунуштаган.“Ушул ишканабыз жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, аялдардын көз карандысыздык сезимин да арттырды. Айылдын келиндери үйдө балдары менен гана отура бербей, чөнтөктөрүндө бир аз болсо дагы акчасы бар болуп атты. Алардын да кайненелери туура тушунуп, жөлөк-таяк болуп колдоо көрсөтүштү”, – деп Күмүшай айым бөлүштү.Өлөң-Булак айылынын сулуулук салону заманбап чач жасалгаларын жана сулуулук кызматтарын берип баштады. Күмүшай айым салондун айылга алып келген ыңгайлуулугун жана арзандыгын баса белгилеп: “Бизде жылуу - муздак суу чыгат. Элдер да кызыгып келишет, кээде жөн эле көрүп кетишет. Мектеп мугалимдери келип тырмагын жасатып, чачын жуудуруп, жасалгалап турушат. Мурда окуучулар мектептен чыгып, 25 км узак болгон Кербен шаарына чачын тегиздөөгө кетсе, үйдөгүлөрү качан келет деп сарсанаа да болушуп, барганга жол киреси да кетет эле”, – деп түшүндүрдү. Жаңы ишкананын экономикалык пайдасынан тышкары коомдук-социалдык таасири да артты. Айылдын майыптыгы бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн чачтарын бекер кыркып, көп балалуу энелерге да жеңилдиктерин сунуп беришет. Күмүшай айым өзүнүн чечкиндүүлүгү, өжөрдүгү, талыкпас эмгеги аркылуу өз жашоосун гана өзгөртпөстөн, ал турган айылдын коомчулугуна да туруктуу оң өзгөрүүлөрдү алып келди. “Аялдарга билим берип, шыктандырып, туура колдоо көрсөтүлүп, мүмкүнчүлүктөр берилсе биз ойлогон бардык нерсеге жете алаарыбызды анык түшүндүм”, – деген сөзүн Күмүшай айымдын баяны далилдейт. Анын көтөргөн демилгеси коомдогу салттуу тоскоолдуктардын алдын алып, экономикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, коомдук ынтымакты күчтөндөрүп келет. ***Коңшу мамлекеттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында ишке ашырылып келген “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында кызматташуу аркылуу биргеликте өнүгүү” долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) колдоосунда “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду тарабынан 2,5 жылда ишке ашырылып Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып келди.Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын тургундары арасынан 340 келин-айымдар жана жаштар катышып келген 45 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Топторду түзүүнүн негизги максаты – жамааттардагы аялдарга колдоо көрсөтүү жана аларды экономикалык жактан бекемдөө, коомдогу социалдык-экономикалык жашоону чыңдоо болду. Өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу максаты менен 36 бизнес долбоор техникалык колдоого алынган.
1 of 5
Баяндама
11 июнь 2024
Жеткиликтүү медициналык жардамдын Кыргызстандын элет жергесиндеги жашоо сапатын өзгөртүүгө кошкон салымы
колдоосу менен “Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсынын” (ҮПКА) биргелешкен аракеттери гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо (РДС) биринчи ирээттеги муктаждыктарына тез арада жооп берүү максаттарын көздөгөн. Жетүүгө кыйын болгон калкты камтуу: мобилдик клиникаларды жайылтууЮНФПА менен ҮПКА Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткендеги чек ара жаңжалынан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга медициналык кызмат көрсөтүү демилгесин көтөргөн. Бир нече айдын ичинде ЮНФПА бул аймактарга мобилдик клиникаларды, медицина кызматкерлери менен психологдордун тобун жиберип, негизги медициналык кызматтарга жете албаган 4500дөн ашуун аял-кыздарга кызмат көрсөтүлдү. Мобилдик клиникалардын курамына гинеколог, маммолог жана терапевттер кирип, алардын кеңешине таянып, аялдар психолог жана башка тармактагы адистерге жөнөтмө алышкан. Туруктуу таасир жана Өкмөттүн милдеттенмесиМобилдик клиникалардын ийгилиги алардын кызматтарына туруктуу суроо-талапты жаратты. Тийген жардамына баа берип, Баткен районунун башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу чек ара аймактарындагы калк арасына мобилдик клиникаларын жиберүү демилгесин көтөрдү. Бул демилге каржылык жана социалдык чыңалууну басаңдатууга жардам берип, Кыргызстан Өкмөтү эч кимди артта калтырбай камсыз кылууга умтулганын көрсөттү. Курч кырдаалдан чыгуу боюнча чаралар 2023-жылдын декабрь айында Баткен облусунун администрациясынын демилгеси менен чек арага чектеш Андарак айылында бир жылдын ичинде жарымы көз жумган 20-43 курак жашындагы 10 аял өз жанын кыюу аракеттерине (https://rus.azattyk.org/a/32743308.html) жооп катары ЮНФПА бир катар комплекстүү иш-чараларды ишке ашырган. Ушул абалдын негизги себептеринин бири үй-бүлөлүк зомбулук деп аталган. Ошондон улам үч күндүн ичинде (29-февралдан 2-мартка чейин) мобилдик клиниканын дарыгерлер жана психологдор тобу 184 аял жана өспүрүм кызга жардам көрсөтө алышты. Аялдар жана кыздар УЗИден, терапевт, маммолог, онколог, акушер-гинеколог жана психологдун консультацияларынан өтүштү. Консультацияларга кошумча катары, адистер Андарак айылындагы жогорку класстарынын окуучуларына «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу» деген темада маалымат сессиясын өткөрүштү. Элеттен чыккан добуш Бул демилгенин таасири терең жана масштабдуу болуп, Баткен облусунун көптөгөн аялдардын жана өспүрүм кыздардын жашоосун оң жактан козгоду. Айыл тургундары мобилдик клиникалардын жеткиликтүү жана өз убагында көрсөтүлгөн камкордугуна ыраазычылыгын билдиришти. Ак-Турпак айылынын тургуну айылга мобилдик клиника жеткен биринчи күнү оюн бөлүшүп кетти: “Дарыгерлерге, өзгөчө гинекологко ыраазычылыгымды билдирем, анткени ар бир айымга мээримдүү мамиле көрсөтүп, тажрыйбалуу кеңештерин беришти”Анын сыңарындай, Боз-Адыр айылынын тургуну Асел Мамытова мобилдик клиниканын тейлөөсүнүн ыңгайлуулугун жана сапатын баса белгиледи: "Боз-Адырга келгениңиздерге ыракмат! Борбор калаага чейинки алыскы сапарга аттанып, текшерүүдөн өтүүнүн кереги жок болуп калды. Мобилдик клиника бизге такай келип турса чындап жакшы болмок!”Маанилүү медициналык кызматтарды көрсөтүү менен бирге, бул демилге коомчулук арасында кам көрүү жана колдоо сезимин жаратты."Мурда биздин жердештер борбор калаага барып медициналык консультация алышчу. Бирок көбүнесе аялдар көп жылдан бери медициналык кызмат ала албай келишкен, анткени алыс жакка жеткен күнү дагы, медициникалык кызматтын акысы бизге оорчулук жаратчу", - деп айыл тургундарынын бири баса кетти. Элеттик аялдар менен өспүрүм кыздардын келечегине көз караш Бул демилгеге болгон коомчулуктун суроо-талабы Кыргызстандын элет жериндеги ар бир аялдын жана өспүрүм кыздын чын ден соолугуна жана кенен келечегине салым кошот деген ойдобуз.Бул ыкма гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукка байланыштуу чукул муктаждыктарга чара көрүү үчүн бирдиктүү аракеттердин дараметин көрсөтөт.Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНФПА жана ҮПКАнын биргелешкен демилгеси өз убагында жан дили менен колдоо көрсөтүү аркылуу эч кимди артта калтырбай олуттуу натыйжаларды берди. Даярдаган: Гүлайым ШигайбаеваСүрөттөр: ҮПКА
1 of 5
Баяндама
03 июнь 2024
Квалификациялуу жана өз убагында көрсөтүлгөн акушердик жардам эненин жана ымыркайдын чың ден соолугунун өбөлгөсү
заара азайып эс жоготуу белгилерине учураганда кош бойлуу аялдар эмнеге дароо медициналык жардамга кайрылуусу маанилүү? “Кош бойлуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, буттары шишип кеткенде акушерка жардам көрсөтүүдө негизги ролду ойнойт. Алар кан басымын өлчөп, бейтапты тыкыр көзөмөлдөп, преэклампсияга өбөлгө болгон баш оору бүдөмүк көрүү сыяктуу көрүнүштөргө баа бере алат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында орто жана үчүнчү деңгээлдеги беш төрөт уюмунун акушерлерине окутуу жүргүзгөн эл аралык тренер Алексей Климашкин белгилей кетти. Бул долбоор төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдүн жооп берүү системасын жана телеконсультацияларды колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жетүү аркылуу энелердин алдын ала турган ооруларын кыскартууга багытталган. Преэклампсия кош бойлуу аялдардын 5-8% жабыркайт жана дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 76 000 эненин жана 500 000 ымыркайдын өлүмүнө себепкер болуп, кош бойлуулукка байланыштуу өлүмдөрдүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Эксперт Климашкин белгилегендей, жогоруда белгиленген кооптуу белгилер байкалган учурда акушеркалар дарыгер менен кеңешип, андан аркы дарылоо планын иштеп чыгышат: «Акушеркалар кош бойлуу аялдардын кан басымын төмөндөтүүгө жардам берип, шишик жана баш оорусун азайтууга жардам берип, ден соолукту чыңдоо боюнча кошумча сунуштарды беришет. Бул чаранын баары эне жана бала үчүн коркунучтарды азайтуу, кош бойлуулуктун жана төрөттүн коопсуз болушун камсыздоого багытталган”. Кыргызстанда болгону 2196 акушерка бар, алардын 90%ы төрөт үйлөрүндө репродуктивдүү жана эне ден соолугун коргоо кызматтарын көрсөтүп штеп келишет. Төрөт үйүнө келген кош бойлуу аялдарды биринчилерден болуп акушеркалар тосуп алышат. Ошондуктан алардын оор преэклампсия абалына туура баа берип диагноз коюу жана мультидисциплинардык команданын бир бөлүгү катары өз убагында жардам көрсөтүүсү маанилүү.Ошол себептен репродуктивдүү жана эненин саламаттыгын сактоо боюнча сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында беш пилоттук медициналык уюмдун, тактап айтканда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда акушер-гинекологдор долбоордун алкагында үч күндүк окутууда билимин жана көндүмдөрүн жогорулатышты. Тренингдин катышуучуларынын бири Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн акушеркасы Элнура Кубанычбекова белгилегендей, акушеркаларга тийиштүү компетенцияларды үйрөнүп көзөмөлдөө - биринчи кезекте акушерлердин ишинин сапатын жогорулатуу, бейтаптарды тейлөөнү жакшыртуу жана медициналык кызматкерлеринин укуктарын коргоо болуп саналат. Билим берүү семинарларына, тренингдерге жана конференцияларга үзгүлтүксүз катышуу акушердик чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерден жана техникалардан кабардар болууга жардам бергенин: “Кыргызстандын акушерлери профессионалдык өсүүгө жана өнүгүүгө умтулушат жана заманбап илимий изилдөөлөрдү изилдөө каалоосун сактап калуу маанилүү. Ал эми далилдүү медицинаны практикага киргизүү көрсөтүлгөн жардамдын сапатын жогорулатат. Ошондо акушерлердин эмгеги бейтаптардын ыраазычылыгы, кесиптештеринин урматы менен сыйланат”, - деп Алексей Климашкин оюн айта кетти. Тренинг аркылуу акушердик, неонатология, коомдук ден соолук жана этика, улуттук акушердик компетенциялар боюнча билимин жана көндүмдөрүн акушерлер өркүндөтө алышты, бул билим аялдарга жана ымыркайларга сапаттуу, маданиятка ылайыктуу саламаттыкты сактоонун негизин түзөт. Ошол сыяктуу эле, төрөттөн кийин кан кетүүнүн алдын алуу, преэклампсия жана эклампсияны башкаруу боюнча симуляциялык сабактар өткөрүлдү. Белгилей кетсек, эл аралык эксперт окуткан акушерлер тренингдин экинчи жана үчүнчү күндөрүн өздөрү өткөрүшкөн. Бул эми долбоорго катышкан ар бир төрөт уюмунда төрөттөн кийинки кан жоготуунун алдын алуу, ооруканага жаткыруудан мурун преэклампсия менен эклампсияны башкаруу боюнча үзгүлтүксүз иш ордунда тренингдерди өткөрүү үчүн даярдалган инструктор (жалпысынан беш) бар экенин билдирет. Окутуунун соңунда эл аралык эксперт Климашкин өзүндө оң таасир калтырган иш тууралуу оюн бөлүшө кетти: “Кыргызстандын акушерлери – күн сайын талыкпай эмгектенип, чектелген ресурс шартында иштөөгө даярдыгын көрсөткөн, бейтаптарга кам көргөн чыныгы кесипкөй адистер. Жогорку деңгээлдеги боорукердиги, өзгөчө кырдаалдарда тез чечим кабыл алуу, кош бойлуу жана төрөт аткан аялдар үчүн ыңгайлуу жана колдоочу чөйрөнү түзүү жөндөмдүүлүгү - алардын күчтүү жактары болуп эсептелинет”. Даярдаган: Гүлайым Шигайбаева<shigaibaeva@unfpa.org>
1 of 5
Баяндама
07 май 2024
Мээрим Суранбай кызы: «Толготуп аткан ар бир аялды өз эжемдей көрөм, себеби ал аман-эсен көз жарып ымыркайын кучагына алгысы келет»
төрөттөгү бардык аялдарга жылуу мамиле кылсаң ыраазы болушат, ошондо гана ишеним сезими пайда болот. Жылуу сөздөн тышкары, мен аларга чай-суу алып келип, биздин төрөт бөлүмүндөгү ар бир аял өзүн үйдөгүдөй, коопсуз сезишине кам көрөм». Мээрим Суранбай кызы бала кезинде англис тилине абдан кызыгып, бирок 9-классты аяктаганда программист эжесинин кеңеши менен медициналык колледжге тапшырган. Алгачкы жылдары ал эжеси Мээримдин практикалык халатын өзү жууп, үтүктөп жүрдү.Экинчи курстан кийин Мээрим Ош облустук клиникалык ооруканасынан практикасын өтүп, медицинага болгон сүйүүсү күчөгөн: «Мен туура тандоо кылганымды дал ушул жерден түшүндүм жана ошол күндөн тарта бүт көңүлүм медицина жакка бурулду. Азыркыга чейин эжемдин кеңешине ыраазы болуп келем, анткени бул кесиптин артынан мен чыныгы досторумду таап, санаалаш - пикирлеш адистердин тобуна кошулдум. Алдыбызга кандай гана тапшырма коюлбасын, биз аны сөзсүз аткарабыз. Ал эми чет тилин билгендиктен мен жумушта программалык камсыздоону үйрөнүүдө жана компьютерди колдонууда эч кандай кыйынчылык көргөн жокмун». Бардык төрөт үйлөрүндөгүдөй эле Мээрим толготуп жаткан аялдардын баяндамасын кагаз бетине кол менен толтурууга үлгүрүш үчүн нөөмөт аяктагандан кийин да жумушта калып калчу. Ал эми азыркы учурда кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана пациенттин байкоосун камтыган бейтаптын электрондук картасын колдонуу менен аначы Мээрим жана Кыргызстан бою анын бардык кесиптештери эне жана ымыркайдын ден соолугун сапаттуу башкарууну камсыз кылуу үчүн медициналык документациясын санариптик түрдө жүргүзүп жакшырта алышат.«Биз алгач акушердик жазууларыбызды жана байкоолорубузду санариптик формага өткөрө баштаганда кичине кыйналгандай болдук, бирок азыр компьютерден, планшеттен, жада калса телефонубуздан формалардын баарын толтуруп койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мурда кесиптердин ортосунда айкын ажырык бар болсо, азыркы учурда дарыгерлер да кандайдыр бир мааниде IT адистери болуп калышкан! Мен ушул учурдун талабын жакшы түшүнүп колдоп келем, анткени биздин ишибизге пайдасы тийип, кесиптештеримдин санариптик сабаттуулугун жогорулатат». Мээримдин айтымында, төрөт бөлүмүнүн кабыл алуу бөлүмүндө толготуп аткан аялдын ПИН-кодун гана киргизип, анын электрондук картасынан буга чейин кайсы дарыгерлерге кайрылганы, кантип дарыланганы чагылдырылат. Башка сөз менен айтканда, бир карап туруп, төрөт үйүнүн бейтабынын ден соолугуна тиешелүү жалпы түшүнүк алса болот, бул болсо кабыл алуу бөлүмүнүн ишин бир кыйла жеңилдетчүдөй. «Биз кагаз толтурууга коротуп жүргөн убактыбызды толгоо тартып жаткан аялдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө жумшайбыз. Ал аялдарга кандай мамиле көрүү керек? Алар биздин колдообузга муктаж. Толготуп аткан аялда коркуу сезими болот, алар жалгыз калгысы келбейт. Ал эми мен алардын жанында жүрсөм, алардын көңүлү да тынч болот - мындай шартта төрөтү да жеңил өтөт. Мен ар бир толготуп аткан аялды өз эжем, өз сиңдимдей көрөм, анткени ал тогуз ай бою курсагында жаткан алдейин төрөп алып, аман-эсен кучагына алгысы келет! Ушундай жагдайда ал аял мага толугу менен ишенгенин сезем», - деп аначы Мээрим жеке байкоосу менен бөлүшөт. Санариптештирүү төрөт үйлөрүндөгү ишти бир топ жеңилдетет, бирок Мээрим үчүн эң чоң баалуулук – бул кесиптештеринин бири-бирине болгон сый-урматы жана колдоосу: “Биз эч качан жардам суроодон тартынбайбыз – мен жаш кесиптештериме жардам берсем, менден улуу аначылар да өздөрүнүн баалуу тажрыйбасы менен бөлүшүп турушат. Убакыттын өтүшү менен роботтор көптөгөн адистиктин функциясын колго алып алаарын билип турам, бирок он роботтун биргелешип кылган ишин бир эле аначынын болгон мээрими жана камкордугу менен салыштырганга болбойт». Мээрим жана анын кесиптештерине жеке клиникалардан жумуш сунушу көп түшүп турчу, бирок алар макул болбой, Ош облустук клиникалык ооруканасында иштеп кала беришет: «Биз жеке уюмдардан көбүрөөк маяна, белгилүү жана так иш сааты менен камсыз болоорубузду билебиз. Бирок ушул иштин артынан мен калыптандым, Мээримди азыркы Мээримге жеткирген да ушул жер. Кесиптештеримдин жана бейтаптарымдын мага болгон ишеними, өз ишиме болгон таазимим мага жөлөк - таяк болуп турат, ушуну патриотизм деп атасак жаңылбайбызбы? Ал эми жолдошум менен шаарга чыгып калсак эле, келин-эжелер мага кайрылып, чын жүрөктөн алик алышып: “Эсиңиздеби, ушул баламды сиз төрөтпөдүңүз беле?” деп калышат». Жолдошу да мындайда кубанып калат, анткени ал Мээримдин чын дили, жоопкерчилиги менен иштеп келгенин билип ар дайым колдоп келет: «Биз үйдө үч балабызга ата-эне болуп келсек, төрөт үйүндө болсо күн сайын Кыргызстаныбыздын жаңы жарандарынын экинчи апасы болуп жүргөнүмдү жакшы түшүнөт». *** Мээрим Суранбай кызы башка аначы-гинекологдор, аначылар, неонатологдор жана неонаталдык медайымдары менен кошо бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик, неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун, колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган окуутууга катышты. 2024-жылдын апрель жана май айларында бул окутуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда жүрүп жатат. Бейтаптын электрондук картасына тиешелүү окутуу жана ишке ашыруу процесстери төрөт үйлөрүндө акушердик көзөмөлдүн жооп берүү системасын жана телеконсультацияны колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты аркылуу энелердин алдын алына турган ооруларын төмөндөтүүсүнө багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда. Даярдаган: Гүлайым Шигайбаева<shigaibaeva@unfpa.org>
1 of 5
Пресс-релиз
18 октябрь 2024
"Азык-түлүккө акыбыз бар": Кыргызстанда Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн майрамдоонун алкагында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен биргеликте айыл чарба инновацияларынын көргөзмөсүн, ошондой эле университеттин студенттери үчүн азык-түлүк коопсуздугу темасында викторина өткөрүштү. Дүйнө жүзүндө фермерлер планетанын калкын камсыз кылуу үчүн жетиштүү азык-түлүк өндүрүшөт, бирок ачкачылык маселеси дагы эле чечиле элек. Дүйнөдө 733 миллионго жакын киши аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн, чыр-чатактардан, экономиканын төмөндөшүнөн, теңсиздиктен жана пандемиядан улам ачарчылыкка туш болушууда. Планетанын 2,8 миллиардгажакын тургуну туура тамактануугамүмкүнчүлүгү жок. Туураэмес тамактануу – бул жетишсиз тамактануунун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде көпчүлүк өлкөлөрдө катталган жана бардык социалдык-экономикалык класстарды камтыган тамак-аштын жана микроэлементтердин жетишсиздигинин, ошондой эле семирүүнүн негизги себеби."Ар бир адамдын жетиштүү тамактанууга укугу болмоюнча, биз башка укуктарды ишке ашыра албайбыз жана туруктуу өнүгүү максаттарына жете албайбыз", - деп белгиледи ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев. "Агроазык-түлүксистемаларын трансформациялоо аркылуу кырдаалды өзгөртүүгө болот. Инновациялар жана заманбап технологиялар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, ошондой эле баарын камтыган (инклюзивдүү) жана тышкы таасирлерге туруктуу болгон жашоо каражаттарын колдоого мүмкүнчүлүк берет". ФАО Кыргыз Республикасына саясат жана мыйзам маселелери боюнча техникалык жардам көрсөтүп, жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин бекемдөө, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле өндүрүштү, тамактануунун сапатын, айлана-чөйрөнүн абалын, жашоо-турмуштун сапатын жакшыртуу максатында агроазык-түлүк тутумдарын кайра түзүүгө багытталган көп тараптуу диалогду жөнгө салууга көмөк көрсөтөт."Азык - түлүк коопсуздугунун төмөндөөсү жана жетишсиз тамактануу узакка созулган кризистер: аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен экономикалык толкундоолордун айкалышынан келип чыгат, - дейт БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай. - БУУ ДАТП Министрлер кабинетижана өнөктөштөр менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугу курч турган калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам капиталын өнүктүрүү, коомдук активдерди түзүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу жолу менен улуттук социалдык коргоо тутумдарын бекемдейт".БУУ ДАТП жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети азык-түлүк тутумдарын бекемдөөдө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жана пайдалуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда чакан фермерлер менен калктын аялуу катмарын колдоо боюнча аракеттерин улантууда. Даректүү жардам көрсөтүүменен БУУ ДАТП аялуу жамааттарды азык-түлүк менен камсыз кылууга, жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана киреше алып келүүчү жумуш орундарын түзүүгө умтулат.Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир нече маалыматтык-агартуу иш-чаралары теңсиздик менен күрөшүү, туура тамактанууну жайылтуу, тамак-аш калдыктарын азайтуу жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелердин маанилүүлүгүн талкуулоого багытталат.16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкы корпусундагы көргөзмөдө заманбап агротехнологиялар, ошондой эле айыл чарбасы үчүн инновациялык чечимдер, анын ичинде ЖОЖдун илимий иштеп чыгуулары көрсөтүлдү. Университеттин ректору РысбекНургазиев белгилегендей, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги элементтеринин бири инновацияларды колдонуу болуп саналат. "Биз фермерлердин жана айыл чарба ишканаларынын практикалык иш-аракеттерине илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык чечимдердининтеграцияланышына көмөктөшүшүбүз керек", - деп белгиледи ал. "Буга заманбап айыл чарба тажрыйбаларын киргизүү, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун иштеп чыгуу, жаныбарлардын генетикасын өркүндөтүү, ошондой эле айыл чарбасы үчүн санариптик технологияларды өркүндөтүү кириши мүмкүн".Мындан тышкары агрардык университеттин студенттери үчүн викторина уюштурулуп, ага ЖОЖдун бардык факультеттеринин атынан 5 команда катышты. Викторинанын катышуучулары азык-түлүк коопсуздугу, пайдалуу жана коопсуз тамактануу жана башка темалар боюнча суроолорго жооп беришти.Дүйнөлүк азык-түлүк күнү жыл сайын 16-октябрда белгиленип, 1945-жылы түзүлгөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) негизделген күнүнө туш келет. Бул жылы "Азык-түлүккө акыбыз бар. Жакшы жашоо жана жаркын келечек үчүн." деген ураан азык-түлүк түрдүү, пайдалуу, жеткиликтүү жана коопсуз болуусун эске салуу үчүн тандалып алынды. Толук маалымат алуу үчүн:Евгений Печурин, Коомчулук менен байланыш адиси, БУУ ФАО, evgeniy.pechurin@fao.org, 0550838089Алмаз Чороев, Коомчулук менен байланыш адиси, БУУ ДАТП, almaz.tchoroev@wfp.org, 0550577597.
1 of 5
Пресс-релиз
03 октябрь 2024
БУУ Кыргызстанда санариптик саламаттык сактоо боюнча биргелешкен программасын ишке киргизет
Программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) Фонду аркылуу Европа Биримдиги, Испания жана Швеция катышуусу менен каржыланып, Туруктуу координатордун жетекчилиги астында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП), ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат. Ал Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар жана айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн ар бир адамга сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.Жалпы бюджети 4,03 миллион долларды түзгөн биргелешкен программа санариптик саламаттыкты сактоо тутумдарын модернизациялоого, мамлекеттик электрондук кызматтарды өркүндөтүүгө жана аз камсыз болгон жамааттарга жетүү үчүн телемедицинаны кеңейтүүгө багытталган программа 2024-жылдан 2027-жылга чейин иштейт. Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылган ден соолуктун санариптик профилин жакшыртуу. Бул үч миллион эмдөө жазууларын Улуттук электрондук ден соолук карталарынын платформасына кошууну камтып, бир жашка чейинки 225 000ге жакын балага керектүү эмдөөлөрдү алууга жардам берет. Мындан тышкары, кеминде 200 000 адам лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын онлайн режиминде көрө алышып, бул убакытты үнөмдөп, медициналык жардамдын сапатын жакшыртат. Программа ошондой эле аялуу топторду колдоого багытталган. 120 000ге жакын майыптыгы бар адамдар санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат, ал эми 280 000 адам санариптик оору баракчаларына ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышат.Телемедицина кеңейтилип, 0-14 жашка чейинки 700 000 балага санарип платформасы аркылуу медициналык консультацияларга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, 60 медициналык мекеме болжол менен 140 000 энеге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга атайын жардам көрсөтүлүп, алардын бардыгы EHR платформасына туташтырылат. Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев: “Бул санариптик саламаттык сактоо демилгеси Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Маанилүү медициналык маалыматка жетүүнү жакшыртуу менен биз саламаттыкты сактоону натыйжалуурак кылып, ар бир адам үчүн жыйынтыктарды жакшыртабыз". БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве белгиледи: «Санариптик технологиялар биздин дүйнөнү өзгөртүп, коом жана планета үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Өткөн аптада дүйнөлүк лидерлер тарабынан Келечектин саммиттинде кабыл алынган Глобалдык санариптик келишим санариптик ажырымды жоюу, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жана эч кимдин артта калбашын камсыздоо боюнча милдеттенме болуп саналат. Бул глобалдык көз карашты колдоо үчүн Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аялуу топторго, балдарга жана айыл жерлерине санариптик инструменттер аркылуу саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен программаны ишке киргизип жатат».
1 of 5
Пресс-релиз
29 сентябрь 2024
«Борбордук Азиядагы адаптациялык пландоо жана адаптациялык каржылоо: 29-Тараптардын Конференциясына карай жол»
Бул иш-чара Борбордук Азиядагы климаттык кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган негизги аянтча болуп калды. Конференциянын негизги максаттарынын бири – 2024-жылдын ноябрында Бакуда, Азербайджанда өтө турган маанилүү сүйлөшүүлөргө чейин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы көз карашын жана позицияларын талкуулоо болду. Борбордук Азияда климаттык коркунучтар улам айкын болуп жатат, жана климаттын өзгөрүшү буга чейин эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу таасир берүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү белгилегендей, Борбордук Азия өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу чек аралык климаттык тобокелдиктерге туш болууда, бул болсо регионалдык деңгээлде биргелешкен аракеттерди жана координацияны талап кылат. «Климаттын начарлашына байланыштуу эффективдүү улуттук жана аймактык адаптациялык пландар коомчулуктар үчүн өтө маанилүү. Бирок бул пландар жетиштүү каржылык ресурстарды талап кылат. COP29 адаптациянын артыкчылыктарын аныктоо жана каржылоону камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди Антье Граве, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору. «Климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана кызматташууну илгерилетүү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттык кыйынчылыктарга каршы күрөштөгү биримдигин жана биргелешкен чечимдерге болгон берилгендигин баса белгилейт», – деп айтты БУУӨПтун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева.БУУӨП өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Улуттук максаттуу салымдар, Улуттук адаптациялык план (УАП) жана көмүртектин нейтралдуулугу стратегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле БУУӨП 2025-жылга чейинки Улуттук максаттуу салымдар жана тоо экосистемаларын глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө коргоо аракеттерин колдоп келет.«Биз климатка байланыштуу натыйжалуу, координацияланган жана жакшы каржыланган иш-аракеттерди талап кылышыбыз керек. Адаптация жана туруктуулук биздин тиричилигибиздин негизги шарты», – деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов. КР Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев: «Биз экономикабызды, айыл чарбабызды, суу ресурстарын жана калкыбызды климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине даяр кылуу максатында Улуттук адаптациялык планды финалдап жатабыз. Бул план Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, анткени бизде тоо экосистемалары өзгөчө алсыз», – деп белгиледи.Динара Ашимова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Бизге айыл чарбасы, суу ресурстарын башкаруу жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча адаптациялык чараларды колдоо үчүн каржылык механизмдерди камсыз кылуу керек. Аялуу коомчулуктардын адаптацияланып, өнүгүшү үчүн зарыл колдоолорду алуусун камсыз кылышыбыз керек».БУУӨПтун флагмандык глобалдык демилгеси «Климаттын келечеги» 120дан ашуун өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга, Париж макулдашуусу боюнча климаттык милдеттенмелерин аткарууга жардам берүүдө.БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын 2023-жылдагы Глобалдык инвентаризациясынын жыйынтыгына ылайык, бардык өлкөлөргө 2025-жылдын аягына чейин улуттук адаптациялык пландарды иштеп чыгып, 2030-жылга чейин аларды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү сунушталды. Борбордук Азия өлкөлөрү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан – өздөрүнүн улуттук адаптациялык пландарын иштеп чыгуу боюнча ар кандай баскычтарда турушат. Бул конференцияда адаптациянын негизги багыттары катары айыл чарба, энергетика, курулуш, саламаттыкты сактоо, туризм, биоартүрдүүлүк, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу сыяктуу секторлор белгиленди. Конференция Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн, эл аралык уюмдардын жана дүйнөлүк эксперттердин өкүлдөрүн чогултту. Катышуучулардын арасында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын улуттук байланыштуу жактары, эл аралык климаттык каржылоо өкүлдөрү, ар кайсы министрликтерден жана улуттук институттардан келген адаптация жана климаттык каржылоо боюнча эксперттер, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Иш-чарага эл аралык уюмдардын глобалдык эксперттери жана көз карандысыз техникалык адистер да катышты.Конференция улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде климаттык каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа болуп кызмат кылды. Иш-чаранын негизги максаттарынын бири Борбордук Азиянын 29-Тараптардын Конференциясындагы жаңы коллективдүү каржылоо максаты (NCQG) жана ачыктык системасын күчөтүү боюнча жалпы позициясын иштеп чыгуу болду.Конференция климаттык максаттарга жетүү үчүн каржылык механизмдердин маанилүүлүгүн, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча чаралардын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чечүүчү ролду ойноорун баса белгиледи.Маалымат үчүн“Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планын иштеп чыгуу процессин илгерилетүү” долбоору БУУнун Климат Фондунун каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы БУУӨП тарабынан ишке ашырылууда.Кошумча маалымат алуу үчүн БУУӨПтүн коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Абдрахмановага ainagul.abdrakhmanova@undp.org почтасы же 0770 755776 телефону аркылуу кайрылыңыз.
1 of 5
Пресс-релиз
22 сентябрь 2024
Кыргызстан соода сүйлөшүүлөрүнүн алдыңкы программасы менен экспорттук потенциалды бекемдөөдө
10-13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (МЭК) Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) менен өнөктөштүктө потенциалды жогорулатуу боюнча төрт күндүк комплекстүү соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө программа өткөрдү. БУУӨПнын Соодага көмөк көрсөтүү долбоору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан колдоого алынган бул демилге Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин суроо-талабынан кийин, ДСУ Кыргызстандын соода өкүлдөрүн дүйнөлүк соода талкууларына жана макулдашууларына натыйжалуу катышуу үчүн зарыл көндүмдөр жана билимдер менен жабдуу үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча интенсивдүү аракеттерди жасады. Бул кызматташуу Кыргызстандын эл аралык сооданын көйгөйлөрүн жөнгө салууга жана өзүнүн улуттук саясатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө умтулуусун баса белгиледи. «Бул потенциалды жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун адистерине ДСУнун принциптери жана макулдашуулары, соода саясатын талдоо жана сүйлөшүүлөрдүн стратегиялары боюнча терең түшүнүк берди. Ошондой эле соода келишимдерин түзүү жаатында алардын квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - дейт КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев. Бул стратегиялык өнөктөштүк аркылуу БУУӨП Кыргызстанды өнүктүрүү максаттарына жетүү жана дүйнөлүк экономикага натыйжалуу интеграциялануу үчүн колдоо көрсөтүү ниетин дагы бир жолу тастыктады. «БУУӨП соода сүйлөшүүлөрүнүн көндүмдөрүн жогорулатуу жана эл аралык соода стандарттарын сактоого көмөк көрсөтүү аркылуу Кыргызстандын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө умтулат. Бул тренинг Кыргызстандын глобалдык рынокко интеграциясын бекемдөө жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча биздин кеңири стратегиябыздын негизги компоненти болуп саналат», – деди БУУӨПнын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева. Потенциалды жогорулатуу аракети темалардын кеңири спектрин камтыды, анын ичинде ДСУнун принциптерине жана макулдашууларына киришүү, соода саясатын талдоо ыкмалары жана сүйлөшүүлөрдүн ишенимдүү пландарын иштеп чыгуу стратегиялары. Катышуучулар практикалык мисалдарды изилдөө жана интерактивдүү симуляциялар аркылуу техникалык тоскоолдуктарды жоюу жана ДСУнун эрежелерин сактоону камсыз кылуу жолдорун изилдешти.Бул аракеттер Кыргызстанды дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү оюнчу катары көрсөтүү жана анын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү үчүн абдан маанилүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарына суроолор үчүн БУУӨПнын Кыргызстандагы байланыш бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Абдрахмановага ainagul.abdrahmanova@undp.org дарегине кайрылыңыз.
1 of 5
Пресс-релиз
20 сентябрь 2024
Кыргызстандын жаштары климаттын өзгөрүүсү боюнча билдирүү даярдашты
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштары климаттын өзгөрүүсү жана анын Борбордук Азия үчүн кесепеттери тууралуу билдирүү даярдашты. Документ 2024-жылдын 5-6-сентябрь күндөрү Борбордук Азияда жана Ооганстанда климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү маселелер боюнча жаштардын жана балдардын Регионалдык конференциясында (RCOY CA and Afghanistan 2024) расмий түрдө тааныштырылды. Конференцияга 200дөн ашык катышуучу, анын ичинде жаштар, балдар, улуттук жана регионалдык лидерлер, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, Канададан, Монголиядан, Түштүк Кореядан жана Индиядан келген коноктор катышты. Жаштардын негизги талаптары: чечимдерди кабыл алууга алардын өкүлдөрүн тартуу, климатка тиешелүү маселелер боюнча билим берүү программаларын жана жаштардын демилгелерин колдоо, суу ресурстарын башкарууга жана трансчек аралык суу ресурстары боюнча эл аралык макулдашууларды даярдоого жигердүү катышуу, мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүгө, жайыттарды башкарууга, экотуризмди өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жаштарды тартуу, аярлуу жамааттардын жоготууларын таануу жана чыгымдардын ордун толуктоо. Ошондой эле мунун катарында климаттык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жаштар менен аялдардын укуктарын кеңейтүү, чечимдерди кабыл алууга аялдарды тартуу, климат боюнча билимге жана жумуш орундарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, ошондой эле аялдар үчүн саламаттыкты сактоо программаларын даярдоо да бар.Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштарынын билдирүүсү профилдик мамлекеттик мекемелерге, ошондой эле чечим кабыл алуучу адамдарга жөнөтүлөт, ошондой эле документ ушул жылдын ноябрында Баку шаарында (Азербайжан) өтө турган COY29 – Климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштар конференциясында тааныштырылат. RCOY CA and Afghanistan 2024 Конференциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн мамлекет жаш муунга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал төмөнкүлөрдү белгиледи: «Мен Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан келген бардык катышуучулар менен учурашып жатканыма кубанычтамын. Биздин өлкө үчүн эң маанилүү тема – бул тоолор. Силер, жаштар, документиңизге "Тоолор жана климат" темасын да кошосуңар деп ишенебиз. Бүгүн биз коңшу мамлекеттердин лидерлери бири-бирин бир туугандардай колдоп жаткан мезгилде жолугушуп жатабыз, ар бирибиздин өлкөбүз жаңы белестерди багындырып, өсүп-өнүгүүгө умтулуп жаткан учур. Жакында Бакуда COP29 Конференциясы өтөт, мен Кыргызстандан ал конференцияга көбүрөөк жаштар катышат деп үмүт артып турам. Биз силерге ишенебиз ». Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев да катышты.«Климаттын өзгөрүүсү – бул биздин чөлкөм гана эмес, бүткүл дүйнө да туш болуп жаткан чакырык. Биздин бийик тоолуу мөңгүлөрүбүз тездик менен эрип баратат, биз барган сайын адаттан тыш аба ырайына күбө болуп жатабыз, ал эми узакка созулган кургакчылык же кыйратуучу сел түрүндө климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери өлкөлөрүбүздүн экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Зыяндын көлөмүн азайтып, жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн биз ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрүүгө тийишпиз », - деп баса белгиледи Медер Машиев.«Борбордук Азияда дээрлик 15 миллион бала климат өзгөрүп жаткан чакта аярлуу абалда калып жатканын ЮНИСЕФтин балдар үчүн климаттык тобокелдиктер боюнча индекси көрсөттү. Биз ар бир өлкөдө климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чаралар балдардын жана жаштардын муктаждыктарына негизделип, бул укуктарды ишке ашыруу узак мөөнөттүү климаттык күн тартибине киргизилиши үчүн болгон аракеттерди көрүшүбүз керек», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.БУУӨП жаштардын демилгелерин колдоп келатат жана жалпы чөлкөм боюнча жаштарды климаттык иш-аракеттерге көбүрөөк тартууга көмөктөшүүдө: Кыргызстанда жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча жаштар конференциялары жана жаштар кербендери уюштурулуп, Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар даярдалып жатат.«Жаштардын укуктары жана катышуусу келечектин гана маселеси эмес. Бүгүнкү күндө жаштар инновациялык чечимдерди даярдап, ишке ашырууда маанилүү ролду ойногон билимге жана көндүмдөргө ээ», - деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.«Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова шаарлар барган сайын аярлуу абалда калып, ал эми жакырчылык климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берүүгө бут тосуп жатканына, өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча чараларды чукул арада көрүш керектигине көңүл бурду.«Жаштар – бул активисттер гана эмес, алар ошондой эле келечектеги кесипкөй адистер жана лидерлер, алар климаттык саясатты түзүп, негизги процесстерди башкарышат. Глобалдык климаттык процесстерде силердин ролуңарды дүйнөлүк коомчулук тааныды жана алдыда маанилүү окуя күтүлүп жатат – Бакуда постсоветтик мейкиндикте биринчи жолу Климаттын өзгөрүүсү боюнча тараптардын конференциясы (СОР 29) өтөт. Бул биздеги климаттык чакырыктарга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу багытында биздин чөлкөм үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», - деди «Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова.Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП жана «Юнисон Групп». Аларга Жаштарды өнүктүрүү институту, БААУга караштуу Жарандык активдүүлүк борбору жана климаттык демилгелерге жигердүү көмөктөшүп келаткан башка уюмдар сыяктуу өнөктөштөр кошулууда. Байланыш үчүн маалымат: Асель Айтбаева, «Юнисон Групптун» PR-менеджери, +996 551 61 40 58Конференция жөнүндө кыска маалымат:Борбордук Азиянын жана Ооганстандын жаштарынын регионалдык конференциясы (RCOY CA and Afghanistan 2024) – бул жаштардын климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү боюнча иш-аракеттерге катышуусун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган негизги иш-чара. Конференция климатка тиешелүү көйгөйлөрдү талкуулап, натыйжалуу чечимдерди даярдоо үчүн аянтча болуп берип, климат саясатын түзүүгө жаштардын жигердүү катышуусуна көмөктөшөт.
1 of 5
Latest Resources
1 / 11
Ресурстар
01 апрель 2022
Ресурстар
07 октябрь 2021
1 / 11